Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Кыргыз-дунган чатагы базар баасын өзгөрттү


Бишкектеги "Дордой" базары.
Бишкектеги "Дордой" базары.

Торугартта жүз берген кыргыз-дунган айдоочулар арасындагы чатак "Дордой" базарына кымбатчылык алып келди.

Жамал Акматова 13 жылдан бери Кытайдан бут кийим алып келип, "Дордой" базарында сатат. Анын ырасташынча акыркы күндөрү товарлар 150-200 сомго кымбаттаган.

- Кийимдердин, бут кийимдердин баасы күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Чындыгында эл мындай бааны көтөрө албайт. Ар бир бут кийим орточо 150 сомдон 200 сомго чейин кымбаттады. Бул дүңүнөн сатылган баа. Бизден алып саткандар дагы үстүнө кошот.

Жамал айым баалардын өсүшүнө эмне себеп болуп жатканын деле так билбейт. Бирок ал айрым товарлары Кытайдан кеч келгендиктен сатканга үлгүрбөй калган.

"Дордой" базарынын кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева баалардын өсүшүнө 7-8-октябрдагы Торугартта катталган кыргыз-дунган айдоочуларынын мушташы себеп деген пикирде. Анын ырасташынча мушташка чейин 600 машине каттаса, азыр анын 150сү эле калган:

- Жүктөр дагы деле Торугартта кармалып жатат. Кытайлардын кампасы товарларга толуп бүттү, азыр кабыл албай калышты. Дунгандар коркуп жумушка чыкпай калып, азыр 150 эле кыргыз айдоочу иштеп жатат. Мурда 600 машине каттачу. Машиненин аздыгынан жүк жеткирүү акысы 2 миң доллардан 5,5 – 6 миң долларга кымбаттады.

Кесиптик кошуундун төрайымы түзүлгөн кырдаалды курч деп баалап, өкмөттүн аракетсиздигине нааразы болду. Ал маселе чукул чечилбесе 4 млрд. сом бажы төлөмү казынага түшпөй калаарын эскертип, ишкерлердин абалын мындайча сүрөттөдү:

- Базарда сезон деген түшүнүк бар. Ишкерлер бул сезондо жакшы иштей албай калышты. Алардын көбү насыя алышат, пайыздары өсүп күйүп жатышат. Декабрдын 20сынан кийин "Дордойдо" соода деле болбойт. Ошентип сезондо иштей албай ит болдук. Эми жазга чейин соода жок. Мунун айынан товарлар да кымбаттады. Бир батиңкеге миң сом кошулду. Бул карапайым эле элдин капчыгына урулган сокку.


Экономикалык маселенин саясый өңүтү да бар


Атын атагысы келбеген жүк ташуучу фирманын ээси абалдын курчушуна кызыкдар саясый топтор болушу мүмкүн деген пикирде. Анын божомолунда, айдоочулар арасындагы чатактын 7-октябрда, Караколдогу башаламандыктарга удаа чыгышы да тегин жерден эмес. Фирма башчысы баалардын өсүшүнө ташылчу жүктүн салмагы 48 тоннадан 44 тоннага кыскарышы да кошумча болгонун мындайча түшүндүрдү:

- 1-октябрга чейин жүк ташуучу унаалар 30-31 тоннадан ташыса, азыр 25-26 тоннадан эле ташып жатышат. Ошондо жүк 15-20 пайызга азаят. Мурда миң машине менен ташычу жүккө азыр дагы 150 машине талап кылынат. Анысы аз келгенсип 500 дунгандын машинеси чыкпай жатса баа көтөрүлөт да. Анан ортодон машинеси бар кыргыздар кирди. Кыныгын алгандар үчүн бул абал абдан жагымдуу. Бир эле жолу барып, 3 каттамдын акчасын алуу кимге жакпасын?


Дунган айдоочулардын артыкчылыгы эмнеде?


Жүк ташуучу фирмалардын биринин жетекчиси, дунган улутундагы Гейсер мырза эки улут ортосуна от салгандар экономикалык кызыкчылыкты көздөгөндөр.деп ойлойт. Болбосо эки улут өкүлдөрү 20 жылга жакын эриш-аркак эле иштешип келген. Ал Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын 70 пайызга жакыны кандайча дунган улутунан болуп калганын мындайча ачыктады:

- Жүк ташыган машинелердин кожоюндары такыр башка адамдар. Баасы 60-70 миң доллар турган унааларды каалаган эле адам сатып ала албайт да. Дунгандар кытай тилин билет жана ишенимдүү келишет. Ошондуктан алар ишке көп алынат. Анан да алар ичкилик ичишпейт, жүктү тез жеткиришет. Ал эми жергиликтүү айдоочулар товар тартып келатып, аш-тойлорго кирип кетишет да, 2-3 күн кармалышат.

Бул маселе боюнча өкмөт 6-ноябрда жыйын куруп, маселени жеринен чечүү үчүн атайын жумушчу топ түздү. Жумушчу топту жетектеген вице-премьер-министр Токон Мамытов бул маселени тийиштүү жетекчилер 14-ноябрда жеринен чечээрин “Азаттыкка” кабарлады.

- Бул жерде экономикалык маселеден саясат жасагысы келгендер бар. Ошондуктан мен укук коргоо кызматтарына тапшырма бердим. Алар тийиштиги бар чагымчыл күчтөрдүн жоопкерчилигин карашат.

Дунган жана кыргыз айдоочулар арасында алгач 7-8-октябрда, кийин 21-октябрда кагылышуу болгон. Мушташта дунган айдоочулардын машинелери талкаланып, он чакты адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG