Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Ысык-Көлдө тоо медицинасына арналган симпозиум башталды


Дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген медицина адистери Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында тоо медицинасы жөнүндө талкуу өткөрүүдө. Симпозиумда тоолуу аймактарда жашаган калктын саламаттыгы, дем алуу органы, өпкө оорусу, кан басымы, жүрөк дарты сыяктуу ооруларды алдын алуу маселелери көтөрүлүүдө. Адистер заманбап шартта, жаңы техника менен дарылоо ыкмаларын да талкууга алышат.

Бул симпозиум биринчи ирет Кыргызстанда өтүп, кыргыз медицинасынын академиктери М.Мирахимов жана А.Алдашевтин элесине арналды. Ошондой эле иш-чараны мындан ары жыл сайын Ысык-Көлдө форум катары өткөрүү сунушу киргизилет. (AsM)

XS
SM
MD
LG