Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Түркияда бекер дарылана турган кыргызстандык жарандардын тизмеси азырынча тактала элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, атайын комиссия бир айдан кийин иштей баштайт. Учурда арыздар кабыл алынууда.

Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев Түркияга иш - сапар менен барганда жылына жүз жаранды бекер дарылатуу боюнча макулдашып келген болчу. Байкоочулар чет өлкөдөгү медициналык жардамга өтө муктаждарды иргеп алуу жол-жобосу ачык-айкын болушу керектигин, болбосо нааразылык жараларын эскертип жатат.

Нарындагы Жумгал районунун тургуну Светлана Исакованын 22 жаштагы уулунун эки бөйрөгү тең ооруйт. Ушул тушта гемодиализ менен жумасына үч ирет канын тазалатып турат. Исакова жалгыз уулунун бөйрөгүн алмаштырууга чамалары чак экенин, мындан улам Түркияда бекер операция жасатууга далалат кылып жүргөнүн айтты:

- Уулум 2012-жылдан бери ооруйт. Ага чейин жакшынакай эле жүрчү. 9-класстын базасында Бишкекте 4-орто кесиптик окуу жайды бүтүргөн. Окуусун бүткөн жылы эле ооруп калды. Төрт кыздын арасындагы жалгыз уулум. Гемодиализ алып жатканына эки жылдан ашты. Бир жумада үч жолу алабыз. Бөйрөгүн алмаштырса, мен өзүм донор болот элем. Түркиядан жүз кишини бекер дарылатабыз деп атышпайбы. Ушуга илинип калса жакшы болмок...

Светлана Исакованын уулу сыяктуу өтүшкөн бөйрөк оорулуулар Кыргызстанда ондоп саналат. Андан сырткары жүрөк, кан-тамыр дартына чалдыккан, четтен чукул медициналык жардамга муктаждар арбын. Кубатбек Садырбеков Саламаттык сактоо министрлигинин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы. Ал Түркияда бекер дарылана турган адамдардын тизмесине байланыштуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди:

- Арыздарды комиссия азырынча карай элек. Түркиядан да түрк профессорлор келиши керек. Алыр бир айдан кийин келишет го. Четтен медициналык жардамга муктажмын деген адамдардын баарынын арызын алып жатабыз. Мындай адамдар арыз жазып, болгон документтерди тиркеп, биздин министрликтин кат куржунуна салып коюшу керек. Комиссия иштеп, арыздарды тандап, тизме түзүлгөндө ошол адамдарды чакыртып алабыз. Арыздарды комиссия карагандан кийин Түркиядан келген адистер кимдерди жөнөтүү керектигин айтат. Түркияга мына ошол адамдар жөнөйт.

Садырбековдун билдиришинче, иши ачык-айкын болушу үчүн комиссияны курамына Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн сырткары депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. "Психикалык саламаттык" коомдук уюмунун башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаеванын пикиринде, бекер дарылана тургандардын тизмесин түзгөн комиссия так иштебесе, ар кандай күдүк ойлордон улам коомдо чоң нааразычылык чыгышы мүмкүн:

- Эң башында ошол тизмени түзүү боюнча эрежелерди, жол-жоболорду так аныктап жазып алып, анан комиссия ишин башташы керек. Эгер процедуралар так жазылбаса, комиссиянын өзүнө эле кыйын болот. Оорулуулар көп, баарын эле бекер дарыланууга жөнөтө албайт, бул турган иш. Ошондуктан кийин нааразылык жаралбашы үчүн бардык нерсе так, даана жазылып, комиссия ачык-айрым иштеши керек.

Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев Анкарага иш-сапар менен барганда жыл сайын 100 кишини Түркияда бекер дарылатып туруу боюнча макулдашып келген болчу. Бул четтен медициналык жардамга өтө муктаж, өмүрү кылдын учунда турган ондогон адамдын үмүтүн жандырган эле. Буга чейин Орусияда да жылына 100 адам бекер дарыланып турган. Бирок мындан үч жыл мурун муну расмий Москва кайсы бир себептерген улам бул токтотуп койгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG