Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05
Көчмөндөрдө ырчы, жомокчулар өзгөчө бааланып, кастарланган. Алардын көбү адатта аялдар болуп, кылымдан кылымга жер каймактагандан берки элдик оозеки чыгармаларды сактап, кийинки муунга калтырып келишкен.

Бул чыгармалар адабий гана баалуулукка ээ болбостон, адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, жаңы муунду турмушка даярдап, жаштарды кичинесинен акыл калчаганга үйрөтүп, аларды адамгерчиликке, чынчылдыкка, ыймандуулукка тарбиялаган.

Мына ошондой элдик кенчтин сакчыларынын бири Турган Ырайым кызы ооган кыргыздарынын 60тан ашык ырларын, сансыз жомок, табышмактарын билет. Түрктөр берген аты Кошар.


Tаенеси Жээнгүл Алай, Анжиян тарапты түрө кыдырган ырчы, небересинин сүрөттөгөнүнө караганда, көзү ачык олуя, ферганалык суфий (руханий бийиктикке музыка менен жетүүгө баш байлаган адам) болгон.

"Ал өзүн дербишмин деп айтчу, эшигинен өтсөң, төрүндө да эшик болгон үйдө, туздуу суусу бар өзөндүн боюнда жашайсың дечү эле, айтканы болуп отурат" деп эскерди оогандык кыргыздардын өзгөчөлүү келек деген элечегин кийип отурган байбиче.

63 жаштагы Турган Ырайым кызы таенесинен тышкары, Назиф Шахрани, Реми Дор өңдөнгөн Ооганстандагы Памир кыргыздарын изилдеген аалымдар ыр-күүлөрүн жаздырып алган маркум Орун эжеден көп ырларды үйрөнгөн.


Бүгүн Түркиянын Улуу Памир айлында жашаган ырчы ырдабай, жомок айтпай калган.

Түрк мектебинде тарбия алган кийинки муундагы айылдаштары арасында анын чыгармачылыгын жектегендер көбөйгөндөн бери ал ырдаганды токтотуп койгон.

"Үйлөнүү тоюнда кыз кыңшылатуу, киши өлгөндө кошок кошуу деген калып эле, жалдырап отуруп беребиз" дейт.

Турган Ырайым кызынын чыгармаларын белгилүү тилчи, окумуштуулар жаздырып алышкан.

Балким бир кездери ооган кыргыздарынын урпактары жоготкон жомокторун ошол жерден таап алышып, ата-бабаларында кандай уникалдуу чыгармачыл дүйнө болгонуна таң беришет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG