Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Мусалиев: Түркиядагы кыргыздардын көбү жакшы кызматта иштейт


Кубан Мусалиев менен Сан-Маринодо өткөн кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк форумунда тааныштык. Түркияда жеке ишкерлик менен алектенген жигит ал жактагы мекендештер тууралуу кызык аңгеме курду.

- Кубан, Түркиядагы кыргыздардын биримдиги өзгөчө бир сөз кылаарлык, үлгү алаарлык деп айтылды бул жыйында. Кантип жетиштиңер андайга?

- Бул эми тыштан карагандарга жакшыраак көрүнсө керек. Бизге байкалбайт деле да. Бирок айта кетчү нерсе, биз коомду түзүп жатканда (Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому) жалгыз бир улутка басым кылган эмеспиз. Менин оюмча, биз жараткан ийгиликтин бирден бир сыры ушунда. Ишти “коом жалаң кыргыздар үчүн эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн кызмат кылат” деп баштаганбыз. Өзүңүздөргө маалым, Кыргызстанда кеминде 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ар бири менен байланышып, иш алып барабыз.

- Түркиядагы кыргыздардын көбү билимдүү экени, алардын жакшы жумушта иштеп жаткандарын айттың эле мурдараак. Бул көрсөткүчтүн себеби эмнеде деп ойлойсуң?

- Бул деңгээлге жетишибизге, биринчиден, улуттук сапат себепкер болсо керек. Кыргыздар илгертен эле меймандос, адилеттүү, бирөөнү алдабаган чынчыл эл эмеспи. Мен айткан сапаттарды түрктөр абдан баалашат. Экинчиден, түпкү тегибиз алар менен бир, оңой эле тил табышабыз. Айталы, мурдагы Союз курамындагы мамлекеттерден баргандардын көбү кара жумушта иштейт. Ал эми кыргыздардын 90 пайызы ак көйнөк кийген, маянасы жакшы кызматта олтурат. Мисалы мен өзүм жеке ишкермин. Түркиядан Орто Азияга товар жөнөтөм. Ар кандай компания, фирмалар менен мамиле түзүүгө туура келет. Кызыгы, алар менен байланышканда көбүнүн маркетологдору, менеджерлери, эксперттик бөлүм башчылары кыргыз балдар болуп чыгат. Ошол эле компания, фирманын жетекчилери “мага бир кыргыз кызматкер керек эле, таанышыңар болсо айтып койгулачы” деп кайрылганын көп уктум.

- Себебин сурадыңарбы, эмне үчүн кыргыз кызматкерин жумушка алгысы келет экен?

- Эмнеге десек, “кыргыздар калп айтпайт, анан жоопкерчиликтүү” деп айтышты. Мисалы, европалык жана аларга жакын айрым мамлекеттердин өкүлдөрү аябай так иштейт. Жумуш убактысы кандай бүттү, баары күйүп атса да таштап, өз маалында кетиши керек. Ал эми кыргыздар болсо иш аягына чыкмайын олтурат да. Бизде башынан “бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба” деген көз караш бар эмеспи. Кожоюндарга ошол сапат жагат сыягы.

- Өзүң Түркияда окуган экенсиң, ак жакта жашап атканыңа канча жыл болду?

- 1998-жылы окууга келгем. Стамбул шаарындагы Стамбул университетинен токой чарба инженерлиги боюнча билим алгам. Андан кийин ушул эле шаардагы Фатих университетинин (менеджменттик) башкаруу бөлүмүндө магистратурада окугам. 2002-жылдан бери соода-сатык, жеке ишкерлик менен алектене баштадым.

- Түркияда жүргөн балдар ошол жакта калып, биротоло түрктөшүп кетеби деген чочулоо жок эмес. Ушуга негиз барбы, кандай деп ойлойсуң?

- Эми бул жеке эле Түркия эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда жүргөн кыргыздарга тийиштүү маселе болуш керек. Айрыкча, ата-энеси менен чогуу барып, ошол жакта чоңоюп жаткан жаш муундардын келечеги ойлондурат. Кыргыздын тилин, салтын, үрп-адатын толук билбегендиктен кандай болуп чоңоюшат деген түпөйүл ой жүрөктү өйүп турат. Бирок биз учурда комуз, тил ж.б. кыргызга таандык өнөрлөрдүн ийримдерин ачканбыз. Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коомунун алкагында дал ушундай иштер менен алектенип жатабыз. Ишемби, жекшемби күндөрү ар кандай ийримдер, сабактар болот, ар бирине эки сааттан убакыт бөлүнгөн. Ошого балдарын жиберип, катыштырган кыргыз жаштары бар.

- Сенин көз карашыңда Сан-Маринодогу кыргыздардын форуму кандай өттү, кандай таасир калтырды?

- Форум жаңыдан түптөлүп жатат. Жаңы төрөлдү десек болот. Эми аны торолтуш керек, тай-тай бастырыш керек, тушоосун кесиш керек дегендей. Буюрса, ал күндөрдү да көрөбүз го деп ишенем.

- Рахмат, ишиңе ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG