Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Парламенттеги башкаруучу коалицияны түзүү маселеси тууралуу Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Коалиция түзүү милдети жүктөлгөн социал-демократтар башынан эле “Республика” менен биригүү ниетин билдирип келаткан. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин “Ата Мекен” партиясына кечээ парламент төрагалыгын сунуштаган экенсиздер. “Ата Мекендин” өкүлдөрү башынан эле спикерликти сурашарын айтып келатышкан. Алардын сунушуна баары бир көнө турган болгондон кийин ушунча созуштун керекги бар беле?

Чыныбай Турсунбеков: Эми ачыгын айтыш керек, мен бул боюнча сиздерге да, башкаларга да айттым эле. Негизи биздин КСДПнын жалпы мүчөлөрүнүн пикири - Ө.Текебаевдин төрага болушуна макул. Баарыбыз тең макулбуз деп башынан эле айтып келгенбиз. Алардын талаптарынын баарын кабыл алганбыз. Ошондуктан КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок деп айтып келгенбиз. Биз ошол эле пикирде турабыз. Мына биз бир нерсени айтып келатканбыз, “Республика” партиясы Ө.Текебаевдин төрагалыгына макул болбой атат деп. Кечээ “Республика” партиясы бул боюнча өзүнүн макулдугун билдирди. Азыр болсо бир гана нерсе калды, ал – “Ата Мекендин” жообу.

Айтор буга чейинки пикир келишпестиктерден бир эле нерсе калган, ал дагы кечээ чечилди десек болот. Ошондуктан элге дагы бир жолу түшүндүрүп айтып коёлу, башынан эле айтып келаткан башкы вариант болгон ушул үч партиянын биригүүсү калып атат.

“Азаттык”: Жакында эле “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Ар-намыстын” төрагасы Феликс Кулов менен Алматыга барып келди. Ф.Кулов да соңку кездери “Ата Мекен” менен иштешүү жеңил болорун айтып калды. Сиздер, эгер кезек “Ата Мекенге” өтүп кетсе алар “Ата Журт”, “Ар-намыс” болуп биригип кетет деген чочулоодон улам кечээ шашылыш макул болуп ийген жоксуздарбы?

Ч.Турсунбеков: Мен дагы бир жолу айтып коёюн, негизи биз башынан эле бул позиция боюнча бекем болчубуз. Бир гана “Республика” макулдугун бербей келген. Алар көндү.

Эгер кокустан “Ата Мекен” партиясы макулдугун бербесе, алар сиз айткан вариант боюнча “Ар-намыс” менен “Ата Журтту” тандай турган болушса, ал алардын укугу. Анда биз парламентте өзүбүздүн тиешелүү ордубуз бар, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ошолор боюнча иштей беребиз, бул жерде биз үчүн трагедия боло турган эч нерсе жок. Бул маселе боюнча, менимче, эң чоң тоскоолдуктарды өттүк.

Бир гана нерсе, эгерде чындап эле “Ата Мекен” партиясынын эл алдында айтып келгендери чын жүрөктөн айтылган болсо, анда алар бүгүнкү саат ондо өтчү жыйында алар туура чечим кабыл алат деп ойлойм. Анткени алардын бардык талаптары аткарылды. Биз тараптан мурда эле аткарылган, азыр “Республика” да макул болду. Бул жерде демек карама-каршылык болушу мүмкүн эмес.

Анын үстүнө биз башынан эле айтып келатабыз. “Ата Мекен” менен КСДПнын көз карашы жана идеялары жакын, тарыхы окшош. Андыктан бул эки партия тарых алдындагы өз миссияларын аткарууда, чогуу иштешкенге жеңил болот деп ойлойм.

“Азаттык”: КСДПга коалиция түзүү үчүн берилген мөөнөт карып баратат. Эгерде “Ата Мекен” силерге кошулуудан баш тарса кандай аракеттерди көрөсүздөр? Андай учурда коалиция түзүүгө жетише аласыздарбы жана кандай комбинация болушу мүмкүн?

Ч.Турсунбеков: Эми, албетте ар кандай жолдор бар. Маселен бизге императивдик укуктарынан пайдаланып добуш беребиз дегендер бар. Андайлар “Ата Мекенден”, “Ар-намыстан”, “Ата Журттан” да бар. Биз силер менен ганабыз дегендер бар. Менимче такыр эле болбой баратса бул вариант да каралышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ал эми “Ата Журт” фракция менен сүйлөшүүлөр кандай болуп атат. Аларга коалиция боюнча ырасмий кайрылуу бара элек экен...

Ч.Турсунбеков: “Ата Журт” партиясы менен биздин лидер барып сүйлөшүп, бул сүйлөшүүнүн натыйжасында кандайдыр бир ойго келип атабыз. Эми аны эл деле түшүнүп калды го. Негизи “Ата Журт” партиясында ич ара ыйкы-тыйкылар көп болуп атат. Ал партия ичинде 2-3 топ бар экенин көпчүлүк жакшы билип калды. Ошол себептүү алардын бир пикирге келиши кыйын го деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG