Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Түркиянын туризм тажрыйбасы Кыргызстанга кызык


Стамбулдагы Ыйык София сарайына туристтер көп келет

Стамбулдагы Ыйык София сарайына туристтер көп келет

Жылына миллиондогон туристтерди кабыл алып жаткан Түркиянын туризмди өнүктүрүү тажрыйбасы Кыргызстанга көп жагынган өрнөк болору калетсиз. 23-мартта Бишкекте Кыргыз-түрк “Манас” университетинде Түркия менен Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү.

Бул Түркия менен Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча биринчи жолу болуп жаткан иш чара. Бул семинарга Түркиядагы турист уюмдар бирлигинин жетекчиси Шавхат Назир, Joy Tour саякат агенттигинин мүдүрү Гүрел Тулуй, Түркия саякат бирлигинин жетекчиси д-р Синан Калык жана Түркия Республикасынын маданият иштери боюнча кеңешчиси Нафис Шахин келип катышып, Түркиядагы туризмди өнүктүрүү тажрыйбасынан кеп салып беришти. Кыргызстандан Тур оператолор бирикмесинин башчысы Данияр Казаков баштаган ондогон туристтик мекеме-уюмдардын менеджерлери жана туризм кадрларын даярдаган жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты.

Семинарда Түркиянын туризм тармагынын өкүлдөрү окуган баяндамалар кыргызстандык туристтик компаниялардын ишкерлери жана туристтик кадрларды даярдаган окуу жайлардын өкүлдөрү үчүн кыйла кызыктуу болду.

Конокбаева Дамира, Бишкек Гуманитардык Университетинин туризм менеджменти кафедрасынын башчысы:

-Түркия тарап уюштурган семинарда туризмдин өнүгүшү өлкөдөгү саясий кырдаал менен түздөн түз байланыштуу экени, туризмди өнүктүрүүгө инвестиция жетишпей жатканын айттык. Андан сырткары туризм кадрлардын даярдоодо тажрыйбанын жетишпегендиги дагы сөз болду. Салыштырмалуу айтсак, Түркияда түризм жөнүндөгү мыйзам отуз жыл бою жазылып, азыр аябай бышкан сонун мыйзам болуптур. Кыргызстан эгемен өнүгүү жолуна түшкөнүнө болгону жыйырма жыл болду. Туризмдин Кыргызстанда өнүгүү келечеги чоң, аны өнүктүрүүгө шарт түзүү гана керек. Саясий чыңалган кырдаалдан улам туристтер азыр бизге коркуп көп келбей жатышат. Экинчден туристтик инфраструктурабыз жакшы өнүгө элек, тейлөө маданиятыбыз төмөн эл аралык стандарттарга жетише элекпиз. Мына ушул жагынан Түркия менен алыш-катышты күчөтүп, тажрыйбасын үйрөнүү биз үчүн абдан маанилүү.

Рыскулова Марина, Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясынын туризм кафедрасынын доценти:

- Түркиянын туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп баарлашуу биз үчүн кыйла эле кызыктуу болду. Эгер биз мурда Интернет жана ММК аркылуу маалымат алып келсек, бул сапар түркиялык туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен түздөн түз жолугуп ой-пикир алыштык. Ар бир өлкө өзүнүн географиялык, экономикалык, маданий, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап туризм концепциясын иштеп чыгат. Ошондуктан биз Түркиянын туризм концепциясын көз жумуп эле туураганыбыз болбойт. Бирок ошол эле учурда алардын туризмди өнүктүрүү жолундагы бай тажрыйбасынын алгылыктуу жактарын алышыбыз керек. Мен билим берүү тармагынын өкүлү катарында баса белгилеп айтып кете турган маселе - билим берүү менен бизнестин ортосунда диалог болуш керек. Бизнес структуралар студенттерге практика өтүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мына Түркияда бул жагы жакшы өнүккөн. Биздин Финансы академиясынын студенттери жыл сайын Кипрдеги Герн Университетине барып окуп дагы, практикадан дагы өтүп келип жатышат. Алар бир эле учурда туристтик сервис менен менеджменттин негиздерин окуп үйрөнүп келишүүдө. Биздин Кыргызстандын туристтик компаниялары ушундай мүмкүнчүлүк түзүп беришпейт.

Кыргызстанда чынында эле туризмди эл чарбасынын кирешелүү тармагына айлантуу үчүн толтура ресурстар бар. Өлкөнүн кооз жаратылышына, бийик тоолоруна дүйнөнүн көп өлкөлөрү кызыгат. Ысык-Көлдө эле жылына миллиондон ашык адам келип эс алат. Бирок туризмди өнүктүрүүгө тоскоолдуктар дагы толтура: саясий туруксуз кырдаал, инвестициянын аздыгы, туризм инфраструктурасынын өнүкпөгөндүгү, тейлөө маданиятынын төмөндүгү, заманбап кадрлардын жетишпегендиги. Мындай кыйынчылыкты учурунда Түркия Республикасы дагы баштан өткөргөн. Ошондуктан бул жагынан Түркиянын тажрыйбасын үйрөнүү кыргызстандык ишкерлер үчүн көп жагынан пайдалуу болмокчу.
XS
SM
MD
LG