Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

Түркия Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерин бекемдегиси келет. Бул тууралуу ЕККУнун Астанадагы саммитине катышкан Түркиянын президенти Абдулла Гүл билдирди.

Акыркы жылдары Батыштагы шериктештерге гана ыктаган бир тараптуу тышкы саясаттын кунаарсыз деңгээлинен чыгып, экономикалык өсүштүн да шарапаты менен, Чыгыштагы мусулман өлкөлөр жана Африка мамлекеттери менен экономикалык-саясий мамилелерин өнүктүрүп келаткан Түркия Борбор Азия өлкөлөрү менен көз жаздымда калып келаткан байланыштарын бекемдөөгө кызыкдар.

Түркия акыркы убакта экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан менен ансыз деле оң багытта өнүгүп келе жаткан мамилелерине өзгөчө маани артып, бул жөнүндө алгачкы жолу июндагы коогалаңдан кийин Бишкекке барган Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу билдирген эле.

Президент Абдулла Гүл ЕККУнун Астана саммитинде бул маселеге үн кошуп, өлкөсү Орусияны да кошуп алганда Борбор Азия өлкөлөрү менен ар тармакта карым катнаштарын жакшыртып, Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартуу планын даярдап жатканын билдирди.

- Бул жардамдар негизинен экономикалык жана каржылык колдоо багытында болот. Биз ошол эле кезде, түрдүү машыгуу программаларын ишке ашырып жатабыз.

Президент Гүл түрк тектүү калктарды бириктирген кызматташтык кеңеши – ТИКА Борбор Азиядагы боордош өлкөлөр менен мамилелерди өнүктүрүүнүн ишине чоң салым кошоорун белгиледи:

- Советтик доордо бул жумуруяттар менен ортодо дубал бар эле жана биз дүйнөнүн бул бурчундагы туугандарыбызга тиешелүү туйгу-түшүнчөлөрүбүздү жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бапестеп сактап келдик. Биз ар башка диалекттерди колдонсок да бирдей тилде сүйлөшөбүз жана бирдей маданият жана ишенимге ээбиз.

1950-жылдардын башынан тартып НАТОго мүчө болгон Түркия кансыз согуштун жылдарында батыштык алянстын түштүк-чыгыш канатында кароол милдетин аткарды. Ушундан улам анын тышкы саясаты, экономикасы, коомдук турмуш образы Батыштын таасиринде калды. Кансыз согуш соңуна чыгып, СССР ыдырагандан кийинки алгачкы жылдарда, өзгөчө маркум президент Тургут Өзалдын доорунда Борбор Азия өлколөрү менен мамилелерде бир топ кадамдар ташталганы менен, Түркиянын өз экономикалык проблемалары ал кадамдардын андан ары талпынып басып кетүүсүнө жол берген жок.

Соңку жылдары экономикасы калыбына келип, дүйнөлүк каржы кризисинен көп жапа тартпаган Түркия адегенде Орусия жана Иран, Сирия, Ирак өңдүү өлкөлөр менен мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыкты.

Акыркы 20 жылда Түркия өзгөчө Кыргызстан менен байланышын бекемдеп, эки ортодогу мамилелер өзгөчө жакын болду. Муну түрк жетекчилердин, президент Гүлдүн Борбор Азия дегенде эле сөздү Кыргызстандан баштамай адаты тастыктап тургансыйт.

Түркиянын тышкы саясатындагы бул жаңы багыттар анын Батыштагы шериктештеринин нааразылыгына себепкер болду. “Түркия Батышка далысын салып, багытын Чыгышка буруп жатат” деген жоромол ойлор көп айтыла баштады.

Иш жүзүндө 50 жылдан бери Евробиримдиктин босогосунда күтө берип тажаганы менен Түркия биримдикке мүчө болуу мүдөөсүнөн үмүтүн үзө элек. Президент Абдулла Гүл ЕККУнун Астанадагы саммитинде муну дагы бир жолу белгилеп, Түркия үчүн Евробиримдикке кирүү артыкчылык бойдон кала берерин жана Түркия Европаны энергетика менен камсыз кылууда башкы роль ойноорун айтты. Бирок ошол эле учурда Абдулла Гүл Түркия мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр менен да мамилелерин үзбөй турганын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG