Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын 3-жыйыны өтүп, анда биргелешкен декларация кабыл алынды.

Ал эми ассамблеяга төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Талдоочулардун пикиринде, түрк тилдүү мамлекеттер кызматташуусу реалдуу кадамдардан алыс болууда.

14-15-июнда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы Бишкек декларациясын кабыл алды. Анда өнүгүүнүн жалпы кызыкчылыктарын камтуу менен, улуттук жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту жана тынчтыкты, адам укугун, демократия ынанымдары менен мыйзам үстөмдүгүн коргоо жана жарандык коомду колдоо тууралуу айтылган.

Кыргыз парламентинин төрагасы Асылбек Жээнбеков жыйын соңунда буларды белгиледи:

- Бүгүн биздин уюмдун пайдубалы бар. Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана калктардын тилдеринин, маданиятынын жана тарыхынын жалпылыгына негизделген. Эми биз уюмдун алдына стратегиялык милдеттерди жана максаттарды коюуга тийишпиз. ТүркПАны өнүктүрүүнүн жол картасын түзө баштоо менен бирге күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү багыттарды иштеп чыгууга киришибиз керек.

Жыйынга Азербайжандын Милли Межилисинин төрагасы Октай Асадов, Казакстандын парламенти - Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Жемил Чичек баштаган депутаттар катышты.

Түркия парламентинин төрагасы өз сөзүндө Түндүк Кипрдеги түрктөрдүн маселесине да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Бул жыйынга Ислам конференциясы уюму сыяктуу башка уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Бишкектеги жыйында ТүркПАга төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков:

- Өзүбүз тараптан түрк дүйнөсү натыйжалуу аймактык кызматташтыктын жана саясий өз ара аракеттин мисалы катары калыптанышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү үчүн эки тараптуу кол коюлган келишимдерди мыйзамдар аркылуу тез бышыктоо зарылдыгын белгиледи.

Натыйжасы байкалбайт

Окумуштуулардын пикиринде, дүйнөдө түрк тектүү адамдардын саны 200 миллиондон ашат жана алардын басымдуу бөлүгү ТүркПАга кирген мамлекеттерде жашайт.

Тарыхчы, профессор Асан Ормушевдин айтымында, түрк тилдүү мамлекеттерди жакындатуу максатында буга чейин Түркия тарабынан бир топ сунуштар болгон. Бирок анын баарынын эле ишке ашуусу кыйын.

- Мисалы, орток тил деген идеяны чыгарышкан. Бирок бул ишке аша элек. Экинчиден, булар латын арибин киргизебиз дешкен. Бул да жарым-жартылай гана ишке ашып турат.
Уюмдун пайдубалы түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилдеринин, маданиятынын жана тарыхынын жалпылыгына негизделген.

Түрк тилдүү мамлекет башчылар жана коомдук ишмерлер кез-кез түрк тилдүү мамлекеттердин Евробиримдик сыяктуу биримдигин түзүүнү сунуш кылып келатышат. Президент Алмазбек Атамбаев да жыл башында Түркияга жана Азербайжанга болгон сапарларында биримдик тууралуу сөз кылган. Буга чейин мындай сунуштар башка мамлекеттер тарабынан да айтылган болчу.

Тарыхчы Асан Ормушевбирдиктүү уюмдун түзүүгө бир жагынан түрк тилдүү айрым өлкөлөр даяр эмес, экинчиден башка мамлекеттер ага жол бербейт” деп эсептейт.

- Муну түрк тилдүү мамлекеттер каалаганы менен килейген Орусия, Кытай, АКШ, Иран - эч бири каалабайт. Муну бир кезде Чыңгыз Айтматов да айткан. Кийин Азербайжанда сапарда жүргөндө Режеп Тайып Эрдоган "түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирели, чоң уюм кылалы" деп айткан болчу.

Түрк тилдүү мамлекеттерден келген делегациялар, мынан тышкары түрк дүйнөсүнүн белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана башка маркумдар жаткан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, гүл коюшту.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG