Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Катар-катар фестивалдардан кандай пайда?


Ысык-Көлдөгү "Карагат" фестивалынын катышуучулары, август, 2013.
Ысык-Көлдөгү "Карагат" фестивалынын катышуучулары, август, 2013.

“Кыргызстанда биринчи жолу” деген ураан алдында өткөн фестивалдардан кандай пайда болууда?

Түркиялык турист Лейла Терякиоглу Кыргызстанга биринчи жолу келген. Ал Караколду кыдырып жүргөн жеринен досторунан “Карагат” фестивалы тууралуу угуп, Бөкөнбаев айылына атайын келиптир. Ал көпчүлүк түрктөрдөн айырмаланып жылкы этин кыргыздардай эле жейт экен. Лейла Ысык-Көлгө суктануусун жашыра албады.

- Кыргыз эли абдан меймандос экен. Бир жерге бара албай жатсаң машинеси менен жеткирип коюшат. Анан да Ысык-Көл туристтер үчүн жаратылыш жагынан да, каражат жагынан да ыңгайлуу экен. Мага Ысык-Көл абдан жакты. Эч кандай маселе жаралган жок. Кымыз, айран ичтим. Эми минтип карагат даамын татып отурам.

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан мөмө-жемиштердин “Карагат” фестивалында жүргөн Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев Ысык-Көлдө өтүп жаткан ар кандай фестивалдар туристтерди тартууга чоң салым кошуп жатат деген ойдо.

Ысык-Көлдө өткөн "Карагат" фестивалы, 10-август, 2013-жыл
Ысык-Көлдө өткөн "Карагат" фестивалы, 10-август, 2013-жыл
- Мына “Карагат” фестивалына да биртоп туристтер келишти. 18-августта Сырт өрөөнүндө Таштанбек Акматовдун 75 жылдыгын белгилейбиз. 22-23-августта “Кийиз дүйнө” фестивалы өтөт. Ушундай иш-чаралар туристтерди өзүнө тартып, Ысык-Көлдүн кооз жерлерин көрсөтүүгө шарт түзөт.

“Кыргызстанда өтүп жаткан кышкы жана жайкы фестивалдар туристтерди тартууга канчалык салым кошуп жатат?” деген суроо менен маданият, туризм жана маалымат министри Султан Раевге кайрылдык.

- “Мейкин Азия” эл аралык ыр сынагында казак ырчысы жеңишке жетишкенгеби, айтор быйыл Казакстандан туристтер көп келип жатат. “Оймо”, “Карагат” фестивалдарына, веложарыштарга катышкандар да көп. Бишкекте да автобус-автобус болуп жүргөн европалыктар көбөйдү. Бир сөз менен айтканда быйылкы иш-чаралар жакшы эле резонанс жаратып жатат.

Чолпон-Атада өткөн аткаруучулардын “Мейкин Азия” эл аралык фестивалы уюштуруу деңгээли төмөн делип коомчулук тарабынан сынга дуушар болгон.

Султан Раев “Деңгээли начар фестивалдар туристтерди ирээнжитип жаткан жокпу?” деген сурообузга минтип жооп узатты.

- Кайсы былжыраган айтып жатат ушуну? Андай болушу мүмкүн эмес. Кыргызда колунан эч нерсе келбей эле былжырай бергендер көп да. “Мейкин Азияга” 17 мамлекеттен катышуучу келип жатса, 35 чет өлкөгө түз эфирде көрсөтүлүп жатса эмнеге үркүтмөк эле?

Буга чейин Ысык-Көлдө өрүк фестивалы өткөн
Буга чейин Ысык-Көлдө өрүк фестивалы өткөн
Кыргызстанда ар кандай фестивалдарда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө, сатыкка коюлуп келет. Ош базарда улуттук буюм-тайымдарды саткан Рима Исакова быйыл туристтердин аздыгына, соода болбой жатканына капа:

- Жылдагыдан быйыл туристтер азыраак келип жатат. Соодабыз деле жүрүшкөн жок. Туристтер колго жасалган буюмдарды көп алышат. Бизде сувенирлер арзан экенин алар деле билип калышты. Бул жактагы эки миң сомдук шырдакты дүр-дүнүйө дүкөндөгүлөр (ЦУМ) беш миң сомдон сатышат.

Башкалаадагы дүр-дүнүйө дүкөндө 32 жылдан бери белек-бечкек сатып иштеген Салима Чытырбаева азыркы туристтер базардагыдай соодалашып калганын белгилеп, буларга токтолду:

- Немистер жыгач буюмдарга кызыгат. Француздар менен америкалыктар болсо кийизден жасалган буюмдарды качырат. Айрыкча узуну бир жарым, эни жарым метр келген шырдактарды көп алышат. Алар түстүү шырдак алышпайт, дайыма табигый өңдү тандашат. Анан да азыркы туристтер соодалашып калышкан. "Бир аз түшпөйсүңбү?" дегенди аларга Ош базары үйрөттү.

Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” фестивалынын уюштуруучусу Динара Чочунбаева жайкы сезонго карата уюштурулган иш-чараларга ар бир турист чөнтөгүнөн 20 миңден 120 миң сомго чейин акча коротот деп ишендирди.

Жети-Өгүз, 1-июнь, 2013-жыл
Жети-Өгүз, 1-июнь, 2013-жыл
- Ар кандай иш-чаралар экономикалык жактан абдан эле пайда алып келет. Биздин иликтөөбүз боюнча ар бир турист биздеги эс алуусуна 20 миңден 120 миң сомго чейин сарптайт экен. Ушунун баары эле элдин чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. “Оймо” фестивалы мына быйыл 8-жолу өттү. Ага да көптөгөн чет өлкөлөрдөн эс алуучулар келишип, үй-бүлөсү менен катышкан.

Жыл башынан бери өлкөгө канча турист келгенин жана алардан канча пайда түшкөнүн так аныктоого мүмкүн болгон жок. Экономика жана маданият министрликтери муну сезондун жыйынтыгы чыгарыла электиги менен түшүндүрүштү.

Туризм департаментинин директору Данияр Казаковдун айтымында, былтыр өлкөгө жалпысынан 3 миллион 346 миң турист келсе, быйыл алардын саны 10-15 пайызга көп. Кыргызстан былтыр туризмден 342 миллион киреше тапкан.
XS
SM
MD
LG