Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

"Турмушта орду табылбаган" таштанды


Айыл-кыштак, кичи жана чоң шаарлардагы тазалыктын талапка такыр эле жооп бербегени жаз келгенде көзгө даана көрүнүп, ачыкка чыгат.

Учурда жергиликтүү бийликтер ишембиликтерди өткөрүп, тазалык иштерин колго алууга аракеттенүүдө. Бирок Кыргызстанда фундаменталдык көйгөйгө айланган таштанды жана тазалык маселеси уюштуруу иштеринен тышкары коомдун ар мүчөсүнүн салымына да көз каранды болчудай. "Азаттыктын" кабарчылары алдыдагы макалалар түрмөгүндө ушул темага кайрылышат.

Нарындын ичинде таштанды үйүлгөн жерлер жолбун ит-мышыктын эле эмес, мал кармаган шаардыктардын уй-койлорунун азык таап жей турган жайына айланган. Ал эми шаардын кире беришиндеги таштанды полигону - Карга-Жайлоодо мал кадимкидей эле оттоп жүрөт. Нарындан кабарчыбыз Токтосун Шамбетовдун баяны:


Түштүк борбор Ошто таштанды бөлүп чогултуу боюнча чоң долбоорлор башталып, бирок ал калктын колдоосун тапкан эмес. Оштун таштанды маселесин тейлеген адистери менен шаар тургундарын Эрнист Нурматов кепке тартты:


Акыр-чикирди терезе аркылуу ыргытуу көрүнүштөрү Жалал-Абадда да бар. Шаар тургундары арасында Ырысбай Абдыраимов сурамжылоо жүргүздү:


Өңчөй жаштардан түзүлгөн “705” чыгармачыл тобу Бишкектеги таштанды көйгөйүн театралдаштырды. Жаштар бул спектакль аркылуу калаанын чечилбей келаткан таштанды маселесине бийлик назарын бурдургусу келген. Өзгөчөлөнгөн иш-чара тууралуу кабарчыбыз Улан Эгизбаев айтып берет:


Борбордогу таштанды көйгөйүн шаар тургундары тазалык үчүн жоопкер коммуналдык кызматтардын майнапсыз иши менен байланыштырса, калаа бийликтери шаардыктардын кайдыгер мамилесин жана каражаттын жетишсиздигин айтышат. Бишкектин таза шаар боло албай жатканынын себептери эмне? Бул суроого кабарчыбыз Бакыт Асанов жооп издеген:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG