Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Акаев: Турист катары келип, кетпей калгандар бар


Айбек Акаев.
Айбек Акаев.

Ушул тапта Түркияда 5 миңден ашуун кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Алардын көбү кызмат көрсөтүү, соода тармагында иштешет.

Түркиядагы журтташтардын ийгилиги менен көйгөйлөрү туурасында “Азаттыктын” суроолоруна Кыргызстандын Анкарадагы консулу Айбек Акаев жооп берди.

“Азаттык”: Түркияда канча кыргызстандык бар?

Айбек Акаев: Түркияда Анкара жана Стамбул деп эки консулдук аймак бар. Анкарадагы консулдукта расмий түрдө 589 кыргызстандык каттоодо турат. Алардын басымдуу бөлүгү Түркиянын ар кайсы окуу жайында билим алган студенттер, аспиранттар, курсанттар жана Түркия жарандарына турмушка чыккандар. Мындан сырткары Стамбулдагы консулдукта каттоодо тургандар бар.

Түркияда жүргөн кыргызстандыктардын бейрасмий саны 5 миңдей деп айтсак болот. Алар бул өлкөгө мурда келип, калып калгандар, иштеп жүргөндөр болушу мүмкүн. Алардын көбү мыйзамсыз жүргөндөр.

Түркиядагы кыргыздардын иш-чарасынан бир көрүнүш
Түркиядагы кыргыздардын иш-чарасынан бир көрүнүш

Кыргызстан-Түркия келишимдерине ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-бирине визасыз каттай алат. Кыргызстандыктар ошону пайдаланып турист катары Түркияга келип, көптөрү калып калышат, мыйзамсыз жүрүп иштешет. Кыргызстандыктардын көбү Стамбул, Анкара, Анталия, Измир, Трабзон шаарларында турушат.

“Азаттык”: Алар көбүнчө кайсы тармакта иштешет?

Айбек Акаев: Түркиядагы кыргызстандыктар ар кайсы тармакта иштешет. Алсак, гид, официант, котормочу, соодада, мейманкана бизнесинде жана бала багуучу, үй кызматчысы, кары-картаңдарды карап иштегендер бар. Башкача айтканда, аз акча төлөнчү тармактарда иштегендер көп.

“Азаттык”: Жетишкендиктери катары эмнелерди айта аласыз?

Анкарадагы кыргыздардын жолугушуусунан бир көрүнүш
Анкарадагы кыргыздардын жолугушуусунан бир көрүнүш

Айбек Акаев: 1990-жылдардын башында мамлекеттик квота боюнча студенттер келе баштаган, азыр да келип жатышат. Алардын көбү окууларын ийгиликтүү бүтүрүп Кыргызстанда эле эмес, Түркияда, Казакстанда жана Орусияда мамлекеттик жана жеке сектордо иштеп жатышат.

2010-жылы мурдагы бүтүрүүчүлөр, азыркы ишкерлер Стамбулда достук жана маданият коомун түзүштү. Ал эми 2011-жылы анын филиалы Анкарада ачылды. Ага студенттер, аспиранттар, ишкерлер мүчө болушкан. Университеттерде көп болбосо да кыргызстандык профессор, доценттер бар. Бул жакта жашаган сүрөтчүлөр жыл сайын көргөзмөлөрүн уюштуруп турушат.

“Азаттык”: Негизги көйгөйлөр кайсылар?

Айбек Акаев: Жогоруда айткандай көптөрү турист катары үч айга келип, бирок андан көп убакытка калып калышат. Бул мыйзам бузууга кирет. Эгер андан көбүрөөк убакытка калууну каалагандар кайсы провинция болбосун коопсуздук башкармалыгына барып убактылуу жашоого уруксат алып алса болот. Тилекке каршы, муну көптөрү билбей, ар кандай жагдайларга туш болуп калышат. Адам сатуу проблемасы да ошондон чыгат.

Жарандар мыйзам бузган учурда бизге кайрылышат. Биз керек болгон чараларды көрөбүз. Учурда эки кыргызстандык жаран камакта. Бирөө адам өлтүрүүгө, экинчи аял мыйзамсыз маңзат ташыды делип айыпталган.

XS
SM
MD
LG