Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:52

22-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искак Масалиев менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыковго карата козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралды. Алар "массалык башаламандык уюштурган" жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" деп айыпталууда.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 27 күбөнүн бешөө суралды. Күбө катары “Ак Жол” партиясынан депутаттар Айнура Турдубаева, Роза Абдыраимова, Нурлан Койчубаков жана "Коммунисттер" партиясынан Николай Байло менен Шарипа Садыбакасова көрсөтмө беришти. Алар жалпысынан айыпталуучулардын негизсиз жоопко тартылып жатканын белгилешти.

2010-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "белгисиз адамдар менен 12-13-майда Кыргызстандын аймагында массалык башаламандыкты пландаштырып, уюштурган" деген айып менен Үсөн Сыдыковго кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Үсөн Сыдыков "Коммунисттер" партиясынын лидери Искак Масалиев, “акжолчу” 40 депутат жана башка адамдар менен сүйлөшүп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында башаламандык уюштуруу менен бийлик өкүлдөрүн барымтага алып, саясий талаптарды коюу аракеттери аныкталган.

УКМКга ылайык, алар өлкөдөгү саясий башаламандыкты пайдаланып Искак Масалиевди Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо менен бийликти басып алууга аракет кылышкан. Мурдагы депутат Искак Масалиев мындай айыптарды негизсиз деп четке кагып, кылмыш ишин козгоо себептери тууралуу буларды айтты.

И. Масалиев

- Себеп жөнөкөй эле болчу. 13-майда элүүгө жакын депутат биздин офисте жыйналып, пикир алмашып отурганбыз. Эгерде ошол мезгилде кокустан түштүктө болобу, түндүктө болобу кандайдыр бир окуялар болуп калса бул мамлекетте бир гана легитимдүү орган Жогорку Кеңеш болчу. Ошол себептен убактылуу өкмөт Жогорку Кеңешти таратыш керек болчу, башкача айтканда качырыш керек болчу. Ал үчүн ойлонуп, Масалиевди камап койгон. Масалиев төрага болгондон кийин анын тегерегинде депутаттар чогулуп турмак. Мына ошого жол бербейбиз деген аракеттин негизинде мени камап коюшкан.

13-майда Ош, Жалал-Абад, Баткенде башаламандык болуп, облустук администрациялар басып алынып, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү И.Исаковду, А.Бекназаровду, Д.Чотоновду жана С.Жээнбековду барымтага алууга даярдык көрүлгөн. Жыйынтыгында Жалал-Абаддагы башаламандыктан 63 адам жабыркап, 32 адам октон жаракат алып, 2 адам набытболгон.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Үсөн Сыдыков түштүктөгү бул окуянын мыкчыгерлеринин бири болгон” деген ойдо:

Т. Какчекеев

- Үсөн Сыдыков 24-марттагы элдик ыңкылаптын уюштуруучусу болгон. Бирок бийликке келгенден кийин мансапка ээ болуп, бала-бакырасы да чоң кызматтарга отурган. Уулу аэропортту жетектеп, өзү болсо Кыргыз мамлекетинин көмүскөдөгү жетекчиси болуп калгандыктан, бийликти кетиргиси келбей, жанагындай жолго баргандыгын ар бир адам сезип коюшу керек. Бул болуп аткан окуяда ал киши аймактык саясий мыкчыгерлердин башчыларынын бири болгон десем жаңылышпайм.


Учурда май айындагы башаламандыкка тиешеси бар делип төрт адам кылмыш жообуна тартылып жатат. Жогоруда ысымы аталгандардын катарында Керимбек Макеев жана Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров да бар. Аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG