Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Мexмет Турду: Күрддөр менен элдешебиз


Улуу Памирде
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00
Түрк армиясынын офицери Мехмет Турду күрддөрдүн курчоосунда турган ооган кыргыздарынын Улуу Памир айылында учурда абал тынч экендигин айтат. Анын айтымында, түрк бийликтери күрддөр менен мындан ары ынтымак болот деп убада берүүдө.

Ооган кыргыздары Түркияга көчүп келгенден кийин 150дөй кишиге түрк өкмөтү айлык төлөп, айылды кайтарууга аскер кызматына алган. Улуу Памирде алардан башка маяна алып иштеген кыргыз жокко эсе.

Ооганстандан келген кыргыздар келип отурукташкандан тарта күрддөр кастарын тигип, сес көрсөтүп турушкан. Антсе дагы 25 жылга чукул аралыкта бир гана жолу атышуу болуп, анда кол салган тараптан бир киши окко учкан. Азыр кыргыздар менен күрддөр ымалалаш болуп, алтургай эки курдай кыз алып, кыз беришкен.

Кырдаал эми оңолот шекилдүү, себеби күрд жикчилдери 8-майдан баштап Түркиядан Түндүк Иракка чыгып кете баштаарын жарыялаган. Түркиянын жалпы калкынын 30% түзгөн күрддөрдүн 1980-жылдары башталган куралдуу козголоңунда 40 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG