Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Көп жылдардан бери уран калдыктары көмүлгөн жайларды, алардын ден соолукка тийгизген таасирин иликтеген медицина илимдеринин доктору, Медициналык академиянын профессору Рустам Тухватшин "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Көчкүнүн жүрүшү эмнеси менен коркунучтуу?

Рустам Тухватшин: Мисалы, уран калдыктары көмүлгөн жайлардын бири Миңкуштун өйдө жагында жайгашкан. Ал жерден Миңкуш аркылуу дарыя да өтөт. Ошол жайдын үстүндө да көчкү жүрөйүн деп турат. Ал жүрүп кетсе, дарыяны бууп, суу уран көмүлгөн жайды жууй башташы мүмкүн – коркунуч ушунда.

Анда суу менен ылдый көздөй урандын туздары, түрдүү оор элементтер тарап кетиши мүмкүн эле. Мындай окуя Актүздө 60-жылдары болгон. Бирок Кудай сактады, бул жолу көчкү уран көмүлгөн жайга түшкөн жок.

"Азаттык": Маалыматта жер көчкү уран калдыктары көмүлгөн жайдан эки чакырым алыстыкта жүрдү деп айтылды. Бул өтө жакын эмеспи...

Тухватшин: Ооба, бирок көчкү өтүп кетти. Электр мамылары керектен чыгып, бардык жети айылда жарык жок болду. Менин тааныштарым да байланышка чыкпай жатышат.

"Азаттык": Сиз уран калдыктары көмүлгөн жайлардын ден соолукка тийгизген таасирин изилдеп жүрөсүз, азыр абал кандай?

Тухватшин: Биздин ПРООН менен долбоорлорубуз бар. Алардын бири боюнча Миңкуштун жашоочуларынын ден соолугун иликтегенбиз. Азырынча радиация ден соолукка терс таасирин тийгизгенби же жокпу - так айтуу кыйын. Албетте башка айылдарга салыштырмалуу Миңкуштун жашоочулары өпкө оорулары менен көп оорушат, учук көп чыгат, ашказан, ичеги илдеттери оор өтөт. Бирок радиациянын таасирин даана билиш үчүн генетикалык изилдөө керек.

"Азаттык": Өкмөт жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкүлөр боюнча алдын ала кандай иштерди жүргүзө алат?

Тухватшин: Уран калдыктары көмүлгөн жайлар дарыялардын баш жагында жайгашкан. Уран шашылыш түрүндө казылып, ошол эле жайларга анын калдыктары көмүлгөн. Аларды түз жана жер көчкү жүрүү коркунучу жок жайларга көчүрсө жакшы болмок. Бирок бул өтө кымбат.

Ошентсе да Майлы-Суу, Кажысайда андай аракеттер көрүлүп жатат. Айылдарды көчүрүү тууралуу да көп сөз болгон. Мен буга каршымын. Ким Миңкушка барган болсо, ал билет – Миңкуш Кыргызстандагы, атүгүл дүйнө жүзүндөгү ажайып кооз жай. Кыргызстан өзү кичинекей өлкө, анын аймагында уран калдыктары көмүлгөн 49 жай бар, бул абдан эле көп.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG