Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Стамбул шаарында өткөн дүйнөлүк гуманитардык саммитке барган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түрк бийлиги менен жолугушпаганы көп ойго жем таштоодо.

Түркия президенти кыргыз мамлекет башчысы менен сүйлөшүүгө эмне үчүн убакыт таба албады? Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү эмне үчүн өспөй жатат? Инвестиция тартуу солгундап, гуманитардык багыттагы алакаларга өбөлгө боло турган бир топ долбоорлор кыскарып калганы чынбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жана ЖИА бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акмат катышты.

“Азаттык”: Руслан мырза, Кыргызстан үчүн Түркия артыкчылыктуу мамлекеттердин бири. Соңку беш жыл менен салыштырганда эки өлкө ортосундагы мамилелерде өсүш ыргагы байкалбаганынын себебин эмнеден көрөсүз?

Руслан Акмат: Чын эле акыркы жылдары Түркия менен мамилебиз бир аз солгундап кетти. Түркиянын биздин өлкөбүздүн экономикасына кызыгуусу да азайып калды. Анын негизги себептеринин бири - өзүбүз кең дүйнөдөн чыгып, тар дүйнөгө кирип алганыбыз болду.

“Азаттык”: Кең дүйнөңүз эмне, тар дүйнөңүз эмне?

Руслан Акмат: Мына, биз өзүбүз приоритеттүү багытыбыз деп Евразия экономикалык биримдигине кирип алдык. Ага карата акыркы жылдары чыгарылган чечимдерди талдап көрсөк экономикалык жагы биринчи орунда эмес, саясий чечимдер үстөмдүк кылып келатат.

Кийинки убакта Түркия болобу же башка мамлекеттер менен болгон кызматташтыкка арналган форумдар, сүйлөшүүлөр же отурумдар формалдуу жыйынтыкталып калууда. Ошондуктан кызматташуунун үзүрүн көрө албай келебиз.

Түркия Кыргызстан үчүн беш приоритеттүү мамлекеттердин катарына кирет. Тилекке каршы, Кыргызстан Түркиянын кызматташуу потенциалын пайдалана албай келет. Биз 25 жыл мурда Түркия менен тилибиз, динибиз бир, орток тарыхыбыз бар десек, дагы эле ошентип кургак сөз менен келатабыз. Биз алардын "эмне үчүн Кыргызстанга келип инвестиция салып, ишкерлик кылыш керек?" деген суроосуна далилдүү жооп таба албай келебиз.

Бир эле мисал айтайынчы, 2010-жылдан кийин жылына бир жолу эки өлкөнүн премьер-министрлери катышкан экономикалык форумдар өтүп турчу, иш алга жыла баштаган. Акыркы эки жылдан бери мындай бир дагы иш-чара өткөн жок.

“Азаттык”: Форум демекчи, ушул жылдын башында кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн катышуусунда кыргыз-түрк ишкерлеринин форумдары өтүп, өнөр жай зонасын куруу жөнүндө документтерге кол коюлду эле. Өкмөттүн алдына бир топ маселелерди коюп жаттыңыздар эле, аткарылдыбы?

Руслан Акмат: Жеке ишкерлердин деңгээлинде аздыр-көптүр алака-катыш болууда. Биз алардын кызыгуусун ойгото турган мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду сунуштай албай жатабыз. Мисалы, Кыргызстан ЕАЭБга кирди, түрк товарларын Орусияга биз аркылуу сатсаң болот дедик. Бирок түрктөргө конкреттүү сунуш айта алган жокпуз.

“Азаттык”: Асан агай, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык кызматташтык долбоорлору да кыскарып кетти деген маалыматтардын канчалык чындыгы бар? Эгер ошондой болсо ага эмне себеп болууда?

Асан Ормушев: Мен Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы гуманитардык мамилебиз солгундап кетти дегенге кошулбайм. Эки өлкө ортосунда бир нече багытта иштер жүрүп жатат. Эң негизгиси - билим берүү тармагы. Биринчиси - мамлекеттик билим берүү мекемелери. Аларга кыргыз-түрк “Манас” университети жана Анадолу мектеп-лицейлери кирет.

Экинчиси - “Себат” билим берүү лицейлери. Үчүнчүсү - диний багыттагы билим берүү мекемелери да Түркия менен ийгиликтүү иштеп жатат десек болот.

Кызматташуунун дагы бир тармагы бул – илим болуш керек эле. Тилекке каршы, бул кызматташуу мамлекеттик деңгээлде болбогону өкүнүчтүү. Биздеги көп тармактар өздөрү таап алып, ар кимиси өз алдынча эле иштеп жатышат. Мисалы, медицина илими өзүнчө, сейсмология институттары дагы өз алдынча, музейлер өз аракеттери менен кызматташып келатышат. Мамлекетте илим жаатында кызматташуу боюнча бирдиктүү, чоң программа жок.

“Түрксой” уюмунун алкагында бир топ жакшы иштер болуп жатканын айтышыбыз керек, ага Кыргызстан активдүү катышууда. Түркиянын ТИКА уюмунун үзүрү да анча байкалбай жатат. Мурда бул уюм да ири долбоорлорду ишке ашырчу эле, акыркы жылдары жетекчилери бат-бат алмашканынанбы иш анча көрүнбөй жатат. Жалпылап айтканда Кыргызстан менен Түркиянын гуманитардык кызматташтыгы да бирдей деңгээлде эмес, бирде ылдый, бирде өйдө болууда.

“Азаттык”: Руслан мырза, мурда Түркиядан кийим-кече даяр түрүндө алып келинип сатылчу эле. Азыр кездеме, сырье түрүндө келип, Кыргызстанда жасалып, өз атыбыздан сатып жаткандын үзүрү болуудабы?

Руслан Акмат: Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аралык Кытайга караганда бир топ алыс. Товар ташып келүү бир топ кымбатка турат. Биз ЕАЭБга киргенде Түркиядан келген товарлардын баасы жогорулап кетти. Ошондуктан биз түрк ишкерлерин, потенциалдуу инвесторлорду Кыргызстанда өндүрүш ачууга кызыктырып, багытташыбыз керек.

“Азаттык”: Асан агай, Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемелери Түркиянын азыркы президенти Эрдогандын оппонентинин идеологиясындагы билим берүү тармагы болгондуктан аларды жабуу маселеси каралып жатканы айтылды эле. Эгерде бул чын болсо, анда Кыргызстан үчүн кандай пайда-зыяны болушу мүмкүн?

Асан Ормушев: Ооба, эл арасында ушундай кептер бар. Мен расмий, же мыйзамдуу түрдө Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемелери жабылсын деген буйрукту же чечимди көргөн жокмун. Түркиянын азыркы президенти Борбор Азия мамлекеттериндеги элчилерине аталган лицейлер Фетхулла Гулендин идеологиясындагы билим мекемелери, аларды жапкыла деген буйрук болуптур деген жөө сөздөр да болгон.

Азыркы күндө Кыргызстанда 20дан ашык “Себат” лицейи бар, алардын билим берүүдөгү аракеттери Кыргызстандын билим берүү саясатына дал келет. Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларына “Себат” билим берүү мекемелери аркылуу чыгып жаткандарын эч ким тана албайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG