Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Кургак учук жугуштуу оорулар менен катар эле социалдык оору болуп саналат.

Кургак учук аба аркылуу жугуп, өтүшүп кетсе адамды өлүмгө дуушар кылат. Акыркы жылдары Кыргызстанда кургак учуктун өтүшкөн түрү менен жаш балдар көп катталып жатат. Адистер ооруну алдын алууда жалпы балдарга эмдөө жүргүзүү зарылдыгын айтышат.

8 айлык Мирлан кургак учук дартына чалдыгып, учурда ооруканада жатат. Бул оору ага апасынан эне сүтү аркылуу жугуп калган. Бул наристе Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын тургуну Асель айымдын жеңесинин уулу. Анын айтымында, наристе кургак учуктун өтүшкөн түрү менен Улуттук фтизиатрия борборуна түшкөн. Ал эми Мирландын апасы кургак учуктан бир ай мурда каза тапкан:

- Баланын кургак учук оорусу өтүшүп кеткен экен. Апасы кургак учуктан каза болгонуна бир айдан ашып калды. Ал 2004-жылы биринчи жолу ооруп, толук дарыланбаптыр. Мирлан төрөлгөндөн кийин да оорусу өрчүп, ооруканада 10 күн жаткан экен. Оору баланы эмизгенде жугуп калган.
Мээнин чел кабыгынын менингит оорусу, өпкө учугу жана без түрүндөгү кургак учук менен көп ооруп жатышат.


Саламаттыкты сактоодо кургак учук социалдык жана коркунучтуу оорулардын катарына кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө адамзатынын үчтөн бири, же 2 миллиардга жакын адамга кургак учук жугуп калуу коркунучу бар. Ал эми 8 миллиондон ашык адам кургак учуктун жугуштуу түрү менен ооруйт жана 2 миллионго жакыны бул дарттан каза табат. Акыркы жылдары кургак учук балдар арасында да көп катталууда.

Кыргызстанда 2010-жылы 531 ымыркай жана 230 өспүрүм кургак учук дартына дуушар болгон. Начар, сапатсыз тамактануу, иммунитеттин төмөндөшүнөн жана үй-бүлөдө ата-энеси, же башкалар ооруга чалдыгып, өз учурунда дарыланбагандыктан, ооруу алардан балага жугуп, балдардын арасында кургак учук көбөйүүдө.

Жоопкерчилик жана сактык

Улуттук фтизиатрия борборундагы 40 орундуу балдар бөлүмүндө жаңы төрөлгөн наристелерден 6 жашка чейинки балдар дарыланат. Аталган борбордун дарыгери Замира Карабаева оору көп учурда балага ата-энесинен жугуп, ооруканага түшүп жатканын айтат:

- Балдар өздөрү оорубайт. Балдарга чоңдордон гана жугуп, анан биздин ооруканага келишет. Балдар ооруканага түшкөндөн тарта 6-8 айга чейин бул бөлүмдө дарылайбыз. Кургак учуктун ар кандай түрү менен азыр балдар катталып жатат. Мээнин чел кабыгынын менингит оорусу, өпкө учугу жана без түрүндөгү кургак учук менен көп ооруп жатышат.

Бул ооруканада учурда дарыланып жаткан 6 жаштагы Алия кургак учук чоң атасынан жукканын айтып берди:

- Чоң атам кургак учук болуп ооруган. Анан менин өпкөм ооруй баштаганда ооруканага келип түштүм. Азыр мага ооруканага апам, атам келип турушат.

Советтер Союзу учурунда кургак учукту алдын алуу максатында жалпы балдарга эмдөө жасалчу. Акыркы 20 жылда бул манту эмдөөсү жасалбай калгандыктан курак учуктун өрчүп кеткен түрү менен балдар көп катталып жатканын айтат борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаева:

- Союз учурунда жалпы балдарга манту эмдөөсү жасалчу. Азыр болсо кимге керек болсо, ошолор гана эмделет. Азыркы кезде ушул эмдөөлөр жалпы балдарга жасалса балдар арасында кургак учук катталбайт эле. Эмдөөлөр жасалбагандыктан айрым ата-энелер бул тууралуу билишпейт дагы. Ошондуктан бизге өтүшүп кеткен түрү менен балдар көп келип атат.

Дарыгер Замира Карабаева үй-бүлөдө кимдир бирөө кургак учукка дуушар болгон болсо, өз учурунда дарыланып, толук айыгууга аракеттениши керектигин айтат:

- Үй-бүлөдө ата-энесиндеби, кайсы бир чоң адамдарда кургак учук болгон болсо, ошолор жакшы дарыланып, айыгып беришин суранат элем. Ошондо биздин балдар оорубайт эле.

8 айлык Мирлан жана бул коркунучтуу дартка чалдыккан башка балдарга оору көпчүлүк учурда улуулардан жугуп жатканын эске алып, ар бир ата-эне ооруну алдын алып, балдардын келечегин ойлосо...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG