Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

Ал өзүн дагы эле Кыргызстандын акыйкатчысы деп эсептейт жана парламент аны кызматтан четтеткен документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды.

Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин токтомунда Азиз Батукаевди абактан чыгарууга ал катышкан деген беренени жана аны кызматынан бошотуу боюнча парламенттин чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек район аралык сотуна кайрылды.

Анын айтымында, Батукаевди бошотууга анын тиешеси жок жана Жогорку Кеңеш ал эс-учун жоготуп ооруканага жаткырылганда кызматтан бошоткону мыйзамдуу эмес, ошо үчүн ал дагы эле Кыргызстандын акыйкатчысы деп саналат.

- 2013-жылы 23-январда беш жылга шайлангам, 2018-жылдын 14-февралына чейин акыйкатчымын. Омбудсменди ишинен кетирип коюу оңой иш эмес. Ошон үчүн 27-июндан бери мен өзүмдү акыйкатчы катары эсептеп, убактым болгондо жумушка чыгып атам. Акыркы эки күндөн бери жумушка чыгып жүрөм жана кетпейм.

Акун ал токтомдорду жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылгандыктан, парламент анын ордуна конкурс жарыялоого укугу жок деп, аны токтотууга үндөдү. Ошол эле учурда Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунда мурункудай эле иштеп, жамаатты башкарып атканын, бирок токтомго баш ийип маяна албай, расмий документациядан четтегенин айтты.

Бирок акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошев Акундун жумушка келип атканы мыйзамсыз экенин, жаңы омбудсмен дайындалганга чейин Институтту убактылуу ал жетектеп атканын белгиледи.

- Ал келип, өзүнүн эски кабинетинде отурат. Биз бул мүмкүн эмес экенин айттык, ал реакция кылган жок. Биз мурункудай эле жыйындарды өткөрүп, тапшырмаларды берип, ишти аткарып жатабыз. Турсунбек Акун аларга катышкан жок. Ал жумуштан кеткенден кийин кантип катышат? Укугу жок. Азырынча жөн койдук, анткени аны сүйрөп чыгарсак туура болбойт го. Түшүнгөн адам өзү жамаатты топтоп, ырахматын айтып, коштошуп чыгып кетиш керек эле да.

Бул маселе боюнча мыйзамдарды жана токтомдорду карап чыккан Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун директорунун орун басары, юрист Айзада Марат кызы Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду ордунан четтетүү боюнча бардык эрежелерди сактаганын, укуктук жактан ал акыйкатчы эмес экенин айтты.

Юрист Айзада Марат кызы Акун сотко кайрылууга укуктуу экенин, эгер сот парламенттин токтомдорун жокко чыгарса, ал мыйзам боюнча иш ордуна кайтарылыш керектигин айтты.

- Иштен четтетилген акыйкатчы чечимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылуу жагы мыйзамда каралган эмес. Ал жакта болгону бир айдын ичинде сынак жарыяланып, өткөрүлүш керек деп эле жазылган. Бирок эгер сот Турсунбек Акундун жүйөлөрүнө макул болуп, парламенттин токтомдорун жокко чыгарса, анда сынактын жыйынтыгын негизсиз деп, Акун кызматына кайтууга укуктуу болот.

Ал ортодо 11 адам акыйкатчынын ордуна талапкерлигин көрсөтүп, Жогорку Кеңешке кайрылды. Алардын арасында адам укуктары тармагында иштеген Рита Карасартова жана Нурбек Токтакунов, саясатчы Нурлан Мотуев, депутат Асия Сасыкбаева жана башка адамдар бар.

"Арыздар 15-августка чейин кабыл алынат, андан кийин кандидаттарды депутаттар фракцияларда жана комитетте карап, сентябрь айындагы парламенттик жыйында омбудсменди аныктайт", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов.

- Акыйкатчыга талапкер адамдын укугун коргогон, ушул чөйрөдө аралашып жүргөн адам болуш керек. Бизге бир эле улуттун эмес, Кыргызстандагы бардык улуттун укугун коргогон киши керек. Анан жөн эле киши келип, “мен укук коргоочу, омбудсмен болом” десе эле депутаттар аны шайлайт дегенге көзүм жетпейт.

Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун башына 2008-жылы келген. Ушул жылдын январь айында Жогорку Кеңеш анын иш мөөнөтүн кайра беш жылга узарткан, бирок кийин анын Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотууга тиешеси бар деп, 27-июнда кызматтан бошоткон. Бул чечимди жокко чыгаруу боюнча соттун алгачкы отуруму 16-августка дайындалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG