Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:38

Туристтерден быйыл 500 миллион доллар түшөбү?


Туристтердин негизги бөлүгү Ысык-Көлгө келет.

Туристтердин негизги бөлүгү Ысык-Көлгө келет.

Экономиканы тескөө министрлиги быйыл туристтер өлкөгө 500 миллион доллардай киреше калтыраарын болжоодо.

Ишкерлер болсо чек аранын катаалдыгын, жарнаманын аздыгын айтышат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасында четтен келген туристтердин үлүшү жай айларына туура келип, алар негизинен Ысык-Көлгө барышат. Аптап башталганда эле ысыктан коргологон коңшу өлкөнүн жарандары келе башташат. Көбүнчө Казакстандан келип эс алгандардын саны арбын. Орусия, Өзбекстан, Тажикстандан ж.б өлкөлөрдөн келип эс алгандар бар. Бирок былтыркы коогалаңдан кийин Өзбекстан менен чек ара катаалдашып, ишкерлер быйыл ал жактан эс алуучуларды күтпөгөнүн айтышат. Ал тургай Казакстан деле чек араны катаалдаштырып, айрым өткөрмө бекеттери азыр да жабык турат.

Андан тышкары көлгө эле эмес тоолорго, шар аккан тентек сууларга кызыккан туристтер бар. Бирок алыскы өлкөлөрдөн келген мындай туристтердин саны азырынча аз.

Экономиканы тескөө министрлиги болсо, Ысык-Көлдөгү быйылкы туристтик сезон тууралуу оптимисттик божомолдорду билдирүүдө. Министр Учкунбек Ташбаев билдиргендей, бул жылы Ысык-Көлгө 2 миллиондой турист келип, 500 миллион доллардай акча калтырып кетиши ажеп эмес.

Учурда туризм тармагын кошо тескеп аткан аталган министрликтин маалыматы боюнча, былтыр Ички дүң өнүмдөгү туризмдин үлүшү 3,8 пайызды түзгөн. Быйыл ал көрсөткүч 4,6 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.


Туристтер чек ара маселесине кыжаалат

Туристтерди кыжаалат кылып, кыргыз чегине өтүүгө тоскоол болчу чек ара маселеси да кырынан турат. Былтыркы кандуу окуялардан кийин Өзбекстан менен чек ара катуулап, Казакстан да чек арадагы өткөрмө бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн.

Кыргызстан ишкерлер биримдигинин Туризм боюнча комитетинин төрагасы Михаил Халитов “Азаттыкка” билдиргендей, туристтерди кабыл алчу ишкерлер 24 саат бою конокторду кабыл алууга даяр турушат. Бирок бийлик өкүлдөрү шарттарды түзүү боюнча кеп-сөздөрдү айтышканы менен иш жүзүндө чек арадагы маселелер, жарнамалоо сыяктуу иш-чараларга көңүл бурбай атышат:

- Эми мамлекет даярданды сезонго. Балким коопсуздук жагынан мурдагыдан көбүрөөк чара көрдү. Колунан келгенди мамлекет жасады. Бирок мамлекет андан да көбүрөөк иш жасай алат эле. Маселен, маалымат талаасында активдүү болуп, айрыкча туристтер көп келчү Казакстан, Орусияда маалыматтык иштерди жүргүзүш керек эле. Бул иш жасалган жок.

Ошондой эле Халитовдун айтымында, негизги туристтер Казакстан аркылуу келгендиктен, бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин чечүү жаатында жетиштүү аракет көрүшкөн жок. Анткени кыргыз-казак чек арасы чектелген шартта иштеп, Ысык-Көлгө кетүүчү эки өткөрмө бекети дале жабык турат. Бул өз кезегинде туристтерге ыңгайсыздыкты жаратмакчы.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкынай Абдыкарыева “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасы гана жабык турат. Эки өлкө жарандары ырасмий кайрылуудан кийин, өтө маанилүү иш-чаралар болгондо гана өткөрүлүүдө. Ал эми кыргыз-казак чек арасы учурда мурдагыдай абалга келтирилип, эки бекеттен башкасында жарандар тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Кыргыз-кытай, кыргыз-тажик чек араларында да өткөрмө бекеттери мурдагыдай эле иштөөдө.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасында 12 өткөрмө бекети бар. Алардын алтоосу эл аралык, дагы алтоосу эки тараптуу бекеттер. Азыркы тапта эл аралык өткөрмө бекеттеринен “Каркыра”, эки тараптуу бекеттерден “Кең-Булуң” бекети казак тараптын чечими боюнча жабык турат. 2009-жылы казак тарап “Күркүрө” аттуу дагы бир бекетти “максатка ылайык эмес” деп жаап салгандыктан, ал өткөрмө бекети толук жоюлуп кеткен.

Божомолдор жөндүүбү?

Туризм тармагына жооптуу мамлекеттик мекеменин болбогону да бул тармактын өнүгүшүнө тоскоол болууда. Ишкер, учурунда жоюлуп кеткен Туризм агенттигин жетектеген Турусбек Мамашевдин ырасташынча, эң оболу туруктуулук жана коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү. Андан соң министрлик же агенттик даражасындагы мекемени түзүү зарыл. Бирок жөн гана мамлекеттик кызматкерлердин санын көбөйтүп тим болбой, туризм мекемесинин аткарчу милдеттерин так аныктап, конкреттүү тапшырмаларды жүктөө керек:

- Сөз жүзүндө калбай, иш жүзүндө дагы аракет кылып, конкреттүү бир мамлекеттик орган болуп, ошол орган даңазалап, алып чыгып, бүт дүйнөдөгү жарманкелерге катышып, Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытып, бизге көңүл бурдурта турган орган керек. Ошол орган канчалык тез ачылса, ошончолук жакшы болот.

Учурда туризм тармагын Экономиканы тескөө министрлигиндеги 5 кишиден турган чакан бөлүм колго алган. Аталган бөлүмдүн жетекчиси Гүлмира Карымшакова “Азаттыкка” билдиргендей, бул чакан бөлүмдүн иши жетишсиз. Андыктан туризм менен иштеген өзүнчө орган болгону максатка ылайыктуу.

Ошондой эле анын пикиринде, “быйыл өткөн жылкыга салыштырмалуу көбүрөөк турист келет” деп божомолдоонун жөнү бар. Анткени Казакстан, Орусия тараптардан быйыл келебиз дегендер көп. Кыргыз бийлиги да туруктуулукту сактап, коопсуздукту бекемдеп, туристтердин келишине жакшы кам көрдү:

- Египет, Тунис, Сирия, Ливия, Сирия, кыскасы араб мамлекеттеринде абал оор болуп атпайбы. Ал жакта туризм токтоп калды да. Анан ал жакка көнүп калгандардын баары бизге да бурула башташты. Анан дагы бир белгилей кетчү нерсе бар, бул биздеги жайлоо туризми, кымыз менен дарылоо популярдуу болуп кетти. Көптөгөн чет элдиктер ушуга көп кызыгып атышат. Ушуга да туристтер келет, Орусиядан, Казакстандан көп келишет. Ошондуктан биз жалпылап санап көрдүк келе тургандарды. Ошондо 2 миллионго жакын турист келет.

Салыштыра кетсек, 2008-жылы өлкөгө 2 миллиондон ашык турист келип, 509 миллион доллардай каражат калтырып кетишкен. 2009-жылы болсо 2 миллиондой турист келип, 500 миллион доллардай акча коротушкан. Андыктан туруктуулук сакталса, туристтердин саны мерчемделгендей болсо, министрлик болжогондой быйыл туризм тармагындагылар жакшы киреше табышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG