Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун так каттамы аныктала элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун так каттамы аныктала элек. Жолдун эни, каржылоо булагы табылган жок. Мындай пикирин парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда, долбоорду аткарууда Кыргызстан кечигип калды. Учурда Кытай үчүн приоритеттүү башка долбоорлор каралып жатат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эл өкүлүнүн айткандарын бышыктады. Бирок темир жолдун энин аныктоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Анын белгилешинче, Өзбекстан буга чейин долбоор боюнча так турумун билдирген эмес. Расмий Ташкент эми гана аны колдой баштады.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган. 12 миллион тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жолдун узундугу 432,78 чакырым болот. 87 көпүрө, 28 тунел курулушу керек. Эгер курулуш башталса, аяктоого сегиз жыл керектеги айтылган. Долбоорго кетчү каражат 5 миллиард доллар деп болжолдонууда.

Аталган жол тууралуу да көп жылдан бери айтылып келатат, бирок жыйынтык чыга элек. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG