Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Семанур чоң эне, таенесинини колунда болуп калгандыктан, апасын эже дейт.

Асил күйөөсүн "раис" деп койот, бирок кайнилерин тергебейт.

"Ачыткыбыз бузулду!" деп күлөт.

Айылда эркектер жашы-карысы дебей аялдар менен кол берип, ыклас менен учурашат.

Үйлөрүндө таар согуп саткан артелден башка аялдарда айлык алып иштеген жумуш жок.

Бирок 150дөй кыз азыр ар жактарга окууга кеткен. Асилдин айтымында, окуусун бүткөн кыздардын көбү кайтып келбейт. "Айылдагы бозойлор 30тан ашканча аял албай, көчө таптап жүргөнү ошондон" - дейт.

38 жаштагы Асил төрт баланын энеси, жетидеги Семанур, эки жаштагы уулу этектеп эрке.

"Баланы катуу кармасаң, бир нерсени айтмайынча кыймылдабаган түртмө болуп калат" - дейт.

Асил Ооганстандын Кичи Памиринде туулуп, үч жашында советтик баскынчылыктын так алдында ата-энеси менен Пакистанга качат.

"Пакистанда ысыкка чыдабай, ичим курттап, казандай көөп кетиптир. Соолуп жатсам, чарчап калган экен деп, жоолук жаап коюшат. Эртеси көмөлү деп келип ачышса, кыймылдап жатыпмын. Ошентип аман калыптырмын”- деп эскерди инисине атаандашып, мектепке барбай койгон Семанурду кучактап бетинен өпкөн Асил.

Cүрөттө: Семанур апасы Асил Абдылвахаб кызы менен.

Улуу Памир, Түркия

XS
SM
MD
LG