Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Өкмөт орус туристтерин "азгырууга" киришти


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Орусия өз мекендештерин Түркияга эс алууга барбоого үгүттөп жаткандыктан, кыргыз бийлиги бул мүмкүнчүлүктү колдонуунун аракетин көрө баштады.

Кыргызстандын туризм департаменти орус туристтерин өлкөгө чакыруу ишин активдештирип, Орусиянын бийлигине расмий каттарды жөнөтө баштады. Адистер Анкара менен Москванын мамилесинин чыңалышынан Кыргызстанга орусиялык туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк ачылды десе, Орусиянын жарандары Түркия менен Египеттин ордуна Кыргызстанга келүүдөн күмөн санашат.

Бизге пайдалуу санкцияларбы?

24-ноябрдагы орус учагынын атып түшүрүлүшүнөн кийин Орусия Түркияга карай бир катар санкцияларды киргизди, анын бири туризм менен байланыштуу. Орус өкмөтү өз жарандарын Түркияга эс алууга барбоого үндөп, бардык туроператорлорго Түркияга жолдомо сатууга тыюу салды. Кийинки жылдан баштап, Орусия Түркиянын жарандарына виза режимин кайра киргизгени жатканы алакалар канчалык терең бузулганын айгинелөөдө.

Мындай абалды байкаган Кыргызстандын туризм департаменти орус жарандарын Кыргызстанга эс алууга чакыруу аракеттерин жандантты. Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Михаил Кимдин “Азаттыкка” билдиришинче, Орусия жана Казакстандын тийиштүү жетекчилерине кат жөнөтүлүп, Кыргызстанда эс алууну өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылууда. Кыргызстан учурда дээрлик бош турган санаторий, пансионаттарга чет өлкөлүктөрдү чакырып, аларга жакшы шарттарды сунуштоо аракетинде:

- Кырдаалды эске алып, эмгек жамааттар, жөнөкөй адамдар бизде эс алса болот деген маанидеги каттарды Орусияга жөнөтүп жатабыз. Ошол эле учурда өзүбүздүн санаторий, эс алуучу жайлар менен да сүйлөшүп, арзаныраак бааны сунуштагыла деп айтып жатабыз. Себеби азыр эс алып аткан кишилер аз.

Михаил Ким кошумчалагандай, аба жана темир жол каттамдарынын баасы да чет элдик эс алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн Транспорт министрлигин көмөктөшүүгө чакырууда.

Ысык-Көл - Анталия эмес

Орусиялык жарандар үчүн Кыргызстанда эс алуу ачылыш эмес. Маалында СССРдин курмында бирге болуп Ысык-Көл тууралуу кенен маалыматы бар орус жарандарына, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши кайрадан географияны жакындатты.

Туризм жаатындагы эксперт Ислам Байгараевдин айтуусунда, туризм жылдан жылга өнүгүп жаткан тармак болгондуктан, эс алуучуларды тейлөө жаатында Кыргызстан аксап жатат. Ошондуктан алгач шарттарды түзүп, андан соң туристтерге кол сунган оң болмок.

- Ооба, орустарды бизге жакындаштырган факторлор көп. Биз бир тилде сүйлөйбүз, маданиятыбыз деле окшошуп кетет. Бирок, бизде баалар жогору, тейлөө сапаты төмөн. Мындан улам бир келген турист ошо бойдон келбей коюушу мүмкүн. Мейманканаларыбыз даражаларга бөлүнгөн эмес. Булардын бардыгын алдын ала даярдасак жакшы болмок.

Статистика жылдан-жылга орус жарандары эс алууга Кыргызстанга көп келип жатканын көрсөтүүдө. Быйыл жайкы сезондо Орусиядан 60 миң жаран Ысык-Көлгө келип эс алып кетишкен. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп.

Ал эми Түркияга жылына 1,5 млн орус жараны эс алууга барса, дагы 1 миллиону Египетке эс алганы барышчу. Бирок 31-октябрда Египеттеги орус учагынын кыйрашынан, ноябрдын башынан баштап орус бийлиги Египетке да жарандык учууларга тыюу салган. Ушул факторлорду эске алган Кыргызстандын туризм департаменти, Орусиядан жоон топтогу эс алуучулар бизге да келе баштайт деп божомолдоодо.

Орустар бизге агылбайт

Деген менен кыргыз бийлиги орусиялык туристтерге үмүт артпай эле койсо болот дегендер четтен табылат. Кыргызстандын мурдагы экономика министри, белгилүү бизнесмен жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин айтуусунда, Орусия өзүнүн туризм секторун өнүктүрүү үчүн башка өлкөлөрдүн жолдорун бууп жатат.

- Орусиянын туристтери бизге келбейт. Орусиянын өзүндө жакшы эс алуучу жерлер бар. Мисалы, Крым азыркы учурда бош жатат. Ошондой эс алуу жайларын толтуруу максаты турат. Мындан башка орустардын Түркияда чоң кызыкчылыктары бар. Алар баары бир Түркияга бара беришет. Биз түрктөр сунуштаган эс алуунун бирин да бере албайбыз. Бизде баа кымбат, тейлөө начар, жол алыс, булардын бардыгын эске алганда орустардын агылып келиши мүмкүн эмес.

Орус жарандарын Кыргызстанга эс алууга чакырууга кыргыз өкмөтү да киришкени турат. Ушул жумада атайын туризм тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн жыйыны өткөрүү каралып жатканын туризм департаментинен билдиришти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык ушул жылдын 9 айында өлкөдө 1 млн. 156 миң турист катталса, анын 820 миңи жайында Ысык-Көлгө эс алууга келгендер. Эс алуучулардын 70 пайыздан ашыгы жергиликтүү жарандар.

XS
SM
MD
LG