Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Жалал-Абадда “Акыйкат” гезити 25 жылдыгын белгилеп жатат


"Акыйкат" гезитинин айрым сандары
"Акыйкат" гезитинин айрым сандары

Жалал-Абад облустук “Акыйкат” коомдук-саясий гезити 25 жылдык майрамын белгилеп жатат. Ушул күндөрү калаада редакция уюштурган спорттук иш-чаралар жана башка жыйындар өтүүдө. Андан тышкары, элдин гезитке ишенимин жогорулатуу жана коомдун кызыгуусун арттыруу максатында окурмандар менен жолугушуулар уюштурулмакчы. 25 жылдык майрамга арналган расмий кече 25-октябрга белгиленген. Ага “Акыйкатта” мурда иштеп кеткен бардык кызматкерлер чакырылганын башкы редактор Арстанбек Якубов “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Акыйкат” гезити 1991-жылы негизделип, “Акыйкат жарчысы” деп аталган. Кийинчерээк “Акыйкат” болуп өзгөргөн. Аймактык гезиттер арасында эң алгач түстүү ыкмага өтүп, жума сайын токтобой чыгып келаткан басылма болуп саналат. Учурда анда жыйырмадай адам эмгектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG