Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Атамбаев Түркияга аттанды


11-январда президент Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен жөнөп кетет. Бул жаңы шайланган кыргыз президентинин чет өлкөгө алгачкы расмий сапары.

Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы кезинде Түркияга бир катар сапарларды жасап, анын жүрүшүндө Бишкектин Анкарага болгон 51 млн. доллар карызын кечүү, эки өлкөнүн жарандарынын визасыз каттоосу боюнча жана башка келишимдерге жетишкен.

Түрк жетекчилиги менен Алмазбек Атамбаевдин жеке мамилесинин дурустугу эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да таасир этип жаткандай.

Ант берүү аземи, 1-декабрь, 2011-жыл
Ант берүү аземи, 1-декабрь, 2011-жыл
Өткөн жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземине түрк президенти Абдулла Гүл келген. Эми Алмазбек Атамбаев Анкарага расмий сапар менен аттанууда. Бул Алмазбек Атамбаевдин президент катары чет өлкөгө биринчи расмий сапары. Ал буга чейин Москвада болуп келди, бирок ал сапар КМШ, Евразия экономикалык шериктештигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмдарынын саммиттерине байланыштуу болгон эле.

Ал эми Түркияга сапар расмий экенин президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов да тастыктады:

"Бул расмий сапар. Бирок маалыматтын баарын эртең менен беребиз".

Талдоочулардын баамында, Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары эки максатты көздөшү мүмкүн. Биринчиси, бул жаңы шайланган президентти түрк тарап сый иретинде чакырган, ошого жараша сапар жасалууда.

Экинчиси, сапар учурунда Алмазбек Атамбаев Түркиядан инвестиция тартууну, сооданы көбөйтүүнү көздөшү күтүлөт.

Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун пикиринде, Түркиядан инвестиция келиши кыйын. Буга Кыргызстандагы саясий туруксуздук жана коррупция жолтоолук кылып келген жана абал азыр өзгөрүп кеткен жок. Ал эми эки өлкөнүн соодасы акыркы мезгилде басаңдап кеткен.

Алмазбек Атамбаевдин сапар учурунда Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продукцияларын экспорттоо маселеси көтөрүлөт дейт Мамбетжунус Абылов:

- Фасоль бар. Айыл чарбасындагы кургатылган жер-жемиштердин баары Түркияга чыгарылып келген. Кыргызстанга шарт түзүлө турган болсо, бул товарлар Түркияга чыгарылышы мүмкүн.

Мурдагы элчинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн жетекчилигинин ортосундагы дагы бир маселе бул “Ак кеме” мейманканасына байланыштуу. Түрк тарап кечилген 51 млн. доллар карыздын ордуна “Ак кеме” мейманканасын өткөрүп берүүнү сурап жатат. “Ак кеме” мейманканасы кайрадан соодага түшүп жатканын анын жетекчиси Руслан Сарымсаков өткөн жылы маалымат каражаттарына билдирген эле.

Геосаясий маселелер

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Алмазбек Атамбаевдин сапары учурунда экономикалык багытта кызматташуу, инвестиция тартуу маселеси негизгилерден болот.

Ошол эле учурда Түркия Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы Транзиттик борборго байланыштуу маселени чечүүгө аракеттениши күтүлөт дейт Марс Сариев:

- Кошмо Штаттар Түркия аркылуу Кыргызстандын позициясын өзгөртүүгө аракеттенип, ошого жол издейт. Ошон үчүн ушул маселелер да чечилет деп ойлойм. Себеби Батыштын кызыкчылыгы эмнеде? Ошол база калып, иштеп турушу керек. Бул үчүн Батыш Кыргызстанга инвестиция берет. Буга жол Түркия аркылуу болуп жатат.

Алмазбек Атамбаев "Манастагы" Транзиттик борбор боюнча келишим 2014-жылы аяктап, ошол мезгилге карай база чыгарылыш керектигин буга чейин бир нече ирет билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары төрт күнгө созулуп, түрк парламентинде сөз сүйлөшү, ишкерлер менен жолугушуусу белгиленүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG