Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Парламенттин вице-спикерлигине Данияр Төлөнов шайланды


Данияр Төлөнов
Данияр Төлөнов

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин вице-спикери кызматына “Кыргызстан” фракциясынан Данияр Төлөнов шайланды. Бүгүнкү жашыруун добуш берүүгө катышкан 107 депутаттардын 104ү аны колдоп, үчөө каршы болду.

Мурунку вице-спикер Нурбек Алимбеков Тайванга жасаган талаштуу сапарынын айынан кызматтан кеткен.

Данияр Төлөнов 45 жашта. Ош технологиялык университетин бүтүргөн.

Парламентте төраганын эки орунбасары бар. Эреже боюнча, бири башкаруучу коалициядан, экинчиси оппозициядан шайланат. Оппозиция канатынын атынан вице-спикерлик кызматка “Республика - Ата-Журттун” өкүлү Алтынай Өмүрбекова айым шайланган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG