Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Отунбаева саясий күчтөрдү коомдук диалогго чакырды


Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевди колдоо жыйынында.
Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевди колдоо жыйынында.

Экс-президент Роза Отунбаева кыргыз элине, парламентке, саясий жана жарандык коомчулукка кайрылып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин учактан түшө бериште күч колдонуу менен камакка алынышын сынга алды. “Бул көрүнүш өлкөдө бийликтин биротоло кубулуп кеткенин далилдейт. Камакка алуу фактысы гана эмес, андан кийин маалымат каражаттары аркылуу адамды болуп көрбөгөндөй каралоо - саясий куугунтук. Мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу күмөндүү күбөлөрдүн айткандары массалык түрдө тынымсыз таңууланууда. Бул ар бир жарандын күнөөсү далилденгенге чейин ал күнөөсүз деген мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдикти тануу. Бул анык саясий куугунтук”,- деп айтылган кайрылууда.

Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин эгемен Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошконун, кайсы бир учурларда өз өмүрүн тобокелге салуу менен үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы күрөшкөнүн белгилеп, коомчулуктун аны тезинен камактан бошотуу жана саясий репрессияларды токтотуу талабы адилеттүү экенин билдирген.

Мындан тышкары экс-президенттин кайрылуусунда “үстүбүздөгү жыл биз үчүн өзгөчө тарыхый жыл. Быйыл таза жана эркин шайлоо аркылуу өлкө башчы тандалууга тийиш, иштеп жаткан президент жаңы шайланган президентке экинчи жолу тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүсү абзел”, - деп айтылган.

Роза Отунбаева 2002-жылы Аксыда, 2010-жылы “Ала-Тоо” аянтында өмүрлөрү кыйылган жарандар өз өмүрлөрүн жаркын келечек үчүн, бакубат жашоо үчүн беришкен деп белгилеп, 2005-жылы мартта, 2010-жылы апрелде эл Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык башкаруусуна каршы күрөшкө чыккан, бийликти жеке ээлеп алууну, укуктук башаламандыкты, соттук өзүм билемдикти чечкиндүү түрдө четке каккан деп билдирген.

Экс-президент саясатчыларга, депутаттарга кайрылып, өлкөдө күч алып жаткан репрессияларды биргелешип токтотууга, мамлекетте кайрадан башаламандыкка жана укуктук өзүм билемдикке кайрууга жол бербөөгө чакырып, президенттик шайлоо алдында жарандык жоопкерчиликке, кыраакылыкка жана сабырдуулукка үндөгөн.

“Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалды талдоо, өз келечегибизди баамдоо максатында бардык саясий күчтөргө коомдук диалогдорду баштоо, кеңири саясий консультацияларды уюштуруу керек деп кайрылам. Биз жүздөгөн мекендештерибиздин өмүрү менен жетишилген укуктар менен эркиндиктерди коргоп калуубуз керек, келе жаткан шайлоого карата жалпы жарандык платформаны түзүүбүз зарыл”,- деп айтылат экс-президент Роза Отунбаеванын кайрылуусунда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG