Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Түркиянын "кара тизмесине" кирген Азамат


Азамат Абдилжапаров
Азамат Абдилжапаров

Түркияда эки жылдан бери эмгектенип келген Азамат Абдилжапаров ал жактагы куугунтуктардын курмандыгы болуп калды.

Азамат Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин Кыргызстанга кайтып келип, бирок кайра барганда "кара тизмеде" экенин билип, өлкөгө кире албай калган. Азамат "Азаттыкка" Түркияда болуп жаткан куугунтуктар жөнүндө кеп куруп, алардын масштабы жөнүндө айтып берди.

"Азаттык": "Кара тизмеге" түшүп калганыңызды качан жана кандай жагдайда билдиңиз?

Азамат Абдилжапаров: Мен эки жыл мурда Түркияга баргам. Ал жакта эки жылдай жеке менчик клиникада иштедим. Мен иштеген оорукана дагы башка 35 клиника менен бирге Түркиядагы 15-июлда болгон окуяларга тиешеси бар деген жүйө менен жабылды.

Өзүм 15-июлдан кийин Кыргызстанга кайтып келейин деген оюм бар болчу. Ошентип 22-июлда мекениме кайтып келдим. Ал окуялардан кийин 22-июлда “өзгөчө кырдаал” жарыяланып мектептерди, клиникаларды жана университеттерди массалык түрдө жаба баштады.

Бийликке нааразы болуп демонстрацияга чыккандар. Түркия, 3-ноябрь, 2016-жыл
Бийликке нааразы болуп демонстрацияга чыккандар. Түркия, 3-ноябрь, 2016-жыл

Жабылып калган университеттерде иштеп жүргөн тааныштарым бар болчу. Алар кийин деле Түркияга каттап жүрүшкөн. Мен алардан “Түркияга барганда эч кандай маселе, кыйынчылык болгон жокпу” деп сурасам, алар баары жакшы экенин айтышкан. Алардын айтканына ишенип, чет өлкөлүк жарандарга көп деле таасири болбосо керек деген ой менен билетимди алып, ири фармацевтикалык жармаңкеге барып, "кара тизмеге" киргенимди аэропорттон билдим.

Кыргызстандык жарандарга Түркияда визасыз жүрүүгө 90 күнгө уруксат берилген. Бирок мага Бишкектеги түрк элчилигине барып, виза алыш керегимди айтышты.

"Азаттык": Демек "кара тизмеге" киргендер үчүн виза алыш шарт бекен?

Азамат Абдилжапаров: Ооба, виза алып кирсе болот экен. Бирок виза алыш үчүн да Түркиянын Ички иштер министрлигинин “ушул жаран виза алса болот” деген уруксатын алыш керек экен.

"Азаттык": Сиз Түркиядагы куугунтуктарды өз көзүңүз менен көргөн киши катары алардын масштабы жөнүндө айтып берсеңиз. Куугунтукка кабылгандарга коюлган айыптардын баары негиздүүбү же чын эле Түркия бийлиги аша чаап жатабы?

ИКУ "гүленчилер" боюнча Анкараны колдоду

ИКУ "гүленчилер" боюнча Анкараны колдоду

Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам кызматташтык уюму Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылын “террордук” деп тапканын билдирди.

Азамат Абдилжапаров: Бул тууралуу менде так фактылар жок, бирок куугунтуктоонун масштабдары аябай эле чоң. Азыр Түркиянын түрмөлөрү жалаң эле профессорлорго толуп калды. Көптөгөн түркиялык профессорлор учурда Европадан башпаанек алып, ошол жакта жүрүшөт. Азыр журналисттер, академиктер, мындайча айтканда бүт билимдүү адамдар куугунтукталып жатат. Диктаторлук бийлик илимдүү, билимдүү адамдардан арылып жатабы деген ой келет.

"Азаттык": Университет, мектептер жабылып жатканын түшүндүрүүгө болот, себеби алар идеологиялык жактан тарбия берүүчү институттар да. Ал эми клиника, ооруканалар жабылып жатканын кантип түшүнсө болот? Жөн гана бейтаптарды дарылоочу институттарды жабуунун артында кандай саясат болушу мүмкүн?

Азамат Абдилжапаров: Ооруканаларды жабуу маселеси 15-июлга чейин эле башталган. Бир мисал келтирейин. Бир оорукананы “силердин ооруканаңардын тез жардам бөлүмүнүн имараты туура эмес долбоор менен курулуптур” деген жүйө менен тез жардам бөлүмүн бузуп салышты. Экинчи күнү ошол эле ооруканага келип, “силердин ооруканаңардын тез жардам бөлүмү жок экен. Түркиянын мыйзамдарына ылайык оорукананын тез жардам бөлүмү болуш керек” деген шылтоо менен ал оорукананы жаап салышты.

Дүйнөлүк практикада согуш болуп жаткан учурда да ооруканалар иштей бериши керек экен. Ал эми Түркияда 35 клиника жабылды. Ал жактагы бейтаптарды эч ким ойлоп да койгон жок. Биз айла жок тааныш догдурларга сүйлөшүп, бейтаптарыбызды ошолорго табыштадык. Алар дарыланууну башка жактан улантууга мажбур болушту. Биздин клиниканы жапкан кезде полиция келип, буюмдарыбызды чогултканга 1-2 саат гана берди.

"Азаттык": Демек ошондой жабылган институттарда иштеген адамдар автоматтык түрдө "кара тизмеге" кирип калабы?

Азамат Абдилжапаров: Мүмкүн. Биз Түркиянын Социалдык фондунун тизмесиндебиз да. Фондго расмий түрдө каражат төлөнөт. Ал жактан адамдардын ысымдарын, паспорттук маалыматтарын алса болот. Ошол тизменин негизинде эле "кара тизмени" түзүп коюшкан окшойт. Мен университеттерде окуп жүрүп эле, "кара тизмеге" кирип калган учурларды уктум.

"Азаттык": Коюлган айыптар негизсиз экенин далилдеп, "кара тизмеден" чыгуу мүмкүнбү же бир кирип калсаң, кайра чыга албайсыңбы?

Азамат Абдилжапаров: Албетте мүмкүн. Бирок ал үчүн Түркиянын укуктук нормалары, системасы ордуна келиш керек. Мен сотко кайрылып, мени "кара тизмеге" киргизүү чечими негизсиз экенин далилдеген соң тизмеден чыгарат деп ойлойм.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG