Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Шаар бийлиги эскирип куурап калган, суу жетпей соолуган бактарды кыйганы жатат. Бул арада жергиликтүүлөр шаарда курулуш күчөгөнү бактарды атайын соолутуп жок кылуу аракеттери күч алып баратканын эскертүүдө.

Экологдор шаар бийлиги жараксыз бактарды кыйып, көчөт тигип коюу менен гана чектелип, аларга жакшы кам көрбөгөндүктөн, Бишкектин “Жашыл шаар” аты өчүп баратканын белгилешет.

Каралбай калган бак-дарак

Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, “Жашылдандыруу” бирикмеси шаардын төрт районунун агрономдору менен бирдикте бул күндөрү бак-дарактардын санитардык абалын карап чыгып, 1461 даана даракты кыя турган болду. Алардын ичинен 540ы көп жылдык карыган, 173ү авариялык абал жаратуучу жана 748и суу жетпей куурап калган бак-дарактар.

Шаар көчөлөрүндөгү жапжашыл бактардын соолуп жатышынын себебин “Жашылдандыруу” бирикмесинин бак-дарактарды кыюу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев минтип түшүндүрдү.

- Союз учурунда олтургузулган нормалар сакталбай калгандан болууда. Мунун баары имараттын, тротуарлардын тушунда өскөн бактар болуп жатат. Кээ бир жерлерде суу түтүктөрү жок болуп, суу келбей калгандыктан быйыл соолуган бактардын саны өстү. Жыйырма жыл ичинде шаардын бактарына дээрлик дарылоо иштери жүргөн эмес. Кийинки эки жылда иш башталды. Ошондуктан ооруган бактардын саны көбөйүп, көп бактар ошонун эсебинен кургап жатат.

Соңку кездери шаарда турак-жай курулуштары күчөгөндүктөн, чын эле соолуп, ыңгайсыздыкты жараткан бактар эмес эле, жапжашыл бактар кыйылып, алардын ордуна бат эле үй, мечит, кафелер түшүп калып жатканы коомчулукта айтып эле жүрөт.

Бишкектин тургуну Мунара Абдрашитова заңгыраган имараттарды салабыз деп эле бактарды кыя берсек, Бишкектин “жашыл шаар” аты өчөт деп кооптонот:

- Шаардын четинде Асанбай тарапка бара жаткан жерде жакшынакай бактар турчу. Булар жолдун көркүн ачаар эле. Аларды деле “булар суу жетпей куурап жатат” деп четинен кыйып эле кафе сала башташты, менчик үйлөр салына баштады. Шаардын ичиндеги жолдордо соолуган бактар турат чындыгында, эмнеге анда ошолорду кыйбайт?

Соңку кездери элдин сынынан оолак болуш үчүн көз жазгырып, тымызын эле бакты соолуду атты кылып жер бошотуп алмай ыкмасы дагы пайда болгону тууралуу Мунара айым буларды айтып берди:

- Кээ бир бактарды жасалма жол менен кууратышат. Түбүнө керосин, солярка төгүп койсо эле ал бак өспөй, ооруп саргарып жатып өлүп калат экен. Бирөө жерди менчикке алат. Анан ал жерде жашагандар курулушка каршы чыгып, бактарды кыйдырбайбыз деп чыгышат. Паркты бербейбиз деп чыгышат. Анан эле кийин бактар куурап, анан жер ээлери келип “куурап калды” деген шылтоо менен курулушун баштай берет.

Жаныбек Жумалиев дагы мындай карасанатайлыктар туурасында кулагы чалып жүргөнүн айтып, бирок шаарда бактар ушундан улам куурап жатат деген ойду четке кагат. Анын айтымында, курулушка уруксат берилген жер тилкелеринде бактар кыйыла турган болсо, мыйзамдуу түрдө жер ээси ар бир кыйылган бак үчүн 8-9 миң сом мамлекетке төлөп берет.

Суу - шылтоого шынаабы?

Эколог Алмагүл Кендирбаева шаар бийлигинин көңүлүн көчө жээктей өскөн бактардын тегерегин асфальттап же брусчаткалап койгон учурларга бургусу келет. Анткени айланасы цемент менен курчалган бактын тамыры дем албай калып, ал ичтен чирип, көңдөй бакка айланат. Жакшынакай өсүп жаткан бакты чиритип, аны кыйып, кайра көчөт олтургузуп убара тартканча ага жакшыраак кам көрсө натыйжалуу болмок дейт эколог:

- Көчөт олтургузулду деген эле иш жүрүп жатат. Бирок сугарылбаса, жакшылап багылбаса бул деген талаага кеткен эмгек дегенди эле түшүндүрөт. Эгерде жетекчилер жакшы иштесе суу деле табылмак. Суу деле Ала-Арчадан, Аламүдүн, БЧК каналынан келип эле жатпайбы. Эптеп суу менен камсыз кылса болот эле да.

Жаныбаек Жумалиев жыл сайын шаар райондоруна бекер берилген көчөттөр буга чейин туура эмес жерлерге олтургузулуп, ал өспөй эле соолуп калган учурлар болгонун моюнга алды. Бирок акыркы эки жыл ичинде тигилген көчөттү көзөмөлдөө иштери жолго коюлуп келе жатканын билдирди:

- Ар бир районго жазында көчөт таратылат. Райондун ичинен алар жергиликтүү территориалдык башкармалыктарга бөлүнүп берилет. Алар аны бош турган эле жерлерге олтурузуп салышат. Бош турган жерлер норма боюнча туура келбеши мүмкүн. Балким ал жердин астынан коммуникация өтөт. Экинчиден такыр эле суу келбеген жерлерге олтургузуп коёт. Акыркы жылдары көчөт кайда олтургузулары көзөмөлдөнүп берилип жатат. Суу келеби-жокпу карап жатабыз.

Бишкекте жыл сайын 500-600 бак кыйылат. Булар негизинен 50-60-жылдары олтургузулуп, карып өспөй, куурап калган бактар. Быйыл соолуган бактарды кошкондо 1 жарым миңге чукул бак 14-июндан тарта кыйыла баштайт. Ал эми өткөн жазда Бишкектин төрт районуна жаңы 32 миң көчөт таратылган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG