Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:47

Кыргызстан инвестиция издөө жолунда


Түрк ишкерлери Кыргызстандын жеңил өнөр жайына кызыгууда.

Түрк ишкерлери Кыргызстандын жеңил өнөр жайына кызыгууда.

19-мартта Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму өттү. Кыргызстан түрк ишкерлерин тоо кен, энергетика, кайра иштетүү тармактарына инвестиция салууга чакырды. Түрк ишкерлери азырынча өлкөдөгү абал, инвестициялык шарт менен таанышууга ык коюшууда.

Түрк ишкерлеринин жоон тобунун Кыргызстанга келишин президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл январь айында Түркияга сапарынын жыйынтыктарынын бири катары бааланууда.

19-мартта өткөн форумда түрк ишкерлерин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев кубаттап, аларды Кыргызстандын алтын, кайра иштетүү тармактарына инвестицияга салууга чакырды.

Ал эми түрк ишкерлери өздөрү кайсы тармактарга кызыгып жатканы тууралуу Кыргызстан Соода палатасынын төрагасынын орун басары Рима Апасова буларды айтты:

- Тармактарды айтканда - курулушка, төө буурчакты кайра иштетүүгө кызыгып жатышат. Андан сырткары жеңил өнөр жайына кызыгуу бар. Анткени биздин текстиль өнөр жайыбыз аябай жакшы болуп калды. Бул тармактын продукциялары Орусияга кетет. Бизде алтынды иштетип, бул жерде зер буюмдарды чыгарса болот.

Алмазбек Атамбаев жана Абдулла Гүл, жубайлары менен, Анкара, 13-январь, 2012-жыл

Алмазбек Атамбаев жана Абдулла Гүл, жубайлары менен, Анкара, 13-январь, 2012-жыл

Делегациянын курамында болгон Түркиянын Бурса провинциясынын губернатору Шахабеттин Харпут түрк ишкерлерин Кыргызстанда коррупция жана туруксуздук чочулатып жатканын билдирген.

19-марттагы форумда конкреттүү келишимдерге кол коюлган эмес. "Бирок мындай форумдар болуп турганы пайдалуу" дейт Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин өкүлү Эрмек Ниязов:

- Форумдарды көп өткөрүш керек. Бир жолу өткөрүп токтоп калбаш керек. Мисалы, чет өлкөлөрдө апта сайын эле форумдар боло берет. Кызыккан кишилер келип, сүйлөшүп кете беришет.

Эрмек Ниязовдун айтымында, негизи ишкерлерге кепилдик берилип, мыкты мыйзамдар кабыл алынса, Түркия эле эмес, Бразилиядан да келе беришет. Башкысы инвестицияга шарт түзүлүшү зарыл.

Кыргызстан менен Түркиянын соода байланышы бирде өйдөлөп, бирде ылдыйлап келатат. Маселен, 2008-жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 236 млн. доллардан ашса, 2010-жылы 122 млн. доллар болуп калган. 2011-жылы кайрадан өсүү пайда болуп, 171 млн. долларга жеткен. Импорт менен экспорттун салыштырмасы Кыргызстандын пайдасына эмес.

Түрк тарап Кыргызстандын 49 млн. доллар тышкы карызын кечип, келишимди кыргыз парламенти да жакында эле ратификациялаганы маалым.

Кыргызстан энергетика, тоо кен сыяктуу орчундуу тармактарга Түркиядан инвестиция күтүп жатат. Тажикстандын мына ушул тармактарына Иран олуттуу инвестиция салгандай эле. Бирок азырынча Түркиядан олуттуу акча, инвестиция келери дайын эмес.

Кыргызстандын төө бурчагы да түрк ишкерлерин кызыктырып жатат

Кыргызстандын төө бурчагы да түрк ишкерлерин кызыктырып жатат

Саясий-экономикалык багыттагы форум 19-мартта Москва тарапта да болду. Орус борборунда Евразия экономикалык шериктештигинин тагдыры күн тартибине коюлуп, аны Евразия экономикалык биримдигине айлантуу маселеси президенттер тарабынан талкууланды. Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, бул маселе чечилбей калды.

Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө арызын берген. Анын шарттары боюнча сүйлөшүүлөр болуш керек. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстан бул уюмдарга кирүүдө жеңил өнөр жайына жеңилдик берилишин сураарын Москвада журналисттерге билдирген. Оторбаев ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 106 млн. доллар насыя берилбей калса, эч нерсе болбосун кошумчалаган.

Кыргызстан акыркы мезгилде энергетика, тоо кен жана башка орчундуу тармактарына Орусиядан эле эмес, башка мамлекеттерден, тактап айтканда Казакстан, Түркия, Катар жана Кытайдан каражат табууга киришүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG