Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Мурзалиев: Жолдо бөөдө ажал тапкандар көбөйдү


Кыргызстан унаа кырсыгына кабылып, мерт кеткен адамдардын саны боюнча мурдагы СССРге кирген 15 өлкөнүн ичинен 3-орунду ээледи. Мындай маалыматты Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тараткан эле.

Кыргызстандагы Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Кылычбек Мурзалиев "Азаттыкка" маек курду.

- Эгерде ушул көрсөткүчтү алып карасак, жол кырсыктарынын катталышына себеп болгон көптөгөн жагдайлар бар. Биринчиден, биздин жолдор талапка жооп бербейт. Өзүңөр билесиңер, көпчүлүгү талкаланган абалда.

Экинчиден, айдоочулардын тажрыйбасынын аздыгы болушу мүмкүн. Жол кырсыгы көпчүлүк учурда кечкисин катталат. Бул көчөлөрдө жарыктардын жоктугунан улам. Мындан сырткары дагы көптөгөн жагдайлар бар.

- Жол кырсыгына көбүнчө айдоочулук күбөлүктү атайын мектепте окубай туруп эле сатып алышат деген кептер бар.

- Айдоочулук күбөлүктү берүү бизге карабай калган. Бул азыр департамент болуп мамлекеттик каттоо кызматына өтүп калган.

Эми муну кол менен кармап албагандан кийин ким сатып алды, ким окуп алды деп айтыш кыйын. Окуп алгандар деле жаңы рулга отуруп жатканда тажрыйбасы аз болот да, айрым унаа тыгындарында, же кээ бир айдоочулар качырып айдаганда көзөмөлдү жоготуп алышат. Демек окуп алгандар деле жол кырсыгына кабылып калышы ыктымал. Кээде көп жылдан берки айдоочулук тажрыйбасы барлар деле андайга кабылат. Бул деген кырсык.

- Темир тулпарлар менен байланышкан кырсыкты азайтуу, алдын алуу үчүн силерде кандай аракеттер болуп жатат?

- Мисалга, жол кырсыгы дегенде, аны биздин кызмат менен тикелей байлап салган болбойт. Бул жалпы коомчулукту ойлондуруш керек. Анткени жолдо жалпы коомчулук жүрөт, жарандар жүрөт.

Жол кыймылынын эрежесинде айдоочу да, жөө жүргүнчү да жол кыймылынын катышуучусу деп так жазылган. Жол кырсыктарынын санын азайтыш үчүн жолдо жүргөн адамдардын, жарандардын жолдо жүрүү маданиятын көтөрүш керек. Ошондой болгондо жол кырсыктарынын саны кескин түшөт деген ойдомун.

- Коомчулукта жол коопсуздугунун кызматкерлери, же болбосо МАИчилер деп койолу, пара алуучулардын рейтингинде алдыңкы сапта турушат, мына ошондон улам да жол кырсыктары көбөйүүдө деген пикир күч.

- “Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа” дейт. Эмне себептен ошол айдоочулар жол күзөтчүлөрүнө пара беришет? Ошол айдоочу жол эрежесин кайсы бир себептен улам бузса эмнеге инспекторго акча берет? Андан көрө чек алып, кассага төлөсүн. Ал өкмөттүн чөнтөгүнө, бюджетке түшүп атпайбы. Ошол эле акча кайра пенсия, пособие болуп өзүнө кайтып келет да. Ушул жагын эске алышпайт. Эми айдоочуларды сындай бергенде деле болбойт бир чети.

- Сиздер жакында видеокамералар аркылуу көзөмөлдөө ыкмасын киргизип жатыпсыздар.Ушул аракеттериңиздер канчалык деңгээлде натыйжасын берет деген үмүт бар?

- Мисалы, экономикасы, маданияты өнүккөн Европа, Азия өлкөлөрүндө бул тажрыйба көптөн бери колдонулуп келе жатат. Камера деген далил болуп калат. Мисалы, инспектор көчөдө жол эрежесин бузган айдоочуну көрүп калды дейли. Айдоочулардын баары далилди сурайт, “кана далилиң, мен эрежени бузган жокмун” дейт. Эгерде видео көзөмөлдү киргизе турган болсок, эреже бузууларды далилдөөгө жеңил болмок.

XS
SM
MD
LG