Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдоону көздөшүүдө


"Азаттыктын" архивинен: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити, 16-сентябрь, 2010-жыл

"Азаттыктын" архивинен: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити, 16-сентябрь, 2010-жыл

20-октябрда Казакстандын Алматы шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин I саммити башталды.

Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан өлкө башчыларынын башын кошкон бул жыйында маданий-гуманитардык, экономикалык интеграцияны чыңдоо, терроризм, кылмыштуулук жана маңзат аткезчилиги менен биргелешип күрөшүү маселесин талкуулай турганы айтылууда.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин түзүү чечими 2010-жылдын сентябрь айында кабыл алынган. Кеңешке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Биринчи саммитке Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсүндө болуп жаткан күрд козголоңунан улам катыша албай калганы кабарланды.

Сулайман Кайыпов

Сулайман Кайыпов

СССР ыдыраган соң түрк тилдүү мамлекеттер өз ара кызматташууга умтулуп, бирок ал максат өз мүдөөсүнө жетпей, “камыр-жумур” болуп кете албай жүргөнүн адистер белгилеп жүрүшөт. Ошондуктан “кызматташуу кеңеши ошол өксүктү жоюу иретинде түзүлдү”, – дейт түрколог профессор Сулайман Кайыпов:

- Түрк өлкөлөрү комплекстүү, анан бир аз артта калган эл болгонубуз үчүн биригүү, бирөө менен тең жашоо тажрыйбасына ээ болбой калган экенбиз. Бири-бирибизден өйдөсүнүп, бир нерсе боло калса чек арабызды жаап жатабыз. Маселелерди ортоктошо чечүүгө келгенде биринен-бири айырмаланып, жат болуп турабыз. Мына ошолорду жоюш үчүн жаңы түзүлгөн кеңеш жардамга келиши керек.

Өлкөлөр арасында бирдиктүү пикир жок

Ошол эле учурда бул багытта азыр бир канча мамлекеттен турган кеңештерге караганда эки тараптуу алака-катышка умтулуу күч экенин Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов белгилейт:

- Экономикалык байланыштарды караган учурда эки мамлекеттин эле түз катнаштарынын негизинде болуп жатат. Мисалы, Түркия менен Кыргызстан, Кыргызстан менен Азербайжан жана Казакстандын байланыштары эки тараптуу гана негизде жүрүп жатат. Ал эми көп тармактуу байланыштарга келгенде ар бирибиздин саясий кызыкчылыктарга гана жараша мамиле болуп калып жатат.

Абыловдун оюнча, түрк тилдүү Өзбекстан менен Түркмөнстандын кеңешке маани бербегенин түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы бирдиктүү пикирдин жоктугунан кабар берет:

- Түрк мамлекеттеринин ортосунда ар кандай көз караштар пайда болуп жатат. Мунун себеби катары түрк мамлекеттеринин саммитинде ар кандай геосаясий таасирлер болуп жатат. Мисалы, Казакстан Орусиянын геосаясий таасиринен чыга албайт. Ал эми Өзбекстандын бул саммитке катышпай калганын себеби, 2005-жылдагы Анжиян окуясынан соң Түркия Евробиримдиктин турумун колдоп, аны сынга алган.

Ал ортодо жаңы кеңеш эң ириде Түркиянын Борбор Азиядагы таасирин арттыруу максатын көздөйт деген пикирлер да өкүм сүрүүдө. Бул үчүн региондо экономикасы абдан күчтүү саналган Казакстанга бөтөнчө ишарат жасалып, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин I саммитин Алматы шаарында өткөрүп жатат деген ой камтылган. Ал эми 2012-жылдагы түрк дүйнөсүнүн борбору катары Астана шаарын жарыялашы да күтүлүүдө.

Кыргызстанга эмне пайда?

Бул кеңештин Кыргызстанга канча пайда-батасы бар? Бул мамлекеттер арасында Кыргызстан экономикалык жана коопсуздук жагынан эң чабалы катары сыпатталат.

Түркия Кыргызстанга экономикалык, финансылык, гуманитардык жана аскерий жардам берип келатат. Казакстандан эгин, мунайзат, көмүр өңдүү ресурстарды сатып алат. Булардын ичинен Азербайжан менен алака-катышы өтө солгун эсептелет.

Бул жагынан аталган кеңеш Кыргызстандын Азербайжан менен кызматташуусун жандандырууга өбөлгө түзүшү мүмкүн экени да айтылууда. Бул саммит Кыргызстанга оң таасирин тийгизет деген көз карашын мурдагы тышкы иштери министри Аликбек Жекшенкулов ортого салды.

- Албетте мындай бейформал сүйлөшүүлөр болгондо. Президенттер чай ичишкен учурда кайсы бир мамлекеттин кызкчылыгын көтөрө алат. Ошондуктан бул жекеме-жеке мамиле түзүүгө шарт түзүшү толук мүмкүн.

Биринчи саммиттин жыйынтыгында жогорудагы төрт өлкө арасында Алматы декларациясына кол койору күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG