Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Түрк тилдүү элдердин журналисттеринин экинчи съезди өткөн жумада Татарстандын борбору Казань шаарында жыйынтыкталды. Дээрлик бир аптага созулган жыйынга 22 мамлекеттен 100 чамалуу журналист келди.

Түркиялык медиа-бирикмелердин демилгеси менен уюштурулган иш-чаранын максаты – келечекте түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы медиа-бирикмесин түзүү. Ага Кыргызстандан катышкан Кудрет Тайчабаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Казань шаарындагы түрк тилдүү журналисттердин жыйынында кыргыз, өзбек жана казак журналисттери тез тил табышып, достошуп кеткенин Фейсбукка жаздың. Үч өлкөдөгү журналистиканын абалын да салыштырып көрдүңөрбү?

Тайчабаров: Жыйынга барган күнү мейманканада өзбекстандык Рустамжан Жаббаров деген кесиптешим экөөбүзгө бир бөлмө тийди. Ал “Даракчи” деген маанайшат гезиттин редактору экен.

Эки мамлекеттеги басма сөз базары, сөз эркиндиги, коомдун үнүн бийликке жеткирүүдөгү журналистиканын ролун талкууладык. Ал киши Кыргызстанда “сары пресса” аталган гезиттердин өтүмдүүлүгү жогору экенине, нускасы көптүгүнө таң калды. Көрсө, коңшу мамлекетте маанайшат гезиттер биздегидей өтө көп чыкпай калыптыр.

Негизинен жарнамалык басылмалардын нускасы жогору болгонун айтты. Коомдук-саясий гезиттердин дээрлик окурманы жок экенин, адамдар кызыкпай турганын белгиледи. Ушак же кимдир бирөөнү каралап жазылган макалалар дээрлик чыкпайт экен.

Казакстандык журналисттер да өз өлкөсүндөгү гезиттер саясий макалалардан алыстаганын билдиришти. Ал жакта экономиканын өсүшү жакшы, жашоо-деңгээл кыйла дурус болгондуктан жарандар саясий маселелерге кызыкпай да калышыптыр. Негизинен социалдык багыттагы макалаларга талап жогору болуп жатканын айтышты.

“Азаттык”: Түрк тилдүү элдердин журналисттеринин башын бириктирген мындай жыйындарга зарылчылык канчалык? Маалымат башкарып жаткан азыркы заманда бул ири державаларга теңтайлашуу аракети эмеспи?

Түрк тилдүү журналисттердин II съездине барган казак, кыргыз жана өзбек журналисттер.

Түрк тилдүү журналисттердин II съездине барган казак, кыргыз жана өзбек журналисттер.

Тайчабаров: Уюштуруучулардын айтымында, айрым мамлекеттерде ачык-айкындуулуктун жок экендиги ымалага терс таасирин тийгизүүдө. Алар бирдиктүү маалымат каражатын түзүүнү пландап жатышкан экен. Анда түрк тилдүү элдердин ийгилиги, көйгөйү такай жарыяланып, өз ара колдоо көрсөтүүнүн өнүгүшүнө салым кошмок деген иш-мерчемдери бар.

Съезддин жүрүшүндө Ирандан келген бир журналист өз өлкөсүндө миңдеген этникалык түрктөр документи жок кыйналып жүрүшкөнүн айтты. Бул маалымат бизге гана эмес, түркиялыктарга да жаңылык болуп, таң калышты. Маселени журналистиканын күчү менен чечүү мүмкүн экенин белгилешти. Европадагы бир катар мамлекеттерде түрк диаспораларынын басылмаларында иштеген журналисттер да келишкен болчу, алар да ирандык түрктөрдүн көйгөйүн чечүүгө чогуу аракет кылмай болушту.

“Азаттык”: Бул биригүү канчалык натыйжа берет деп ойлойсуң? Түрк тилдүү өлкөлөрдөгү журналистика бири-биринен бир топ айырмаланат. Биринде өтө ачыктык өкүм сүрсө, биринде жабык.

Тайчабаров: Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү журналисттердин укугун коргоо боюнча уюм түзүлүп, ар бирибизге ал бирикменин мүчөсү экенибизди тастыктаган күбөлүк беришти. Журналистке кандайдыр бир бут тосуу болсо, эл аралык деңгээлде изилдеп, кийлигишкенге аталган уюм акылуу.

“Азаттык”: Ал уюмду ким жетектейт, ким көзөмөлдөйт? Каржылык жагын ким чечет экен?

Тайчабаров: Жаңы гана түптөлбөдүбү. Алдыда бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуулар болуп, бирикменин ишмердүүлүгү боюнча талкуулар уюштурулат.

“Азаттык”: Сен съездден эмне алдың? Мындан аркы пландарды ишке ашырууга катышасыңбы?

Тайчабаров: Албетте катышам. Мүчө болуп, күбөлүк алып келген соң катышып, уюмдун өнүгүшүнө салым кошом. Түрк тилдүү журналисттердин алгачкы съезди былтыр Түркиянын Эскишехир калаасында өткөн. Быйыл Татарстанда уюштурулду. Келерки жылы Түркмөнстанда болот. Бул аябай пайдалуу. Мисалы, техникалык жактан, маалыматты ыкчам жеткирүү жагынан биз дагы эле айрым өлкөлөрдөн артта экенибизди байкадым.

“Азаттык”: Кыргыз журналистикасынын башкаларга үлгү боло турган жагын көрсөтө алдыңбы?

Тайчабаров: Мен менен Назира Айтбекова чогуу барган. Талкуу учурунда өз пикирибизди билдирип, айрым ойлорго ачык эле каршы чыгып жатканыбыз көбүн таң калтырды. Сөз эркиндигин кыргызстандыктардан үйрөнүш керектигин айтып жатышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG