Линктер

Адабиятка ири эпикалык жанр аркылуу баш баккан Арслан Койчиевдин жаңы романы «Бакшы менен Чынгыс хан» буга чейинки «Мисмилдирик», «Айта бар менин кебимди» китептерине стили жакын болсо да, сюжет куруу, көркөм баяндоо нугу, идеялык жүгү кыйла айырмаланып турат. Муну автордун чыгармачылыгындагы жаңы бийиктик, кыргыз романистикасындагы да кызыктуу көрүнүш десе болот.

Романдын өзөк идеялары ата-арбак (түп башат, рухий мурасты табериктеп, ата-бабалар жолун улантуу) темасы менен байланышкан. Айрыкча ар ким өз динин, окуусун, саясий түзүмүн ж.б.у.с. таңуулап, адамдардын «жан дүйнөсү эрегишкен кан майданга» айланган (Федор Достоевский) азыркы мезгилде бул чыгармадагы көркөм туюнтулган ойлор жөн эле окуя кубалап, убактысын «өлтүрүү» менен чектелген пенделерди эмес, сергек, баамчыл окурманды өз алдынча ойлонуп, жоопкерчиликтүү кадам жасоого дилгирлентиши мүмкүн.

Башкасын айтпаганда да, өз тегинен (улутунан, тилинен, дининен ж.б.) баш тартып, улам бир «измди», улам бир «окууну», «саясий багытты» бирден-бир туура деп жар салуу өнөкөткө айланган азыркы кезде, мисалы, кыргыздардын эл катары сакталып, мамлекеттүүлүгүн бекемдеши жана улут болуп жетилүүсү кандай машакаттуу кедергилерге тушугуп жатканын эске алсак, романдын рухий маңкурттукту, түп башатка жасалып жаткан чыккынчылыкты каарыган, чучукка жеткидей катуу сынга алган пафосу, өздүгүн чанган пенденин шору жөнүндөгү магиялык баян… - мунун баары катардагы окурманга чоң таасир этет деп ойлойм.

Маңкурт демекчи, көп кырдуу, көп катмарлуу, маани-мазмуну терең, улам окуган сайын жаңы сыры ачылып турган «Кылым карытар бир күн» романында Чыңгыз Айтматов таң каларлыктай сыйымдуу, таасири күчтүү шири метафорасын жараткан. Адамзат рухунун мезгил-мейкининдеги чектелүүчүлүк трагедиясын туюнткан бул метафора – жеке инсан, мамлекет (мурдагы Советтик империя) жана космостук (жалпы адамзаттык) үч деңгээлдеги көркөм-идеялык концепция деп залкар сынчы Кеңешбек Асаналиев белгилеген эле. Бул метафоранын тышкары багытталган (тарыхый эс-тутумду жоюуга, түпкү башатты жерүүгө каршы) жана ичкери багытталган (бир гана «өзүнүкү» менен чектелип, тыш дүйнөдөн обочолонуп кала берүүгө каршы) маанисине мен көңүл бурганмын.

Жазуучу эсти тунартып, эркти мокотуу үчүн кулдун башына кийгизилүүчү төөнүн терисин «шири» дебей, «коок» деп атаптыр. Мунун да жөнү бар окшойт: Койчиевдин коок кийген Кара-Ногою чечүүчү учурда кандаш туугандарын аман сактап калып, душмандын көзүн тазалоо үчүн Теңиз-Буканы баса жыгылууга жарайт, а Айтматовдун Жоламаны душмандын айтканынан чыкпай, өз энесин атып өлтүрөт. Ушул ыңгайдан алганда, коокту ширинин көп маанилеринин биринин дааналантылган варианты десе болчудай: ар бир адам – кайсы бир деңгээлде маңкурт, анткени анын акыл чабыты, эрки, кайраты чексиз эмес. Атүгүл «жети кылым артты караган, жети кылым алга караган, жетелеймин деп караган» Чыңгыз хандай император өзүнүн урпактарына текши адилет карай албаптыр. Анын көп кайталана сүрөттөлүшүндөгү жымшыйган көзү да буга ишаарат кылып тургансыйт. (Айтмакчы, бул сүрөттөмөдө «нооча бойлуу» жана «тууралжын» деген эпитеттер анча коошпой турат: нооча дегенде сымбаттуу, сындуу, бойлуу деп түшүнөбүз, негизинен узун бойлуу жаш жигит же кыз-келиндин турпатына жарашат, сөздүктөгү мааниси да ушундай, ал эми тууралжын киши чымыр денелүү, жапалдаш же орто бойлуу, толугураак келген, анча-мынча курсактуу болот эмеспи: «тууралжын келген, бою пас, тулку бою – кара таш»).

Чыгарманын күрөө тамырындай болгон мистикалуу «арбак» окуясынын берилиши кайсы бир деңгээлде Габриел Гарсиа Маркес жазган «Жалгыздыктын жүз жылына», Михаил Булгаковдун «Устат жана Маргаритасына» жакындап, окшош ыкмалар колдонулган. Адабиятчылар Арслан Койчиевдин катары менен бир нече сюжеттик сызыкты ийкемдүү, сындуу куруп, окуяларды ич ара шайкеш байланыштырып баяндоо чеберчилигине жогору баа берет деп ойлойм.

Бул роман кызуу талкууга, курч талаш-тартышка жем таштачудай. Бир кезде дүйнөнүн дээрлик тең жарымына таралып, адамдардын рухий муктаждыгын канааттандырган, коом менен инсандын, мамлекет менен жарандын мамилелеринин шайкештигин камсыздап турган теңирчиликтен эмне үчүн ата-бабаларыбыз мусулманчылыкка (дагы башкалары христианчылыкка ж.б. диндерге, атүгүл атеисттик нуктагы окууларга да) ооду? Эмне үчүн теңирчиликтен жакшы деп тандалган диндер адилеттүүлүктү жетиштүү камсыздабай, адамзатты мунасага келтире албай, атүгүл бири-бириникин жокко чыгарган, бир гана биздики абсолюттук чындык деген түркүн агымдарга ажырап, майдаланып жатат?

А бирок теңирчилик өзү да идеалдуу болгон беле же узак мезгил аралыгынан гана айрымдарга өзгөчө тазадай, эч кынтыксыз акыйкаттай көрүнүп жатабы?.. Чынгыс хан өзү урпактарынын «жакшы», «жаман» болуп сортко бөлүнүп калышына себеп болуп, кетпес кек, өчпөс өчтүн түгөнбөс түрмөгүн баштап бергенби? Же ал дагы жашоонун эч качан чечилгис эзелки маселесине тиши өтпөй койгонбу? Ал дегеле жалпы адамзаттын тагдырын ойлогон кеменгер болгон беле? Же чексиз бийликке тойбогон ач көздүгүн тыя албай, аны ээрчип, баскынчылык жортуул кумарына баткан көрпенделер, анын залимдигине баш ийгендер ошол кезде сайран курганбы?..

Албетте, чыгармадагы идеяларды баёо реализм деңгээлинде кабылдаган жарабайт. Мисалы, Томас Маннга анын «Иосиф жана анын бир туугандары» аттуу романын машинкеде терген аял: «Чындыгында баары кандай болгондугун эми билдим», - деген экен. Бул китептеги Чынгысхан да тарыхтагы дүйнөнү дүңгүрөткөн кол башчынын өзү эмес, анын метафоралуу «арбагы», б.а. түпкү ата, эзелки көч башы, ыйык таберик, рухий жол жөнүндөгү талаш-тартышка, чыйрак акыл калчоого түртө турган көркөм баяндын кейипкери – автордун оюнан жаралган турпат.

Кезинде Феодор Достоевский детектив ыкмаларын билгичтик менен колдонгондой, «Бакшы менен Чынгыс хан» да биринен бири кызыктуу бир нече сюжеттик сызыктардын эриш-аркак айкалышуусу түрүндө жазылган. Мындан тышкары мистика (арбактар менен тирүүлөр дүйнөсүнүн аралашуусу, аян ж.б.) жана тарыхый доорлордун кабатталып-катмарлангандай тутумдашуусу, ар кайсы кылымдардагы инсандардын тагдырындагы үндөштүк эле окурманды өзүнө тартат. Албетте, эгер жазуучу кыйла татаал идеяларды көркөм жалпылоого умтулуп, эпос менен кесипкөй адабиятты жалгаштырбаса, б. а. оозеки чыгармачылыктагы көркөм (жорго сөз, бир эле ойду же айтымды биздин тилдеги үндөштүк мыйзамына таянып кайталоо) менен азыркы өнүккөн адабияттагы рефрен, мотив, реминисценция сыяктуу такыр башка деңгээлдеги көркөм усулдарды, метафоралык, символикалык ыңгайдагы сүрөттөөлөрдү да колдонбогон болсо, бул роман деле соңку мезгилде жамырап чыгып жаткан «тарыхый», «көзү ачыктар жөнүндөгү» ж.б. тири укмуш көп китептердин катарынан өйдө көтөрүлө алмак эмес. Дүйнөлүк мейкиндик тууралуу кеп кылууга, балким, эртедир (менимче, чыгарманын идеялык-көркөм чабыты буга жете элек; айрыкча концептуалдык нугу кыйла кууш, тайкы бойдон кала берген сыяктанат – буларды кийинчерээк, романдын тегерегинде кызуу талкуу жүрө баштаганда, далилдер менен чечмелеп берем), бирок ушул турушунда деле бул китеп кыргыз, казак, өзбек ж.б. түрк тилдүү калайыктын, ары жагы монгол, корей, кытай сыяктуу башка азиялык элдердин көңүлүн бурары бышык. Демек, бул романдын тегерегинде талаш-тартыш, талкуулар арбын болот.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы.

P/S. Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG