Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:22

Аксел Алайга жетти


Акселсин шлемун кийип, "Уралын" минип турган Чоң-Алайдын балдары.

Акселсин шлемун кийип, "Уралын" минип турган Чоң-Алайдын балдары.

Биринчи анын мотоциклин көргөнбүз. Батуминин каптал көчөсүндө эки минибусунун артында бешик арабасы бар жашыл «Урал» турган экен. Ээси менен ал «Уралды» чукулап атканда тааныштык.

Уралына» суктанып сураган элге «Айтсамбы, айтпасамбы?» дегендей, адамдарды сынап карап, анан бир-эки ооз бирдеме деген болот.

Жарытпаган сөзүнөн өзү франсуз, аты Аксел, «Уралды» Франциядан 8 миң еврого алып, ошондон бери тээп келатканын, Батумидеги Азербайжандын консулатынан виза күтүп жатканын гана билдик.

«Азербайжандан ары Иранга өтүп кетсе» керек деп ойлодум.

Сүйлөбөсө жабышмак белек. Бир мейманканадабыз, ары-бери өткөндө ооз учунан саламдашканы менен, биз да байкамаксанга салабыз. Качан болсо короодо же чайканада менин силер менен ишим жок дегендей, дайым кыйгачтап, китеп карап, же гезит тиктеп отурганы отурган.

Батуми «СССРдин табарсыгы болгон» дегендей бар экен, күндө себелеп жаан жаайт. Эс алуучулардын бири келсе, бири кетет. Баягы Аксел гана отурганы отурган.

Бизге да жолго чыгууга мезгил жетти. Бөлмөлөрүбүздү жыйнап, таштандыларды таштап, өзгөчө сөзмөр, меймандос Русико менен атайын барып коштоштум. Чыгып баратсак, баягы «Уралдын» ээси короодо эшиктин алдындагы үстөлдө карта карап отуруптур.

«Эми жакшы тургула» десем, «Кеттиңерби?» деп калды. Карасам, Борбор Азиянын картасын карап жатыптыр.

«Кеттик, жакшы тургула. Айтмакчы, мына бул менин айылым» деп, Ала-Тоонун Кытай менен чек арасындагы бир чекитти нукуп көрсөттүм.

Аксел жандана түшүп, «Мен берки Ысык-Көл тарабында болгом» деди.

- Мотоцикл менен бардыңбы?

- Ооба, биринчи Тажикстанга, Мургабга барган элем. Быйыл да ошол жакка кайра баратам.

Аксел дагы жобурап, быйыл Өзбекстан аркылуу өтүп, анан Ошко бараарын, ал жактан Мургабга өтүп кетээрин айтты.

- Мургабга мен да баргам,- дедим сыймыктануу менен. Ананчы, муктаж иши болбосо деле Мургабды түрө кыдыргандар жалаң мына ушул Акселге окшогон чет элдик туристтер.

Ал жакта жалпы тааныштарыбыз да бар экен, бирок сүрүштүрө келсек, аттары эле уйкаш болуп чыкты.

- А, ооба, Сүйүнтбекти мен да билем, - дедим. "Памир үйүн" курган франциялык уюмда иштейт эмеспи.

- Жок, ал Сүйүнтбек Аличордо жашайт, мал багат...

Анан мен чек аранын ар жагында, Кашкар тарапта да, Турпанда да болгонумду айтсам, Аксел ого бетер таң калды. Кыргызстанда көрө турган жерлерди да айтып бердим.

"Азаттыктын" визиткасын колуна карматып, «Ушуну көрсөтсөң, президенттин да эшиги сага ачылат» деп койдум.

Бул элдер ишенчээк келет эмеспи, чын эле экен деп ишенип калды.

Ошону менен Аксел кала берген. Бир канча убакыт өткөндөн кийин «Мен баягы Батумиде жолуккан мотоцикл минген французмун, Өзбекстанда жүрөм, бул жак укмуш, иш көп болуп атат. Тажикстанга баралбай калдым, бирок Кыргызстанга барам. Баягы силердин айылдын жанындагы кербен сарайдын аты эмне эле?» деп жазып жибериптир.

Ошону менен кийин «Ошко эми келдим, Чоң-Алайга баратам» деп жазды. «Ал жакта эмне бар?» десем, «Жөн эле, барып, көрүп коёюн» деди.

Мына эми Чоң-Алайдан үч сүрөт жибериптир. Сиз да карап коюңуз. Анан Таш-Рабаттан бешик арабачан жашыл «Урал» минген чет элдик жигитти көрсөңүз, «Хелло Аксел, хау а ю» деп койсоңуз, «Бул "Азаттык" деген чын эле кыйын турбайбы?!» деп расса таң калат болуш керек.


Чоңалайлык аял, Акселдин сүрөтү.

Чоңалайлык аял, Акселдин сүрөтү.


Чоң-Алайдын жайлоосу, Акселдин сүрөтү

Чоң-Алайдын жайлоосу, Акселдин сүрөтү

P.S. Бул жерде Акселдин блогу (французча). Азербайжандан, Өзбекстандан, Оштон сонун сүрөттөр бар.
XS
SM
MD
LG