Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум өттү.

“Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкырт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты.

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Тарыхый-илимий жактан алганда, жыйында кандай жаңы фактылар айтылды?

Т.Чоротегин: Албетте, жыйын учурунда археологдордун жаңы табылгалары менен тааныштык. Мисалы, Хакасиядан келген Виктор Бутанаев кыргыз, хакас, самоди тилдериндеги терминдерди бири-бирине салыштырып чыккан экен. Жыйында кыргыздардын Энесай менен байланышы бардыгын көрсөтүп, биздин тамырыбыз өтө терең экендигин белгиледи. Ал эми археолог Кубат Табалдиев тээ Алтайдагы байыркы Пазырык деген жерде табылган эстеликтер менен Кыргызстандагы эстеликтердин бири-бирине үндөшкөн белгилери бардыгын далилдеп, көрсөтүп берди. Андан сырткары ат жабдыктар, ээр сыяктуу сакталып калган буюмдарды дагы салыштырып, биздин кеңири Ички Азияда (Борбор Азияда) жашаган эл экенибизге токтолду. Юлий Худяков, Мурат Кожобеков баштаган бир катар окумуштуулар байыркы кыргыздардын өз мамлекети болгондугу, алар Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жайгашкандыгы жөнүндө өздөрүнүн соңку таасын маалыматтарын ортого салышты. Албетте, бул жаатта эскиче, мурдагы пикирлерин айтып жүргөн окумуштуулар дагы жок эмес. Бул табылгалар илим чөйрөсүндө кеңири таркалышы үчүн дагы мезгил талап кылынат. Менин пикиримде, бул өзгөчө кызыктуу жыйын болду. Мындан тышкары, жыйында окумуштууларга өз материалдары менен тааныштырганга кеңири мүмкүнчүлүк берилди, мультимедиалык усул менен бардык материалдарды жакшы көрсөтүп берүүгө мүмкүнчүлүк болду.

"Азаттык": Симпозиумдун материалдары өзүнчө жыйнак болуп чыгабы? Окурмандар эмнени күтсө болот?

T.Чоротегин: Симпозиумдун материалдары кыргызча жана түркчө толук жарыяланат деп айтылды. Андан сырткары мындай илимий иш-чараны ар бир эки жылда өткөрүп туруу сунушу айтылды. Жалаң гана кыргыз, түрк окумуштуулары эмес, орусиялык, кытайлык илимпоз адистерди тартуу менен буга чейин колубуз жете албай жүргөн аймактар, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун алкагына кирген Чыгыш Теңир-Тоодо жана Ордос, Гоби, Монголияда атайын археологиялык, этнографиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл деген милдеттерди көрсөтүштү. Ошол милдеттерди аткарууга албетте, эл аралык деңгээлде долбоорлор түзүлүшү шарт, аны эки өлкөнүн гана окумуштуулары жана демөөрчүлөрүнүн мүмкүнчүлүгү менен чече албайбыз. Бул он чакты жылга созула турган долбоорлор болуп саналат. Бул жаатта дагы сөз болду.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG