Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Улуу Памир-35: Жомок жоктон жаралбайт


Кыргыздар Кабулга соодага бараткандагы көрүнүш. Малик Рахманкул уулу тарткан сүрөт.

Кыргыздар Кабулга соодага бараткандагы көрүнүш. Малик Рахманкул уулу тарткан сүрөт.

Памирлик кыргыздарда улуттук кенчтин эң байыркы түрлөрү сакталып калган. Алардын эң эскиси бул жомоктор. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын өзүнө сиңирген жомоктор адам баласына жол көрсөткөн багыттоочу күч болгон. Бүгүн жок болуп бараткан жомок тууралуу ооган кыргыздарынын жомокчусу менен аны изилдеген окумуштуунун түшүндүрмөсүн уксак.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


Турган Ырайым кызы Ооганстандын Памиринде туулуп өскөн. Азыр Түркияда жашаган Ырайым кызынын жадысында "Манас" кара сөз түрүндө калган, анын айтымында, "Манасты" алар ыр түрүндө эмес, жомок деп үйрөнүшкөн.

Энтограф профессор Сулайман Кайыпов памирлик кыргыздардан 100дөн ашык жомок жаздырып алып, алардын экөөсүн китеп түрүндө чыгарган.

Бишкектеги кеңсесинен жолукканымда профессор элдик оозеки чыгармачылыктын бул түрү тууралуу узун сабак сөз кылды.

Жаңыл Жусупжан: Ичкилик кыргыздарда "Манасты" жомок катары айтышат. Эпикалык чыгармаларды Кыргызстандагыдай кыраатын келтирип, транска түшүп айтпагандыгынын себеби эмнеде?

Сулайман Кайыпов: Мурда аларда эпос деген сөз болгон эмес. "Манасты" жомок деп айтышкан. Жомок деген сөз эпос деген сөз. Ал эми ооз эки түрүндө айтылган кыскача прозалык түрдөгү ооз эки аңгемелер жөө жомок деп айтылат. Мисалы, биз "Манас" жомогу дешибиз керек. Эл аралык термин колдонсок, "Манас" эпосу же "Манас" эпопеясы десек болот. Аны дастан деген туура эмес. Ирандыктарда жарым адабий, жарым фольклордук, мазмуну сүйүү жөнүндөгү чыгармаларды дастан деп айтышат.

Ичкилик кыргыздарда жомоктун архаикалык версиялары сакталып калган. Кара сөз түрүндө айтып, арасында кыскача ырлары болот.

Улуу Памирдеги Ванда жашаган кыргыздардан бир канча варианттарын, версияларын жазып алгам. Ошолордун баардыгы архаикалык версия, анын сюжети мифологияга жакын.

Манас деп айтылат, Семетей деп айтылат, Талас болсо кишинин аты, Талас деген жердин ордуна Чүй - Талаа деп колдонот. Ушундай айырмачылыктар бар. Анан көбүнчө фантастикалык күчтөр менен согушат, бул "Манастын" эң эски түрү.

Бул жерден ооган кыргыздарынын ыр менен айткан Манасын уга аласыз:

Сулайман Кайыпов: Ал эми Ала-Тоо кыргыздарында, айрыкча түндүк бөлүгүндө жашаган кыргыздарда чоң эпикалык чыгармага катары өнүгүп, дүйнөнүн эң чоң эпосуна жеткен.

Айрыкча манасчылардын Ысык-Көл мектеби, Нарын мектеби "Манасты" тарыхый баатырдык эпостун деңгээлине көтөрүп, анан дүйнөнүн эң чоң эпосу болушуна өздөрүнүн таланты менен алып келишкен.

Ал эми Алай, Мургаб, ооган кыргыздары өндөнгөн ичкилик кыргыздарда жомоктун архаикалык версиясы сакталып калган.

Кыргызстандын түштүгүнөн жазылган көп тексттер бар, ошолордун бардыгы кара сөз түрүндө он беттен, жыйырма беттен ашпаган "Манас" менен "Семетей" бар. "Сейтек" такыр жок.


Жаңыл Жусупжан: Андай жомокту кичинекей балдарга айтыш оңой болуш керек. Өзүңүз бул "Манастын" архаикалык байыркы түрү деп жатасыз. Венгерлер XIX кылымдагы эски ырларды жаздырып калышкан. Аны кийин композиторлор колдонуп, жаңыча өмүр берген. Ошол сыяктуу ичкилик кыргыздардын чыгармачылыгы Кыргызстандагы маданий чөйрөгө таасир эте алат деп ойлойсузбу?

Ичкилик кыргыздарда жомоктун архаикалык версия сакталып калган.
Сулайман Кайыпов: Ичкилик кыргыздардын чыгармачыгы изилденбей, жыйналбай калган. Себеби, биз комуз коштоосунда улам чертип коюп ырдаганды, акындык өнөрдүн негизи кылып алганбыз.

Ал эми ичкилик кыргыздар комузу жок ырдаган.

Ошолорду акын эмес дедик, ошону менен жүздөгөн акындарынын ырлары жазылбай калды.

Жүздөгөн акындары мен акын эмес экенмин деп өздөрү келбей койгон, келгендерин сен комуз черте албайт экенсиң деп биз айдап жибергенбиз. Ошону менен ичкиликтердин абдан кылдат поэзиясы жыйналбай, изилденбей калган.

Ооган кыргыздары, 1970-жж. Реми Дор/Науманндын сүрөтү. Памирде кыш узак, дүйнөнүн чатырында жашаган элде энелер кыштын узун түндөрү балдарына бакыркы жомокторду айтып беришкен.

Ооган кыргыздары, 1970-жж. Реми Дор/Науманндын сүрөтү. Памирде кыш узак, дүйнөнүн чатырында жашаган элде энелер кыштын узун түндөрү балдарына бакыркы жомокторду айтып беришкен.

Мен Ванда жашап жүргөндө Улуу Памир кыргыздарынын сүйүү ырлары менен жомокторун, кошокторун абдан көп жыйнадым.

Ошолорду угуп отурсаң, чындап эле лирикалык, адамдын ички сезимин чагылдырууда теңдеши жок чыгармалар бар.

Алар комуз чертпей туруп эле ырдай беришет. Комуз черте алышпаса дагы, колдоруна комузду алып, тырыктатып кичине чертимиш болуп, ырдаганда комуз аларга тоскоол болуп, алардын акындыгына зыян келтирген.

Алардын акындык салты комузу жок ырдаган жолунда өнүккөн. Биз аны түшүнбөстүк кылып, канчалаган миңдеген көркөм чыгармаларды жазып албай унуткарып жибергенбиз.

Исламдын келүүсү менен жөө жомокторду балдарга айтуу салты жок болгон. Жомок бул калп турбайбы, исламда калпты айткан болбойт турбайбы, хадистеги окуялар гана туура экен. Ал эми биздин айтып жаткан жомокторубуз жарымы төгүн, жарымы чындык. Ошондуктан булар калп турбайбы, калпты айтпаш керек дешкен.

Исламдын келүүсү менен жөө жомокторду балдарга айтуу салты жок болгон.
Абдан өнүккөн жөө жомок айтуу салтын кийинчерээк ислам жоюп жиберген.

Азыр жомок айтылбай калган, жомок айт десең жөн гана эстеп туруп айтып берет, бирок балдарга жомок айтуу салты жоюлган, калбай калган.

Жаңыл Жусупжан: Калп айткан чыныныда эле туура эмес. Анда жомок айтпай эле койбойлубу?

Сулайман Кайыпов: Жүрүп отуруп кийин ансыз деле жомок айтылбай калат. Телевизор бар, телепрограммалар бар, ошолорду көрүшөт. Ал эми жомокту айт деп айттырып сактап кала албайбыз. Эч качан сактай албайбыз, ал салт кетти, бүттү.

Жаңыл Жусупжан: Биз жомоктон айрылганда эмнени жоготтук же эмнени уттук?

Сулайман Кайыпов: Жомокту түздөн түз өзүбүздүн ата-энелерибизден же болбосо жандуу кишиден карап туруп, жаныбызда турган кишиден түздөн-түз маалымат алуунун ордуна, кайра сурап алуу мүмкүнчүлүгү бар салттан ажырап калдык. Азыркы убакта телевизорду карайбыз, ошол телевизордо сюжет кандай болсо, билгенин билип калабыз, билбегени кала берет.

Бул чоң жоготуу. Биз технологиянын өнүгүшү менен абдан жыргадык деп жатпайбызбы, ал эми чын-чынына келгенде, адамзат өзүнүн табигый, өзүнүн негизиндеги маданий касиеттерин аягына чейин жоготуп баратат, бул түбү жакшылыка алып барчу нерсе эмес.

Жаңыл Жусупжан: Жомокторду бабалардын мурасы деп койсок болот. Анткени чынчылдык, боорукерлик деген сыяктуу моралдык баалуулуктарды эненин сүтү менен кошо, жомок менен кошо кичинекей бала көкүрөгүнө сиңирген. Анан ички дүйнөсү, фантазиясы өнүккөн. Азыр ошонун ордун толтурган күч барбы?

Сулайман Кайыпов: Алардын ордун эч нерсе, эч кандай жаңы өнөр, искусство толтура албайт. Себеби, ал жомоктор миңдеген жылдар бою калыптанып келип, жаш муундарды, улууларды деле тарбиялап, жолго салып турган чоң эскертүүлөрү бар.

Кадимки азыркы мыйзамды окуган сыяктуу, ошол жомокту айтып, жомоктун аягындагы жыйынтыкты айтып койгондо, маселе ошого жараша чечилип калган.

Жомоктор турмуштук мыйзамдарыбызды көркөм түрдө чагылдырып, мындай жашагыла, андай болбойт деп бизге жол көрсөтүп турган компас.
Жомоктор, макал-лакаптар, элдик эпостор, булардын бардыгы биздин турмуштук мыйзамдарыбызды көркөм түрдө чагылдырып, мындай жашагыла, андай болбойт, бул мындай деп айтып койгон сөздөр, бизде жол көрсөтүп турган компас.

Азыр биз ошолордон ажырап башка ориентация, башка жолдор менен кетип, башка эрежелерге баш ийип жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Сизде "Тагдыр ушундай экен, жомок жоголду, эми эмне кыла алабыз, башка жашоо келди?" дегендей, пессимисттик көз караш бардай. "Азаттыкта" азыр "Жомоктор" деген аудио программа ачылды, андан көп кишилер жомокторду өздөрүнө көчүрүп алып, балдары менен чогуу угуп жатат. Жомокту ушинтип, окуу программаларына киргизип, окутуп, жандандырса мүмкүн эмеспи?

Сулайман Кайыпов: Кээ бир өлкөлөрдүн мектептеринде жомокчу деген штат ачып, жомок айттырып, балдарды окутуп жатышат. Мен пессимист эмесмин, тарыхтын өнүгүшү ошондой. Буга чейин тарых мындан бетер өзгөрүп келген, бирок калганы калып, иргелип, эң мыктылары сакталып келген. Азыркынын эң жаман жери - эч нерсесин карабай агын актай, көгүн көктөй шилеп салып жатканында турат.

Жомокту жандандырып, жомок айттырып, өзүбүздүн салтыбызды сактап калабыз деген утопия. Бирок ошону азыркы технологияны колдонуп, ошол аркылуу жомокторду айтса болот.

Мисалы, китептерди жазса болот. Мен “Жок жерден жомок жаралбайт” деген китеп жаздым. Азыркы кыргыздын бийликте тургандарына кырыгыз эл ооз эки чыгармачылыгында мурастар эмне дейт?

Жок жерден жомок жаралбайт, жомоктордо биз мурда кандай жашаганыбыз, азыр кандай жашап жатканыбыз, келечекте кандай жашашыбыз керек болгонун айтып койгон. Каймана түрдө айткан. Биз азыр жөн гана окуганда түшүнбөйбүз, түшүнбөй эле жомок деп айта берет. Жомок жөнүндө сөз кыла берет, бирок өзү жомок эмне экенин билбейт.

Биз мына ушундай шартка туш келип калганбыз. Ошондуктан башка элдер колдонуп жатышат, бирок андан деле көп корутунду чыгып кеткен жери жок. Бир пайдасы - баланын фантазиясы өнүгөт, мурдагы ата-бабасынын ой- жүгүртүүсүнөн кабардар болот, жалгыз эле ошол.

Калган анын толгон-токой башка таасирлеринин бардыгын толук бойдон жеткирүүгө мүмкүн эмес.

Жаңыл Жусупжан: Ичкилик кыргыздардын жоголуп бараткан жомокторун, ырларын сиз азыр ирээттеп, китептерди жазып жатасыз. Алар бизге качан жетет? Сиз жазып койсоңуз, сүрөтчүлөр сүрөт тартып, алардын негизинде көркөм тасма, мультфильм тартылышы мүмкүн.

Сулайман Кайыпов: Мен жүз жыйырма жомок жыйнагам. Ошол жүз жыйырма жомоктун ичинен эки жомоктун негизинде “Жок жерден жомок жаралбайт” деген китепти жаздым.

Сөздүн ачыгы, азыр эл китеп окубай калган. Мен ошол китепти керек болсо ушул жашымда ар бир сөзүн ойлонуп, толгонуп, кээ бир эпизоддорун жазып жатканда ыйлап отуруп жазгам, бирок бир киши окубайт. Мен мактанбай эле айтып коёюн киши окуй турган кылып жазам, бирок аны окуган киши жок.

Жаңыл Жусупжан: Сиз аларды чыгарсам деген оюңуз барбы, же колуңуз жетпей жатабы?

Сулайман Кайыпов: Он төрт том чыга турган элдик ооз эки чыгарма, төрт томдук этнографиялык материал, эки томдук тил боюнча материал жыйнагам. Бардыгы жыйырма китептик материал колумда бар.

Өмүр жетсе ошолордун бардыгын буйруса чыгарам. Мен аларды илимий түрдө чыгарам, чыгармачыл кишилер, жазуучулар ошолорго таянып, пайдаланып, өздөрүнүн мыкты адабий чыгармаларын жазышат.

Мен ошол казынаны буйруса бир күнү элге сунам.

Маалымат үчүн: Профессор Кайыпов буга чейин ооган кыргыздарынын ичкен-жеген тамак-ашы тууралуу үч китеп жазган.

УЛАНДЫСЫ БАР

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG