Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

28-мартка карата аба ырайы


Бишкек
Бишкек

28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең 28-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, +15...+20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз +7...+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG