Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Жээналиев: Түлеев коррупцияга шектелип кармалды


Нариман Түлеев камалгандан кийин башкы прокуратуранын коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын алдына топтолгондор. Бишкек, 22-июнь, 2012.
Нариман Түлеев камалгандан кийин башкы прокуратуранын коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын алдына топтолгондор. Бишкек, 22-июнь, 2012.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин кармалып, кайра коё берилгени тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин кармалышына эмне себеп болду?

- Түлеевди камоо үчүн эмес, суракка алып келишкен. Анткени анын үстүнөн 303-берененин биринчи пункту менен кылмыш иши козголгон. Бул коррупция деген өтө оор кылмыш. Мындай кылмышка шектүү болсо депутат болобу, же башкабы алардын макулдугунун кереги жок. Ошондуктан Түлеевди сурайбыз деп алап келгенде депутаттардын тобу келип ызы-чуу чыгарып, тергөөгө тоскоолдук кылышып, алып чыгып кетишти.

- Эгер андай болсо эмне үчүн көп сандагы атайын даярдыктагы кызматкерлер барып кармап келишти. Кармоо учурунда Түлеевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө орой мамиле кылып, кол көтөрүлгөнү айтылууда?

- Ал жагы кандай болгону тууралуу мен комментарий бере албайм. Бирок ал кишинин кечээ атайын билдирме жиберип суракка чакырышкан. Бирок ал келбей койгонунан улам, үйүнө барып кармап келишти болуш керек.

- Буга чейин сурак болуп жатты беле? Түлеевге каршы кылмыш иши кандай айып менен качан ачылды эле?

- Бул кылмыш иши 303-берене боюнча жакында эле ачылган болчу.

- Эмне үчүн так ушул маалда суракка алууну баштадыңар? Аны суракка алуу үчүн атайын кызматтагылар кечки 9.30да барганы айтылып жатат.

- 9.30 да барганы тууралуу маалыматты мен так деп айта албайм. Бир нече жолу чакырылган, суракка келбей койгон соң аны алып келиш керек болчу. Себеби 303-берененин салмактуу далилдери “мына, мына” деп чыгып калган. Ошондуктан ушул учурда суракка алуу муктаждыгы жаралды.

- Ошол эле учурда бир катар адистер депутаттын кол тийбестик укугу бар кезде, аны суракка алууга же кармап кетүүгө мыйзам жол бербей турганын айтып чыгышты. Муну депутаттардын өздөрү деле айтып жатышат?

- Аныңыз туура. Бирок бул жерде жагдай бир аз башкача. 303-берененин биринчи бөлүгү өзгөчө оор кылмышка кирет. Ал эми бул кылмыш түрүнөн депутаттын кол тийбестиги сактай албайт.

- Муну менен катар Түлеевдин капысынан кармалышынынын артында саясий себеп жатат деген да пикирлер айтылууда.

- Мында эч кандай саясий кызыкчылык жок. Бул жөн гана убакыттын дал келүүсу болуп калды деп ойлойм. Далилдердин чогулганы ушуга туш келип калды. Андай саясий оюн менен байланышы жок.

- Дагы бир нерсени тактап коёлу. Эмне үчүн бир катар саясий өнөктүктөр алдында күрөш курчуп, маанилүү маселелер талкуу мезгилинде көтөрүп чыгып, суракка чакыруу коомчулукта шектенүүлөргө жол ачып жатат. Эмне үчүн бул кылмыш жөнүндө мурда унчукпай келгенсиңер?


- Менимче, Түлеевге козголгон кылмыш иш боюнча апрель окуяларынан бери эле айтып келгенбиз. Дагы бир жолу кайталайын, коррупция боюнча 303-беренеге дал кылмышка далилдер жакында эле табылды. Ушул себеп болду деп айта алам.

- Негизи кылмыш иши качан козголду эле. Түлеев кайсы кызматты ээлеп тургандагы коррупциялык аракеттери үчүн козголуп жатат? Бишкек шаарынын мэри болгондогу мыйзамсыз аракеттер үчүнбү?

-Кылмыш иши кийинчээрек козголду. Бирок окуя, кылмыш ошол мамлекеттик кызматта турган учурдагы иш боюнча козголду.

- Эми мындан ары эмне болот? Сиздин айтуунуз боюнча мыйзамга каршы аракеттери үчүн кармап келдиңер. Бирок буга карабай бир катар депутаттар прокуратура кызматкерлерине баш ийбестен чыгарып кетиптир. Мындан ары эмне болот?

- Ооба, баш ийбегени үчүн чара көрүшүбүз мүмкүн. Ал эми калган тергөө амалдары жүрө берет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG