Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

Жакында Түркияда басылып чыккан кыргыз адабиятындагы алгачкы роман – Мукай Элебаевдин “Узак жолу” түрк окурмандарынын кызыгуусун пайда кылды. Азыр жүз жылдыгы белгиленип жаткан кыргыз тарыхындагы каргашалуу окуя – Улуттук боштондук көтөрүлүш менен Үркүндү чагылдырган бул чыгарманы Түркиядагы журтташыбыз Майрамгүл Дыйканбаева которгон.

- Майрамгүл, сиз түрк студенттерине кыргыз адабиятынан сабак бергенден тыш кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуп жүрөт экенсиз. Жазуучу Мукай Элебаевдин “Узак жол” романы түрк тилинде өзүнчө китеп болуп чыкканын да көрүп калдык интернеттен. Түрк окурмандары, түрк коому бул чыгарманы кандай кабыл алып жатат?

- "Узак жол" биздин тарыхыбыздагы эң маанилүү учурду камтыган чыгарма. Түрк окурмандары да кыргыздар жүз жыл мурда ушундай кайгылуу учурду башынан өткөргөнүн билсин деген максатта котордум бул романды. Аны окурмандар аябай кызыгуу менен кабыл алышты. Бул үчүн мени куттуктаган түрк адабиятчылары да болду. Айрым окурмандар азырга чейин чалып, "ушул жазылгандар чынбы, кириш сөзүндө жазуучунун башынан өткөн окуя, өмүр баяны деп жазыпсыз, чын эле ушундай окуя болгонбу?", - деп таң кала сурап жатышат. Мен болгонун болгондой айтып келатам. Азыр деле улам бир адабий журналда таанытылып, бир кыргыз романы которулду, анда 1916-жылкы Үркүн окуясы чагылдырылыптыр деген талкуулар уланып жатат.

- "Узак жолду" которуу өз демилгеңиз болдубу, же кимдир бирөөлөрдүн сунушубу?

- Эч кимден сунуш болгон жок, өз демилгем менен эле кыргыз адабиятын сыртка таанытууга кичине болсо да салым кошойун деген максатта котордум. Анын үстүнө "Узак жол" кыргыз адабиятындагы алгачкы роман. Экинчиден, анда Кыргызстандагы эле эмес Борбор Азиядагы маанилүү тарыхый учур чагылдырылган.

- Китеп кылып чыгаруу маселесин кантип чечтиңиз?

- Түркияда Евразия жазуучулар бирлиги деген уюм бар. Ошонун жетекчисине кайрылдым, ушундай роман которуп атам, чыгарып бере аласыңарбы, болбосо башка басмакана издейин деп. Ал киши дароо макул болду. "Биздин бир милдетибиз Борбор Азия адабиятын, тарыхын, маданиятын жайылтуу. Андыктан эч кимге бербе, аны биз басышыбыз керек", - деп калды. Ошентип китеп Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгу" басмаканасында басылды.

- Канча нуска менен чыкты?

- Миң нуска менен чыкты. Келишим ушундай болгон, бул миң нуска сатылып бүтсө дагы басып чыгара беришет. Бул китепке азыр түрк тарыхчылары да, адабиятчылары да, а түгүл географтары да кызыгып жатышат. Мындай кызыгуулардан улам бир жакшы иш жасаптырмын деп кубанып турам.

- Негизи түрк коомунда кыргыз адабиятына кызыгуу кандай?

- Абдан кызыгышат. Анткени анын эң башында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов турат. Ал кишини баары тааныйт, чыгармаларын жети жаштагы баладан тарта жетимиш жаштагыларга чейин окушат. Албетте эми Айтматовдун орду башка, ал өзүнчө сөз кылчу маселе. Бирок андан башка акын-жазуучуларды көп биле беришпейт. Бизде мыкты чыгармалары бар башка акын-жазуучулар да бар го. Эми мага окшогон котормочулардын аракети менен башка жазуучуларыбызды да аз-аздан биле баштады. Маселен, "Узак жолдон" улам Мукай Элебаевди, "Ажардан" улам Касымалы Баялиновду таанып калышты. Өткөндө бир кечеде Алыкул Осмоновдун "Ата Журт", Шайлообек Дүйшеевдин "Эне тилин унуткандар" аттуу ырын түркчөгө которуп, студенттериме кыргызча-түркчө айттырып чыктым. Түрксой уюму да Алыкул Осмоновдун түркчө которулган китебин чыгарды. Ушинтип түрк окурмандары кыргыз адабиятын жаңыдан таанып баштады. Бирок азырынча көп биле элек. Эми Чыңгыз Айтматовдон башка да акын-жазуучуларыбызды түрк окурмандарына таанытуу - биздин милдетибиз.

- "Ажарды" да которгон экенсиз, ал да өзүнчө китеп болуп чыктыбы?

- Бул эми чакан повесть болгондуктан өзүнчө китеп кылуунун кажети болгон жок. "Түркият" аттуу абдан таанымал, абройлуу бир эл аралык адабий журналга чыкты. Мындан тыш адабиятчы-окумуштуу Качкынбай Артыкбаевдин "ХХ кылымдагы Кыргыз адабиятынын тарыхы" аттуу студенттер үчүн даярдалган китебин котордум. Китеп абдан көлөмдүү болгондуктан эки жылдай убактымды алды. Бул эми кыргыз адабиятынын энциклопедиясы сыяктуу го. Азыр аны Түркиядагы жогорку окуу жайлардын адабият бөлүмүндө билим алган студенттер окуп жатышат.

- Төлөгөн Касымбековдун тарыхый “Сынган кылыч” романы боюнча да изилдеп жүргөн экенсиз...

Ооба, өткөн жумада Түркиянын Бартын шаарында "Адабият жана коом" деген эл аралык чоң симпозиумга катышып, "Сынган кылыч" романындагы бийлик менен элдин ортосундагы мамиленин чагылдырылышы боюнча баяндама жасадым. Анда Кокон хандыгы учурундагы бийликтин элди эзген мамилеси, зулумдугу, ордодогу кутум-интригалар тууралуу сөз кылдым. Бийлик, хандык үчүн бири-бирибизди "жеп" жатканыбызда орустар оңой эле басып алышканын айттым. Эми деле биздин тың чыкмалар бийлик дегенде улунуп-жулунбай, эл үчүн кызмат кылганды үйрөнүшү керек. Биздин тарыхта эң сонун мисал бар, ал - Кокон хандыгы. Так талашып, бири-бири менен тытышып атканда башкалар басып алышты. Ошол нерсе кайталанбашы үчүн биз, кийинки муун акыл калчап иш кылышыбыз керектиги тууралуу сөз кылдым.

Эми май айынын соңунда Испаниянын Мадрид шаарында өтчү дагы бир эл аралык жыйынга катышканы жатам. Анда кыргыз макал-лакаптары тууралуу баяндама жасайм.

- Сөз соңунда өзүңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз...

- Кыргыз Улуттук университетинин чыгыш таануу факультетин аяктап, ошол эле окуу жайда иштеп жүрдүм. 2002-жылы Түркия жарыялаган сынактан өтүп, билимимди өркүндөткөнү келдим. Анкарадагы Гази университетинде алты жыл аспирантурада окуп, мекениме кайтайын деп жатсам Эрзурум шаарындагы атактуу Ата Түрк университетинен сунуш түшүп калды. Ошентип жети жылдан бери түрк студенттерине кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. Мындан тыш кыргыз адабиятын таанытуу, жайылтуу максатында котормочулук менен алектенип келатам.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG