Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Түркиядагы жагдайдан улам орусиялык туристтер Азиянын чыгышында эс алары күтүлүүдө. Кыргызстандыктар алардын бир бөлүгүн тартып калууга ашыгып жатат.

Орусиялыктар быйыл көбүнчө Азия же батыштагы Греция, Кипр, Болгарияга барат деп туризм тармагында иштегендер болжолдошууда. Буга Түркиядагы жагдай, орус-түрк мамилесинин солгундашы, Орусиядагы кризистен улам элдин капчыгы жукарышы себеп болду.

Орусиялык туроператорлор бирикмесинин маалыматына караганда, айдан айга Түркияга, Египетке баргысы келген орусиялыктардын саны азаюуда. Быйыл мартта өткөн жылга салыштырмалуу Түркияга баш баккан орусиялыктар 60% жакын азайып кеткен.

Орус бийлиги да Түркиядагы жардырууларга шылтоолоп, жарандарын ал жакка барбай турууга чакырып жатышат.

Туризмдин чордону эсептелген Түркиядагы кырдаалдын курчушу ал өлкөдөн конокторду качырып жаткандай. Акыркы үч айда туристтик агым өткөн үч айга салыштырмалуу 16,5% түшкөн. Ушундан улам айрым кыргызстандык туришкерлер чет элдиктерди Кыргызстанга көбүрөөк тартып калуу камын көрүүдө.

Босогодон бозорткон көрүнүштөр

Москвада иштеген Темирлан Бекботоев туристтик ишкана ачканы турат. Ал баасы арзан болсо эс алуучулардын орто катмарын Кыргызстанга тартса болоруна ишенет. Бирок башталганда эле көйгөйлөр чыкты:

- Май айын ала турган болсок, эки тарапка жол кире 15-17 миң рублге чейин болот экен. Жайында дагы көтөрүлүп кетет. Бир жумага эсептегенде атаандаштыкка туруштук берүү үчүн жол кире 14-15 миң болсо, эс алуу бир жумага 24 миң болот. Бул башка өлкөлөргө караганда бир аз арзан болот. Баасына жараша бизге келчү туристтер деле табылат.

Кыргызстанда бардык авиакомпаниялар жеке менчик. Азыр Темирлан алар менен келишип, билет баасын төмөндөтүүнүн аракетин көрүүдө. Бирок баа арзан болгону менен, тазалык, даараткана өңдүү акчага байланышпаган көйгөйлөр дале көп.

Буга чейин Түркияда гана иш алып барган “Керемет тур” ишканасынын жетекчиси Нурлан Мусаев Кыргызстанда да иш баштоону чечти. Ал Түркияга баргысы келбеген эстониялык туристтер тобун Кыргызстанга алып келгенин, бирок босогодон эле бозорткон окуяга туш болгонун белгиледи:

- Биз көп агымга даяр эмес экенибизди көрдүм. "Манас" аэропортунун паспорт көзөмөл бөлүмүндө 1-1,5 сааттай күтүп калдык. Анткени үч самолет удаа келип конду, анда ашып кетсе 400 киши болсо керек. Ошончо кишини чек арачылар тейлеп, эптей албай калышты. Ушул үч самолет кишиге эле аэропортубуз кыйналып калды. Туризм - бүтүндөй система. Ал жерде туроператорлор эле жакшы иштеши керек эмес. Ар кимдин салымы болушу зарыл да.

Ошентип аэропорттон өтүп, конокторун Ысык-Көлгө алып барат. Бирок коноктору көлдө түнөбөй да коюшуптур:

- Деңгээли түзүк төрт-беш пансионат бар экен. Алар деле сезондо эки ай иштешет экен, калган убакта жабык турат. Эстондор "көлгө түшпөйбүз" деп дароо эле айтты. Алар Антальянын өнүккөн отелдериндей элестетип алышыптыр. Аттарын айтпай эле коеюн, кээ бир мейманканаларды бир чакырымдан көрүп эле кирбей эле коёлу дешти. Дагы бир мейманкананын короосуна кирип кайра чыгышты.

Нурлан Мусаев конокторун Бишкектеги мейманканага жаткырып, эртеси узатып жиберген. Өзү айткан деңгээли түзүк пансионаттардын баасы Түркиядагы айрым мейманканалардан да кымбат болуп чыкканын кошумчалады.

Маалымат - чоң күч

Турист тартуудагы эң негизги факторлордун бири - жарнама. Жайкы сезон жакын калганы менен Кыргызстанда быйыл кайсы жерде кандай туришкана иштээри тууралуу маалыматтар жетиштүү деп айтуу кыйын. Муну орусиялык туркомпаниялардын сайттарына киргенде байкадык. Орусиялык отуздан ашуун туркомпанияны бириктирген туроператорлор ассоциациясында Өзбекстан, Казакстан, Армения сыяктуу мурдагы союздаштарга билет саткандар көп болгону менен, Кыргызстанга турларды саткан бир гана ишкананы таптык.

АЛЕАН туристтик агенттигинин пиар-директору Елена Захарова акыркы убакта Кыргызстанга кызыгуу артып жатканы менен, саны аз болгонун жашырган жок:

- Эң активдүү туристтик агым - Абхазия, Грузия, Армения жана Казакстан. Акыркы убактарда өзгөчө Өзбекстан менен Кыргызстанга кызыгуу күч алды. Бирок көп деп айта албайбыз. Кыргызстан багыты Орусияда популярдуу эмес. Массалык маалымат каражаттары, жергиликтүү турагенттер муну колго алышы керек. Алардан Кыргызстандагы туризм тууралуу дээрлик маалымат укпайбыз. Жарнама, таанытуу багытында иш-чаралар өтсө кызыгуу азыркыдан да көп болмок.

Елена Захарованын быйыл күздө Кыргызстанда Көчмөндөр оюндары өтөрүнөн да кабары жок экен.

Туризм Кыргызстан экономикасына жыл сайын 4-5% гана пайда алып келет. Бул мамлекет үчүн чоң каражат эмес. Ошол эле учурда жеке сектордун ири таянычы. Жумушчу орундар түзүлүп, соода сатык артып, бүтүндөй аймактагы үй-бүлөлөрдүн бир жылдык бюджетин толтурат. Ушуну эске алган туризм адистери быйыл көбөйүшү күтүлүп жаткан конокторду кийинки жылдары да кайрылып келе тургандай тосуп алуу негизги маселе экенин баса айтышат.

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон 7-майда ачылат. Ал негизинен Ысык-Көл менен байланыштуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG