Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Оторбаев: Каналдардын алмашуусунан саясат издөөнүн кереги жок


Коомдук телеканал 7-февралдан бери 11-канал аркылуу обого чыгарыла баштады. Бул каналдан буга чейин Орусиянын ОРТ каналы кыргызстандыктарга көрсөтүлүп келген. Бул өз кезегинде айрым орус тилдүү адамдардын жана Кыргызстандагы орус элчилигинин тынчсыздануусун жаратты.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев мындай тынчсыздануу жүйөсүз деген пикирин “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- КТРК менен ОРТнын каналдары алмаштырылуусуна эмне себеп болду?

- Биринчиден, 11-канал менен 1-каналдын ордун алмаштыруунун эң башкы максаты – көрсөтүүнүн сапатын техникалык жактан арттыруу болду. Мындай каалоо-тилекти көрүүчүлөр көп жылдардан бери эле Коомдук телеканалдын жетекчилигине айтып келе жаткан, бул маалыматтар президент Роза Отунбаевага да жеткен болчу.

Ушул маселени чечип берүү жолдорун биз “Кыргызтелеком” ишканасынын алдындагы РПО РМТР ишканасына жолдогонбуз. Бул ишкана Кыргызстандагы телеканалдардын, радиокомпаниялардын сигналдарын, берүүлөрүн таратууга жооптуу.

Белгилеп койсом, биздин компания сигналдарды өз алдынча тарата албайт. Ал эми ошол РПО РМТР ишканасы бизге кат аркылуу Орусиянын 1-каналы (ОРТ) менен Кыргызстандын 1-каналынын ордун алмаштырсак, ошондо Бишкек жана Чүй облусунун аймагында көрсөтүүлөрдүн техникалык жактан көрүмдүүлүгү артат, сапаты жакшырат деп айтып, сунуш кылышты.

Мындан Орусиянын 1-каналынын да техникалык сапаты жакшырат деген пикирди ошол ишкананын жетекчилиги билдирген. Биз ошол максатта гана ага макулдугубузду бергенбиз. 7-февралдан саат 7:00дөн тартып каналдар ордун алмаштырды. Ошондон кийин Чүй, Бишкек аймактарынан биздин көрүүчүлөр телефон чалып, кат, СМС аркылуу ыраазычылыктарын билдирип жатышат.

- Бирок кечээ Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги буга байланыштуу билдирүү таратып, "мындай кадам эки өлкөнүн кызматташуусуна кедергисин тийгизип калышы ыктымал" деп айтып чыкты. Сиз бул боюнча кандай пикир айта аласыз?

- Бул өз алдымча эле кабыл алган чечимим эмес. Ага чейин да биз бул маселени “Кыргызтелеком” ишканасынын алдындагы РПО РМТР ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшкөнбүз, мындан тышкары өкмөттүн алдындагы мамлекеттик байланыш агенттиги да бул маселени билет.

Андан тышкары биз өзүбүздүн Коомдук телеканал аркылуу көрүүчүлөргө алдын ала каналдар алмашары тууралуу эскертип, маалыматтарды бергенбиз. Бул жерден эч кандай саясий себептерди издөөнүн кереги жок. Орусия биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири, кыйын учурларда дайыма бирге болгонбуз.

Айрым талдоочулар элчиликтин билдирүүсүн Орусиянын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары да баалап атышат, муну биз алардын талдоосуна койолу.

Эң негизгиси, ошол Орусиянын 1-каналын кыргызстандык көрүүчүлөргө таратуу үчүн жыл сайын Коомдук 1-каналдын бюджетине кошулат. Өткөн жылы ал сигналдарды таратуу үчүн 50 миллион сом кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Орусиянын 1-каналынын сигналдарын Кыргызстандын аймагында таратуу үчүн кетти, муну да айтып коюшубуз керек.

Экинчиден, Кыргызстандагы жыштыктар, каналдар бул – Кыргызстандын байлыгы, булар деле жер, суу сыяктуу эле элдин, мамлекеттин байлыгы болуп эсептелет. Албетте ал 11-канал да, 1-канал да мамлекеттик байлык, мамлекеттик менчик болуп эсептелет.

- Коомдук телеканалды 1-каналга алып чыгууну айрым талдоочулар Кыргызстандын маалымат коопсуздугун коргоо чарасы катары да баалап жатышат. Бирок ошол эле учурда Талас, Чүйдө Казакстандын, түштүктө Өзбекстан менен Тажикстандын телеканалдары кенен-кесири, каалагандай маалымат таратып атышат. Ушундан улам минтип канал талашуудан көрө, КТРКнын мазмунун арттырып, жакшыртып күрөшүү жакшы болмок деген ой туулат?

- Андай бааласа да болот, ушул тапта жаңы долбоорлорду киргизип, контентти жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бирок жыштык, каналдар боюнча айтканда, сизге эскертип койсом, Кыргызстанда канча телеканал бар, ошолордун көбү аркылуу башка эле мамлекеттердин телеканалдары обого чыгып жатат. Мисалы, жакындан бери Кытайдын Си-Си ТВ деген каналы чыгып атат, Кыргызстандын аймагында Кыргызстандын байлыгы болгон жыштыгынын эсебинен. Ошол эле учурда Казакстандын бир-эки каналы, Орусиянын ОРТ, РТР деген каналдары Кыргызстандын аймагында сигналдарын кенен таратып жатышат. Ал эми түштүктөгү Өзбекстандын телеканалдарынын таасирин айтпай эле койсом. Ошондуктан бул жерде маалымат коопсуздугу маселеси деле бар, аны да эске алыш керек.

- Мына ошол коңшу же башка мамлекеттердин теле-радио маалымат каражаттары экспансия кылып жаткан аймактарга, өзгөчө чек арадагы айыл-кыштактарга Коомдук телеканалдын техникалык көрүмдүүлүгүн арттырып, ал жактарга жеткирүү маселеси жакын арада чечилиши мүмкүнбү? Анткени ошол эле Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш жайгашкан айылдарында Коомдук телеканал дээрлик такыр көрсөтпөйт.

- Бул маселе жакын арада чечилет деп мен айта албайм. Бул суроону ошол телерадиокомпаниялардын сигналдарын таратууга жооптуу болгон РПО РМТР ишканасына бергениңиздер оң.

Эң негизгиси – РПО РМТР ишканасы “Кыргызтелеком” ишканасынын алдында, жакында “Кыргызтелеком” ишканасы менчиктештирилет деген маалыматтар айтылып атат. Эгерде “Кыргызтелеком” ишканасы менчикке бериле турган болсо, анын курамындагы РПО РМТР ишканасы кошо менчиктештирилип кетпеши керек. Аны “Кыргызтелекомдун” курамынан бөлүп чыгып, өзгөчө макам берип, атайын мамлекеттик ишкана кылуу керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG