Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Мамлекет ишкерлерди каржылык жактан колдоого алат


Бизнес-долбоорун ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан ишкерлерге мамлекеттик “Кепилдик фонду” жардам берет. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлоосу боюнча, аталган фонд ишкерлерге бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн банктан тиешелүү суммадагы каражатты алууга көмөктөшмөкчү.

Мамлекет менен ишкерлердин кызматташтыгы тууралуу 21-февралда экономика министринин орун басарлары Эльдар Абакиров, Данияр Иманалиев жана “Кепилдик фонд” мамлекеттик ишканасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров журналисттерге кенен маалымат беришмекчи.

Министрдин орун басары Эльдар Абакиров менен фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакировдун туугандык жайы жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG