Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык убакыт жүрө турган чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.

Жаңы мыйзамдагы бул жобо коомчулукта талкуу жаратты жана туристтердин саны азаят, коррупция көбөйөт, кыргыз милициясы чет өлкөлүк жарандарды ого бетет жүдөтө баштайт деген кооптонуу айтыла баштады. Демилгечилер болсо өзгөртүүлөрдүн негизги себебин улуттук коопсуздук менен түшүндүрүп жатат.

Совет Качкынбаев өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү туризм тармагын иликтеп жүрөт. Анын пикиринде, Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү түрдө каттоого алуу талабы эң ириде туристтик тармакка сокку урат жана саякаттап келген жарандарды качырат:

- Эми каттоого ала турган жайларда узун кезек пайда боло баштайт. Кыргыз тилин, орус тилин билбеген чет өлкөлүктөр мындай жайларда бир канча саат туруп, ирээнжий башташат. Бизде так иштебей түшкү тамакка деп жарым саат эрте эле жаап кеткен учурлар да болот. Мунун аягы жаман эле болот. Биздин өкмөттүк институттар азыркы функцияларын эптей албай жатып, дагы ашыкча иштерди алып, өзүнүн кагаз иштерин, түйшүктү көбөйтүп жатат. Бизде иш көбөйгөн менен адам, штат көбөйбөйт да, бюджет аз. Анан 1-1,5 жылдан кийин чет өлкөлүктөрдүн кайсы өлкөдө кантип саякаттаса болот деп пикирлерди жазган, ой бөлүшкөн форумдарда, китептерде Кыргызстанда визасыз каттам болгону менен ушундай түйшүгү бар дегендей терс маалыматтар жазыла баштайт.

Жогорку Кеңеш “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду жайында тыныгууга кетер алдында кабыл алган эле. Өткөн айда бул документке президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык, эми беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран каттоодон өтпөсө 10 миң сом айып пул төлөйт. Азырынча Орусиянын гана жарандары бир айга чейин каттоосуз жүрө алат.

Мыйзамдын авторлорунун бири - Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев. Анын түшүндүрмөсү боюнча чет өлкөлүк жарандарды көзөмөлдөө жана каттоо боюнча чечим кабыл алуу өкмөткө жүктөлгөн:

- Бул жерде көп нерсени өкмөт аныктайт деп паритеттик негизде ыйгарым укук өкмөткө берилип жатат. Мисалы, Орусия бизге жети күн берип, өздөрү 90 күн жүрчү. Азыр эми эки өлкөнүн жарандары 30 күн каттоосуз жүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен ушундай болгону жатат. Эми биз мыйзамга киргизген өзгөртүү боюнча өкмөт өз ара мамилелер жана теңдештик принцибин эске алып кайсы мамлекеттин жарандарына кандай тартип болоорун аныктайт. Өкмөттүн ушундай ыйгарым укугу бар.

Кыргызстан визасыз каттамдан баш тартабы?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз режимди кайра кароону сунушташууда.

Мыйзамдын дагы бир автору, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов болсо чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү талабын улуттук коопсуздук менен байланыштырып жатат:

- Бул маселе боюнча коомчулукта ача пикир жараларын билгенбиз. Бирок бизде эле эмес, дээрлик бардык мамлекеттерде терроризм, экстремизм коркунучу көбөйдү. Мындан улам биз чет өлкөлүк жарандарды каттоо талабын киргизүүнү туура деп көрүп жатабыз. Биз бул жобону киргизерден мурун укук коргоо органдары, дагы башка мамлекеттик мекемелер менен да кеңештик. Менимче мунун туризмге залакасы деле тийбейт. Бул түздөн түз улуттук коопсуздук менен гана байланыштуу. Мындан аз эле жыл мурун биз терроризм коопсуздугунан кабарыбыз жок эле, азыр болсо коркунуч көбөйдү. Азыр ушундай чараларды алдын ала көрбөсөк кийин өкүнүп калабыз. Укук коргоо органдары каттоону карап, текшергенге мүмкүнчүлүк болсун дедик.

Анткен менен мурунку экономика министри, туризм боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жаңы жобо-эрежеден кооптонуп жатат. Анын баамында, эми коррупция көбөйүп, буга чейинки жетишкендиктерге көлөкө түшөт:

- Мындай каттоонун эч кандай зарылдыгы жок болчу. Эгерде өкмөт ар бир келген конокту эсепке алам десе аны чек арадан өтүп жатканда эле каттай алат. Анан атайын бир жерге барсын, кайсы бир кагаздарды толтурсун, мөөр бастырсын, акча төлөсүн деген талап меймандостугубузду жана 20 жылдан берки аракетибиздин баарын жокко чыгарат. Туристтердин санын кескин азайтат. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери бардык тармакта каатчылык болгону менен туризм тармагы жанданып, бизге келип-кеткен коноктордун ордун саны көбөйө баштаган. Эми мындай талап менен бул тармакты дагы аксатып салабыз. Ушуну менен оокат кылып жаткан элдин жолун бууп жатабыз.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери 60тан ашык өлкөгө визасыз каттам киргизген. Бул демилгеге башынан эле күч органдары каршы чыгып келген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG