Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Түркиядан келүүчү 106 млн. доллар насыя боюнча кыргыз өкмөтүндө талаш жаралып, аны өздөштүрүүдө министрлердин пикири эки ача болууда.

Өкмөттүн ал насыяны социалдык инфраструктураларды курууга жумшоо максатын айрым министрлер сынга алышууда. Алардын айтымында, мурдагы насыялардай болуп, бул жолку каражат да коррупциялык жол менен жок болуп кетиши мүмкүн.

3-июлдагы өкмөттүн жыйынында Түркиядан алынып жаткан 106 млн. доллар насыянын социалдык объекттерди курууга жумшалышына биринчилерден болуп УКМКнын башчысы Шамил Атаханов каршы чыкты. Ал социалдык долбоорлорду коррупциялык схемалар аркылуу насыянын жок кылуу жолу дейт.

- Мындан да пайдалуу жана каражатты кыска мөөнөттө кайтарып бере турган долбоорлор бар. Мисалы, “Коопсуз шаар” долбоорун айтсак болот. Ал жумшалган каражатты 3 жылдын ичинде кайтарат жана казынага жаңы акчалар түшүп турат. Бул үчүн болгону 10 млн. доллар керек. Ошондой эле биз паспортторду жана акциздик белгилерди жасаганга ондогон миллион акча керек деп айтып жүрөбүз. Бул үчүн дайыма тендерлерди өткөрүп, акчанын баарын чет элдик ишканаларга берип жатабыз. Ошон үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын алдына ушуларды жасай турган басмакана курсак да болот. Бул үчүн эң көп дегенде 20 миллион доллар керек жана ал үч жылдын ичинде кайра кайта баштайт.

Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары, 13-январь, 2012-жыл

Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары, 13-январь, 2012-жыл

Атаханов өзү сунуштап жаткан долбоорлор ишке ашса, жемкорлукка каршы күрөшкө чоң өбөлгө болмоктугун айтып, эгемендиктин алгачкы жылдары алынып, бирок максатына жетпей калган 75 миллион доллар түрк насыясынын тагдырын да эске салды. Анын пикирин каржы министри Акылбек Жапаров да колдоп, түрк тарап бул акчаны экономикалык долбоорлорго жумшалышына кызыкдар экенин айтты.

- Биринчи кредит боюнча жыргатарлык эч нерсе жасалган эмес. Кыргыз өкмөтү он жолу анын төлөө мөөнөтүн артка жылдырган, акырында аны жоюу менен бүтүрдүк. Эгер бул жолку насыянын 67 млн. долларын бюджеттик сугат иштерине, мектептерге кетире турган болсок, анда эмне үчүн биз мынча кыйналдык? Түрк өкмөтү, Режеп Тайып Эрдоган да премьер-министр барганда айткан. “Бул “Эксимбанктын” акчасы эмес, түрк өкмөтүнүнүн акчасы, силер инвестициялык долбоолор дегенден улам “Эксимбанк” аркылуу берип жатабыз” дегенинен кечээ элчи менен да талашып-тартыштык.

Насыя оюн эмес

Эгемендиктин алгачкы жылдары алынган 75 млн. доллар насыянын 51 миллион долларын Түркия өткөн жылы гана кечкен болчу. Ал эми өкмөт ушул тапта алынып жаткан 106 миллион доллар насыянын 17 миллионун табигый кырсыктан жабыркаган мектептерди курууга, 7 млн. долларын Кадамжайдагы Бүргөндү өңүрүндөгү сугат каналдарын оңдоп-түзөөгө жумшоону максат кылууда.

Ал эми Бишкек шаарына берилген 35 млн. доллардын 5 миллионуна Ак-Ордо жаңы конушуна электр көмөкчү чордондор курулса, 30 млн. долларына борбор калаанын жолдору оңдолмокчу. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов алардын зарылдыгын белгилеп, айтылган сунуштарды кескин сынга алды:

- Бул акчага 100 миң доллар гана үстөк пайыз төлөйт экенбиз. Кыйын болсоңор 1 миллиард доллар алып келбейсиңерби! Алып келген акчаны көрө албай... Көрө албастык, оюн болуп жатат бардык жерде. Чатырда окуп жаткан балдарга мектеп салалы деп жатабыз. Анда кыргыздын балдары чатырда окуй берсин. Он жылдан кийин алардын баары билимсиз болуп чыгышат. Түркия тарап элчисине бул келишимге кол коюуну тапшырып жатат. Бул деген алардын акчаны алып, өздөштүргүлө деп, бизди колдоп жатканын билдирет. Ошол колдоп берип жаткан акчаны биз ар нерсе кылганы жатабыз.

106 млн. түрк насыянын 6 миллион доллары грант, 100 миллион доллары 20 жылга 0,1 пайыз менен кредит түрүндө берилүүдө. Аны Кыргызстан жети жылдан соң кайтара баштайт.

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков өкмөт элдин көңүлүн жайгаруу жана нааразычылыгын жаратпоо максатында ар кандай жолдор менен бюджетти толтурууну максат кылып алды деп эсептейт.

- Биздин өкмөткө мамлекетибиздин стратегиялык өнүгүүсү маанилүү эмес. Өкмөткө бүгүнкү чече турган иштер маанилүү. Анткени бүгүн социалдык маселелерди чечпей турган болсо, анда өкмөткө элдин нааразычылыгы жаралат. Ошондуктан өкмөт стратегиялык иштер менен эмес, бийликте узагырак калышына жардам берген маселелерди гана чечип келатат.

Ушул тапта Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард долларга жакындады. Алардын көбүн жыйырма жыл аралыгында Кыргызстанда берилип, бирок максатсыз пайдаланылган жана мамлекеттик жетекчилер тарабынан жок кылынган кредиттер түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG