Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Кыргыз президенти Түркиядагы бейрасмий сапары учурунда бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын курултайына да катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн чет өлкөлөрдөгү идеялаш, багытташ саясий күчтөр менен кызматташтыгы буга чейин эле боло жүргөн. Бирок кыргыз мамлекет башчысы чет өлкөлүк саясий партиянын жыйынына алгач ирет барышы мындай кадамдын артында эмне жатат жана бул канчалык жөндүү деген суроолорду жаратты.

Анкарада ушул дем алыш күндөрү болгон 4 – улук курултайын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же Түркиянын өзүндө аташкандай АК партия тарыхый иш-чара катары мүнөздөдү.

Анда партиянын алдыдагы он жылды, 2023-жылды мелжеген саясаты жарыяланды. 2023-жыл демекчи, анда Түркия республика болуп түзүлгөнүнө туура 100 жыл толот.

Египеттин лидери Мохаммед Морси жана Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган

Египеттин лидери Мохаммед Морси жана Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган

Курултайда ораторлук жөндөмүн ар тараптан көрсөтүп, бир саатча жалындуу сөз сүйлөгөн түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Түркияда аскерий төңкөрүштөрдүн доору артта калганына токтолуп, өлкөсү азыр мусулман дүйнөсүнүн башка мамлекеттери үчүн үлгү боло алат деп ырастады.

Курултайда башка чет өлкөлүк саясатчылар, атап айтканда Египеттин президенти Мохаммед Мурси, Ирактын күрд аймагынын лидери Масуд Барзани, Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас, палестиндердин исламчыл “Хамас” кыймылынын лидери Халид Машаал, Германиянын Социал-демократтар партиясынын мурдагы лидери, мурдагы канцлер, Түркиянын Евробиримдикке кошулуусун кызуу жактап жүргөн Герхард Шрөдөрдүн катарында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да болду.

АК партиянын интернет сайтында жарыяланган маалыматка караганда, курултайда сөз алган кыргыз президенти түрк өкмөтүнүн акыркы он жылда ишке ашырган экономикалык саясатын кубаттады.

Кыргыз президенти белгилегендей, “он жыл мурда Түркия насыя үчүн жүз миллион доллар таба албаса, азыр Эл аралык Валюта коруна 5 миллиард доллар насыя бере алат".

“Мен сиздерге Түркияны кубаттуу мамлекетке айлантуу ишиңерде чоң ийгилик каалайм”,- деген Атамбаев АК партиянын өкмөтү катары менен үч мөөнөттө жүргүзгөн реформалар Түркияны “күн тартибин жолдогон эмес, аны аныктаган өлкөгө айлантканына” токтолуп, сөзүн “жашасын Түркия, жашасын кыргыз-түрк” достугу” деген сөздөр менен аяктаган.


Биринчи учур

Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн чет өлкөлөрдөгү идеялаш, пикирлеш, багытташ саясий күчтөр менен кызматташуусу буга чейин кездешип жүргөн көрүнүш. Бирок Кыргызстандын мамлекет башчысы чет өлкөдөгү башкаруучу саясий күчтүн курултайына катышып, сөз сүйлөгөн учур биринчи ирет болуп отурат.

Мындан улам президенттин кадамы канчалык жөндүү жана туура деген суроолор чыгууда.

Ардагер дипломат Ишенбай Абдуразаков Кыргызстан “лайык” (секулярдык) өлкө экенин эске салып, “Азаттыкка” төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

- Эгер атайлап чакырган болсо, АК партиянын демилгеси менен чакырылса, ага барып койгон чеки деле иш эмес. Бирок ошондо айтылган сөздөр кандай болот? Мисалы, алар мусулман өлкөлөрүнө үлгүбүз деген сөздү айтса, бул алардын (Түркия лидерлеринин) өздөрүнүн ою. Менин оюмча, АК партиянын кийинки кездери дин жагына көбүрөөк ыктап бара жатканы бизге анча деле үлгү боло албайт деп ойлойм. Ошондуктан бул жерде абдан сак болуш керек. Албетте Түркиянын экономикалык жетишкендиктери жакшы, биз аны колдойбуз. Бирок өнүгүүнүн түпкү себептери эмнеде? Мунун баары бийликке АК партия келип калганында эмес, мунун түбү мурдараак төшөлгөн.

Ишенбай Абдуразаков Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүп, мындан аркы өнүгүшүндө деле ар өлкөнүн өзү үчүн ылайыктуу гана жактарын алуусу зарылдыгын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркияга кетээр алдындагы телеинтервьюсунда ал жакка жеке сапар менен эмгек өргүүсүнүн эсебинен бара жатканын, сапарынын себептеринин бири - Түркия убада кылган насыянын кечеңдеши экендигин айткан.

Саясат таануучу Уран Ботобеков “Азаттык” менен маегинде кыргыз президентинин Түркиядагы башкаруучу саясий күчтүн курултайына конок катары катышуусу күн мурунтан ачык-айкын айтылбаганына, бул маалыматты түрк маалымат каражаттары кабарлаганына көңүл буруп, Атамбаевдин мындай кадамында түрк лидерлери менен жеке мамилеси башкы ролду ойногонун белгиледи:

- Менимче, президент Алмазбек Атамбаевдин АК партиянын курултайына катышуусу лидерлер ортосундагы жеке мамиледен улам болуп отурат. Мисалы, түрк президенти Абдулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жакшы мамиледе экенин билебиз. Ал эми эки партиянын (Алмазбек Атамбаев мурда лидери болгон жана азыр бийликте турган Социал-демократиялык партия) көз караштары канчалык шайкеш деген маселеге келсек, биздин президент чыккан партия социал-демократиялык багытта. Ал эми АК партия болсо, Түркиянын бир буту Европада тургандыктан, өлкөсү Евробиримдикке кошулуусун жактайт. Экинчи буту менен болсо ислам дүйнөсүндө таасирин арттырууда. Андыктан Атамбаевдин курултайга барышы партиялар, лидерлер ортосундагы идеялык жакындык эмес, жеке мамилелердин таасири.
Албетте Түркиянын экономикалык жетишкендиктери жакшы, биз аны колдойбуз. Бирок өнүгүүнүн түпкү себептери эмнеде?

Түркиянын бийликтеги АК партиясынын тамыры өзү исламчыл саясий күчкө барып такалат.

Ал бийликке келгенден бери өлкөнүн секулярдык түзүлүшүн сактап келүүдө, бирок ошол эле учурда армиянын бийлигин бир топ кыскартты.

Ушул айдын башында эле сот үч жүздөй офицерди 2003-жылы өкмөттү кулатууга аракеттенген деген айып менен узак жылдарга түрмөгө кескен.

Армия Түркияда 1960-жылдардан бери үч ирет төңкөрүш жасап, 1997-жылы исламчыл өкмөттү бийликтен кетүүгө мажбурлаган.

АК партиянын ал 2001-жылы негизделгенден берки лидери, учурдагы премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылы президенттик шайлоого катышары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG