Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Түркмөн студенттери Бишкекке келе албай жатат


Студенттер, Бишкек
Студенттер, Бишкек

Түркмөнстан менен Кыргызстан өкмөтүнүн август айындагы макулдашууларына карабай түркмөн студенттери Бишкекке окууга жөнөтүлгөн жок.

Сентябрдан тарта Кыргызстанда сабагын уланта албай калган ондогон түркмөн жаштарынын окуусу эмне болору белгисиз.

Адистер Ашхабаддын студенттерди жөнөтүүдөн коркуп жатканын саясий себептер менен байланыштырууда.

Борбор Азиядагы Америка университетине быйыл Түркмөнстандан үч студент келмек. Алар өткөн жылы окуу жайга тапшырууга даярданып, экзамендерин ийгиликтүү тапшыргандан кийин, Ашхабадга кетишкен. Бирок сентябрда алардын бирөө гана сабакка келди.

Окуу жайдын маалымат боюнча адиси Дина Орозбаева буларга токтолду:

- Окууга келген түркмөн студенти Орусиянын жарандыгын алганы үчүн гана чек арадан кое беришкен. Ал эми берки эки кыз Түркмөнстандын жараны болгону үчүн бул жакка жөнөтпөй коюшуптур. “Чынында булар силердин студентиңерби?” деп атайын тастыктама сураган экен, биздикилер берип жиберишиптир. Бирок ошого карабай жибербей коюшканына эч түшүнбөй жатабыз.

2010-жылы ушул эле Борбор Азиядагы Америка университетинде 50-60тай Түркмөнстандын студенти билим алчу. Ошол жылкы саясий окуялардан улам ал студенттердин дээрлик баары Кыргызстанга келүүгө уруксат албай калган.

Ошол эле маалда Кыргызстандын Эл аралык университетинде (МУК) окуган түркмөн студенттери да Бишкекке келе албай калышты. Бул окуу жайда 2010-жылга чейин 200 студент окуса, азыр онго жетпеген түркмөн жаштары калган.

Бишкек шаарындагы Заманбап маалыматтар технологиясы институтунда (ИСИТО) дагы буга чейин 70ке жакын түркмөнстандык студент окуса, азыр алардын бири да калган эмес.

-Түркмөн студенттери келбей калгандан биз зыян тартып аткан жокпуз, бирок алар үчүн кабатыр болуп атабыз. Анын бирөөсү окууну аяктаганы жаткан, бирөөсү эми биринчи курска отурган эле. Негизи бул маселени мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде чечүү керек окшойт. Анткени Түркмөнстандан бизге келип окугусу келген жүздөгөн студенттер бар, - деди Борбор Азиядагы Америка университетинин маалымат боюнча адиси Дина Орозбаева.

Мамлекет жетекчиликтеринин деңгээлиндеги келишим демекчи, август айынын башында Бишкекке иш сапар менен келген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз бийликтери менен бир катар келишимдерге жетишкендей болгон. Бирок андан деле жыйынтык болбой жатканын адистер белгилешет.

Бишкек шаарындагы Заманбап маалыматтар технологиясы институтунун өкүлү Татьяна Балтиева habartm.org түркмөн сайтына буларды билдирген:

- Биз түркмөн студенттеринин менталитетин эске алып, курстарда аларга ылайыктуу дициплина киргизген болчубуз. Анын натыйжасында бизден билим алган менен Түркмөнстанда каалагандай иштей берүүгө билимдери чак келмек. Бирок түркмөн бийликтери кыргызстандык окуу жайлардын дипломдорун өз өлкөсүндө кабыл албай, жараксыз кылып коюшат экен. Менимче, ал жактан жаштар бизге ушундан улам да келбей коюшту окшойт. Акыркы өкмөттүк деңгээлдеги келишимдерде билим берүү боюнча макулдашуу планы барбы же жокпу, бизге министрликтен эч ким айткан жок.

Түркмөнстандын оппозициялык саясатчысы, түркмөн парламентинин мурдагы депутаты Халмурат Сүйүнов бийликтер студенттерди сыртка чыгарбай жатканынын негизги себебин саясаттан көрөт:

- Мурдагы президент Ниязовдун тушунда Түркмөнстанда билим берүү аябай төмөндөп кеткен. Ошол себептүү, ата-энелер балдарын Орусия, Украина, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүүгө кызыкдар болгон. Советтик мезгилден кийин Кыргызстанда билим берүү Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу жакшы өнүккөндүктөн, экинчиден, кыргыз маданияты бизге жакын болгону үчүн Кыргызстанга окугусу келген түркмөн студенттери көбөйгөн. Анан Кыргызстанда эки жолу революция болуп, адам уктарын сыйлоодо алдыга жылуу баштаганда, түркмөн бийлиги демократияны "жугузуп" алуудан коркту. Бишкекте окуган студенттер ал жактан билимдүү болуп келип алып, Түркмөнстанда укуктарын талап кыла баштарынан мурдагы президент дагы корккон, азыркы президент дагы коркуп жатат. Болбосо студенттерди Кыргызстанга жөнөтпөй коюуга мындан башка себеп көрө албай турам.

Түркмөн саясатчысы Сүйүновдун айтымында, азыр Түркмөнстанда мектепти бүткөн миң окуучунун ашып кетсе 10-15и гана чет жакка чыгууга уруксат алат:

-Түркмөнстандын чиновниктеринин, укук коргоо органдарынын жана бийликке кызмат кылган бир ууч адамдардын эле балдары чет өлкөлөргө окуганы барат. Катардагы жарандардын балдарын сыртка чыгарууга тыюу салса, экинчиден жарды катмардын чөнтөгү жука, анткени өлкөдө жакшы айлык жок да. Түркмөн бийлиги "караңгы элди башкаруу оңой" деген принципти кармангандай.

Кыргызстанда билим алууга тыюу салуусун Түркмөнстан 2009-жылы баштаган. Анда кеминде 200дөн ашык түркмөн студенти жайкы каникулдан кийин Бишкекке келе албай калган. 2010-жылы АКШ менен Түркмөнстан Борбор Азиядагы Америка университетинде студенттердин окуусун улантуу тууралуу макулдашкан. Бирок Ашхабад өз жаштарын Кыргызстанда эмес, Болгариядагы жана Санкт-Петербургдагы Америка окуу жайларына окутуу талабын койгон.

2010-жылга чейин Кыргызстанда жалпы 5 миңдей түркмөн студенти билим алчу. Алардын дээрлик баары Кыргызстанга кайткан жок.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG