Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Март ыңкылабына 12 жыл толду


2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине каршы чыккандар.
2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине каршы чыккандар.

Тарыхта “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына 12 жыл толду.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, беш жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн куулган.

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында 12 жыл муруңку ыңкылап эскерилет. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, бул күндүн урматына спорттук оюндар уюштурулуп, ошол кездеги демонстрацияларга катышкан 100дөн ашуун адамга сый көрсөтүлөт.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү саналган. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. Былтыр президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген. (SE)

Ошол кездеги активдүү демонстранттардын бири Топчубек Тургуналиев март төңкөрүшү боюнча "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү. Аудиону бул жерден угуңуз:

Топчубек Тургуналиев Март ыңкылабын эскерет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG