Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Футбол: “Дордой” - “Хосилот” – 1:0


"Дордой" командасы.
"Дордой" командасы.

Бишкектин "Дордой" футбол клубу менен Тажикстандын “Хосилот” командасынын беттешинде кыргызстандыктар утту. Оюн 1:0 эсебинде аяктаганын Футбол федерациясынан билдиришти. Топту дарбазага Алишер Азизов киргизди.

Азия конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогунун экинчи тандоо оюндарынын алкагындагы таймаш бүгүн, 21-февралда Ош шаарында Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү.

Аталган эки команданын ортосунда бир жумадан кийин Тажикстанда жооптук оюн болот. Тандоо мелдештеринде жеңип чыккан клуб Азия конфедерациясынын кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.

“Хосилот”- Тажикстандагы Фархор шаарчасынын командасы.

АФК-2017 кубогунун биринчи тандоо мелдештеринде "Дордой" клубу Түркмөнстандын Балканабад шаарынын "Балкан" клубу менен таймашып Ош шаарында 31-январда болгон алгачкы беттешинде 1:1 эсебинде тең чыккан. 7-февралда Түркмөнстанда конокто ойноп, талаа ээлерин 1:2 эсебинде утуп алышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG