Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

“Таза дин” Али Осман Зорду жактап чыкты


Түркияда "террорчулук кылган" деген шек менен Кыргызстанда кармалган түрк жараны Али Осман Зорду “Таза дин” деп аталган кыймыл колдоого алууда.

Аталган кыймыл Али Осман Зорду саясий туткун катары таануу керек деп эсептейт. Сабыр Мамбетов - "Таза дин" уюмунун өкүлү, Али Осман Зорду 2009-жылдан бери билет экен.

- Бул 2009-жылы Кыргызстанга ишкерчилик кылууга келген. Ошол эле учурда түркиялык “Баран” деген гезиттин өкүлү болуп турган. Ал гезитте 2009-жылдан тарта Кыргызстанда болгон окуяларды чагылдырып жүргөн.

7-апрелден кийинки Кыргызстандагы окуяларды түркиялык гезиттердин көбү "кыргыздар геноцид кылды" деп, кыргыздарды жапайы эл катары көрсөтүп жатканда “Баран” гезити туура жана так маалыматтарды чагылдырып, өкмөттүк гезиттерге да каршы чыккан учурлары болгон.

Мамбетовдун айтымында, Түркия өкмөтү Осмон Зорду куугунтуктай баштаганда ал кыргыз бийликтерине 2010-жылдын 15-июнунда качкын макамын берүү тууралуу арыз менен кайрылган.

Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин маалымат катчысы Назгүл Мурзаева Осмон Зорго качкын макамын берүү боюнча чечими кабыл алына электигин тастыктады.

Түркия Осман Зорду Орусияга каршы тукурганбы?

“Таза дин” уюму тараткан билдирүүдө бир топ бүдөмүк жагдайлар бар. Маселен, алардын айтымында, 2009-жылы Түркиянын атайын кызматтары Али Осман Зорго чыгып, Орусия элчисин жок кылып бер турган жан кечти таап берүүсүн өтүнүшкөн имиш. Бул кызматы үчүн аны куугунтуктоо токтотуларын убада кылышкан. Бул маалыматтарды “Таза дин” уюмунун өкүлдөрү Али Осмон Зор өзү айтып берген деп жатышат. Мындан кененирек жана тагырак маалымат бере алышкан жок.

Кыргызстанга Түркия өкмөтү Али Осмон Зорду өткөрүп өтүнүчү менен кайрылган. Ал Түркияда "террорчулукка байланышы бар" деген шек менен айыпталууда.

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов Осмон Али Зорду Түркия сурап жаткандыгын “Азаттыкка” билдирген.

- Түркиянын Адилет министрлигинен Али Осман Зорду кармоо жана берүү жөнүндө өтүнүч келген. Ошол өтүнүчтүн негизинде биздин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармашкан. Азыркы убакта Биринчи май райондук соту тарабынан бир айга абакта кармоо жөнүндө санкция берилген. Азыр Али Осман Зор УКМКнын абагында жатат.

Осман Зорду өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербейт

Түркияда Осман Зор “Улуу Чыгыш жоокерлеринин ислам фронту” деп аталган уюмдун активдүү мүчөсү экендиги айтылууда. Бир катар маалымат булактары бул уюм Стамбулда 2003-жылкы жардыруу жоопкерчилигин мойнуна алгандыгын жазып чыгышты.

Али Осмон зор Түркияда буга чейин да камалып, 7 жыл түрмөдө отургандан кийин 2004-жылы боштондукка чыккан экен. Кыргызстанга келгенге чейин Түркияда эле жашап жүргөн дешет.

Али Осмон Зорго бул аралыкта “Адилет” клиникасы укуктук жардам көрсөтүп келген. Аталган уюмдун юристи Тимур Кармышов кыргыз бийликтери азырынча Али Осмон Зорду Түркияга өткөрүп бере албасын айтат.

- Али Осмон Зор боюнча чечим кабыл алына элек. Ал чечимге чейин биздин Башкы прокуратура жөнөтүп салса, анда “Качкындар жөнүндөгү” эл аралык мыйзамдарды жана биздин “Качкындар жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорун бузган болот.

Азыр Али Осмон Зорду эмне себептен “Таза дин” уюму колдоп жатат деген суроолор жаралууда. “Таза дин” уюмунун өкүлдөрү муну Осмон Зорго карата тилектештиги менен түшүндүрүшүүдө.

“Таза дин” уюму Кыргызстанда расмий каттодон өткөн эмес, анын катарында күч структураларынын отставкадагы кызматкерлери бар.

XS
SM
MD
LG