Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Туристтерди күтүүгө камылга күчүндө


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Жайкы туристтик сезон жакындаганы саякатчыларды күтүп алууга жеке эс алуу жайлары болсун, ири туроператорлор болсун, кызуу даярдык көрө баштады.

Жыл сайын Ысык-Көлдө чакан эс алуу борборун иштеткен ишкер Ибрагим жайкы сезон жагымдуу болот деген ойдо. Ал даярдыкты жылдагыдан эрте баштады.

- Кудай буюрса, үмүтүбүз чоң. Жашылдандыруу, гүл тигүү иштери бүтүп калды. Эми туристтерди эле күтүп атабыз. Былтыр деле сезон жакшы болгон. Бул жакта жаңы коттедждер да курулуп жатат. А биздики эчак бүткөн да.

Ишкер быйылкы сезондогу эс алуунун баалары канча болоорун так айталбайт. Келген меймандардын агымына жараша болот экен.

- Былтыркы жылдагы баалар болуп берсе деле биз үчүн жакшы эле болот. Эң төмөнкү баа 200 сомдон башталат. Негизи биздин аймакта 800-1000ден жогору болот да.

Тамчыдагы аэропорт. Жайкысын Алматыдан түз авиакаттамдар уюштурулат.
Тамчыдагы аэропорт. Жайкысын Алматыдан түз авиакаттамдар уюштурулат.

Саякатчылар көп болот деп тилек кылып жаткандардын катарында туроператорлор да бар. Калаадагы туристик компаниянын кызматкери Наргиза Ибраимованын айтымында, жаз келээри менен эле жолдомолор сатыла баштаган.

- Азыр бизге телефон чалып сурап атышат. Көлдө баалар кандай, транспорт менен камсыздап бересиңерби деп, тактап, сурагандар болууда.

Айрыкча КМШ аймагынан, алыскы чет өлкөлөрдөн келебиз деген коноктор Кыргызстандын булуң-бурчтарын кыдырып, кооз жаратылышын көрүүгө куштар. Туристтик компаниянын кызматкери Гүлия Шалбаева жайкысын көл жээгинде эле эмес, жайлоолордо да кымыз ичип, тоого чыгууну каалагандар көп болоорун айтты. ​

- Заказдар эбак түшкөн. Нарындан баштап, Чүй, Кегети, Жала-Абадга чейин жиберебиз. Жаңгак токоюна барабыз дешсе, ал жакка да барышат. Керек болсо биз шырдак шоу көрсөтүп, мастер класс өткөрүүнү да жадыбалга киргизгенбиз.

Өткөн жылы жайда Кыргызстанга 400 миңден ашык турист келген. Быйыл болсо жарым миллиондон ашык чет элдик меймандардын келиши болжолдонууда.

Кыргызстанга келген чет элдик туристтер тоо туризмине кызыгышат
Кыргызстанга келген чет элдик туристтер тоо туризмине кызыгышат

Чет жерден келген конокторду тосуп алган менен, аларга шарт түзүп берүү жагы дале аксап жатканын туризм тармагы боюнча адис Гүлмира Карымшакова белгилейт. Анын айтымында, туризм саясатынын солгундугунан тейлөө кызматтарынын деңгээли жогорулабай жатат:

- Бул көп жылдан бери келе жаткан проблема. Сапат жагы эл аралык деңгээлге жете элек. Мыйзам чегинде туристтик ишканаларга катуу талаптарды коюу керек. Бул боюнча семинар өткөрүлгөнү менен жыйынтык чыкпай жатат.

Туризм департаментинин өкүлү Кыял Кенжематова былтыр өлкө пайда көргөн 200 миллион сом бул жылы эки эсе жогорулашы мүмкүн дейт. Тейлөөнүн деңгээли болсо, туристтин каалоосуна жана капчыгына жараша болоорун айткан Кенжематова департамент баалары арзан эс алуу жайларга кепилдик бере албасын кошумчалады.

- Биз билебиз негизи эле тейлөө бир аз начарыраак. Бүт эле азыр жеке эс алуучу жайлар болуп калбадыбы. Биз аларды башкара албайбыз.

Бир гана чет элдик туристтерди тосуу, күтүп алуу эмес, кыргызстандыктардын өздөрүн тартуу жаатында да иш чабал. Ошентсе да акыркы кездери ички туризм жандана баштаганын эксперттер белгилешет.

XS
SM
MD
LG